№47-колонияда 8 жылга соттолгон Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Текебаев отурган камеранын ичине да, тышына да видеокамера орнотулду. Мындай кабар маалымат айдыңында пайда болуп, кийинчерээк Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы «чын эле коюлду» деп моюндады. «Мыйзамга ылайык, түрмөнүн администрациясы соттолуучулар отурган жайга видеобайкоо орнотууга укуктуу. Бул үчүн камактагы жарандын жазуу жүзүндө макулдугу керек. Текебаевдин камерасына видеобайкоо анын коопсуздугу үчүн коюлду. Ал макулдук берди»,- деп маалымдады ЖАМК. Маалыматка караганда, видеобайкоо онлайн режимде ЖАМКнын борбордук аппаратына көрсөтүлүп турат.
Бирок «Ата Мекен» партиясынын юристтери Текебаев видеобайкоону камеранын сыртына коюуга макул болгондугун айтышууда. Ал эми камеранын ичине да видеокамеранын коюлушун «ата мекенчилер» лидерине көрсөтүлүп жаткан басым катары баалашып, Текебаев бул ишке каршы экенин айтып чыгышты. Коомчулукта Текебаев түрмөдө отурганына карабай эркиндиктеги кимдир бирөөлөргө тынчтык бербей жатабы деген суроолор пайда болду.
Эске салсак, Текебаев «Мегакомду» сатып алууга көмөктөшмөкчү болуп орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алган» деп айыпталып, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Кийин мунапыска ылайык, жаза мөөнөтү 4,5 жылга кыскартылган. Учурда Бишкектеги №47 түзөтүү колониясында жазасын өтөөдө.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg