Президент Сооронбай Жээнбеков 1-февралда расмий иш сапары менен Тажикстанга барды. Өлкө башчыны Дүйшөмбү аэропортунан Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзаде тосуп алды. Ушул эле күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен расмий жолугушуусу башталды. 2 күндүк сапарда тар жана кеңейтилген форматта эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп, аягында өлкө башчылары маалымат жыйын беришмекчи.
Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жээнбековду 12 адам коштоп барган. Иш сапар алкагында эки тараптуу кызматташуунун келечеги жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси каралмакчы. Ошондой эле бир нече документке кол коюлуусу күтүлүүдө. Мындан сырткары Жээнбеков Тажикстандын премьер-министри жана парламент төрагасы менен жолугушмакчы. Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 987 чакырымынын 519 чакырым тилкеси аныкталган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg