Бишкектеги «Ош базарында» 30-январь күнү эртең мененки саат 9дар чамасында өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, өрт 1 соода күркөсүнөн чыгып, базардын башка бөлүгүнө жайылып кеткен. Болжолдуу түрдө 3500 чарчы метр аянт күйүп, 118 соода күркөсү зыянга учураган. Өрттү 12 өрт өчүрүүчү унаа 9 сааттан ашык убакытта толук өчүрүп бүттү. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана ал келтирген чыгым такталууда.
Чыгымга учураган соодагерлер кредитке алынган акчага соода-сатык кылып жатышканын, базардагы орундарды ижарага иштетип келгенин айтып, өкмөттөн жана «Ош базарынын» жетекчилигинен жардам сурашууда. Базарда иштегендердин айтымында, акыркы учурдагы суукка байланыштуу соода күркөлөрүн электр мештери менен жылытуу күчөгөн. Өрттүн келип чыгышына жылытуучу жабдуулар себеп болушу мүмкүн деген жоромол айтылып жатат. Өрттөн жабыр тарткан соодагерлер тийиштүү мамлекеттик органдар «Ош базарын» өрт коопсуздугу боюнча көптөн бери текшерүүгө албаганын айтышууда. Ал эми базардагы өрттөнгөн "Сейтек" кичи базарынын жетекчилиги коопсуздук талаптары аткарылып келгенин билдирди. Бишкек мэриясы базарлардагы коопсуздукту Мамлекеттик экотехинспекциясы текшерип, жетекчилигине тапшырма бериши керектигин айтты. "Сейтек" кичи базарынын ээси Чолпон Тойчубекова деген жаран экени айтылууда.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg