БИР БҮРКҮМ. КЫРГЫЗ ЖЕРИНДЕГИ МИГРАНТТАРДЫН 70 ПАЙЫЗЫ КЫТАЙЛАР...

  • ӨЗБЕКСТАНДЫН Улуттук коопсуздук кызматын 23 жыл жетектеген Рустам Иноятов аталган иштен бошотулуп, президент Шавкат Мирзийоевге кеңешчи болду.
  • Чүй облусунун Аламүдүн районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болжолдуу 19 миллион сомго бааланган 18 килограмм 925 грамм салмактагы спайс БАҢГИЗАТЫ менен кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.
  • Ушул жылдын 9-25-февраль аралыгында Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүүчү XXIII КЫШКЫ ОЛИМПИАДА оюндарына Кыргыз өлкөсүнөн 2 спортчу барат. Алар: Евгений Тимофеев (лыжа менен тоодон тоскоолдуктарды аралап түшүү), Тариэл Жаркымбаев (лыжа менен жарышуу).
  • Кыргыз өлкөсүндө иштөө үчүн чет өлкөлүктөргө бөлүнгөн 14 миң квотанын 70 пайызы КЫТАЙЛАРГА берилген. Бул тууралуу мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Медетбек Айдаралиев билдирди.
  • Улуттук энергохолдингдин башчысы АЙБЕК КАЛИЕВ 39 миң сом айлык аларын айтты. Ал эми Бишкектин Жылуулук электр борборунун башчысы (ЖЭБ) 27 миң сомдук маянага иштейт.
  • 2017-жылы өлкөдө 941 миң 271 ПАСПОРТ берилген. 2016-жылы бул көрсөткүч 582,9 миңди түзгөн. Аталган маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.
  • Республика боюнча 2018-жылдан тарта 270 жарандан баланын төрөлгөндүгү үчүн СҮЙҮНЧҮ ПУЛ алуу тууралуу арыз Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине келип түштү. Маалыматка караганда, акчалар 15-февралдан кийин берилип баштайт.
  • Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна январь айында тоодо ЖЫЛГАЯК тээп жаракат алып 389 адам кайрылган. Анын 55и ооруканага жаткырылды.
  • Учурда өлкөдө 80 миң мугалим иштейт. Билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, дагы 752 МУГАЛИМ ЖЕТИШСИЗ.
  • БАЛЫКЧЫ-КОРУМДУ жолун реконструкциялоону аягына чыгаруу үчүн 2 миллиард сом керек болот. Учурда акчанын жоктугунан жумуш токтоп турат. Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.
  • Жогорку Кеңештин депутаты КАМЧЫБЕК ЖОЛДОШБАЕВ парламент жыйынында «кээ бир депутаттардын коомдук транспортто жүргөнүн көрүп уялам» деди.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан