«CҮЙӨМ, БИРОК ЖЕК КӨРӨМ...»

Телевизор карап отурган сага тигилдим негедир. 6 жыл мурунку Самат жок, бир аз толуп, мүнөзүң токтоо тартып, көз карашың олуттуу болуп калгандай. Сүйөм да ушуну... Ичим элжиреп кетти. Кыз-жигит болуп жүргөндөгү элестер көз алдыма тартылды.
Күздүн кайсы айы экени эсимде жок, бирок бизди окуу жайдан ишембиликке чыгарышты. Ар кайсы факультеттин кыздар-балдары аралашып университеттин тегереги жаандан кийинки козу карындай жыбыраган студенттерге толо болчу. Жердеги жалбырактарды жаңы эле тырмооч менен тырмап бүтсөм, жанымдан өтүп бараткан жигит жыйналып турган жалбыракты тээп кетти. Буга бекер малай бар бекен?!
– Эй! Бул эмне кылганың?!- деп кыйкырып жибердим.
– Эй зовут лошадей. Чоң кыз, таанышкыңыз келсе жөн эле айтыңыз да...- дейт ажыкыстанып. Жаным кашая түштү.
– Сени менен таанышайын деген оюм жок! Адамдын эмгегин баалап койбойсуңбу? Өзүң бекерчи болсоң эле ушинте бересиңби?..- ме сага, бир баштап алып токтоно алсамчы. Жигит күлүп маңдайымда тура берди. Бир маалда унчукпай калдым. Жымжырт... Эмне кылыш керек? Каякты караш керек? Эмне деш керек?
– Жумушуң жокпу? Бар кет!
– Татынакай экенсиз...
– Сиз дебе, мен жаш кызмын...- айтарын айтып алып уялып кеттим.
– Макул, көрүшкөнчө анда.
Башка сөз айтпай кетип калды. Кызыктай болуп кала бердим. Өң-келбети деле эсте калчу бала эмес болчу. Ошол боюнча унутулуп калмак беле, бирок... Кайрадан жолуктук, дагы жагымсыз жагдайда. Сабакка кечигип учуп-күйүп тепкичтен чыгып баратып ылдый түшүп келе жаткан бирөөнү жөөлөп кеттим.
– Кечиресиз...- деп карасам эле баягы жигит. Өзүмдү кармана албай каткырып жибердим.
– Мм, ошондо бул өч алуубу?
– Жок, ай, кокустук.
– Кокустуктар кокусунан келе бербейт да.
– Өч алсам мындан да жаман кылмакмын.
– Биринчи таанышып алып анан өч алышпайлыбы? Атым Самат...
Мына ушинтип таанышканбыз. 3 жыл кыз-жигит доорун сүрдүк, анан баш коштук. Азыр 2 уулдун ата-энесибиз. Бир карасаң идеалдуу сүйүү баяны. Бирок эч нерсе жипке тизгендей болбойт экен бул жашоодо. Биздин махабат баяныбыздын идеалдуулугун бузган да чоң кара так бар. Ал кара так тууралуу мен, жолдошум, анан бөлөм Зарина гана билет.
Студенттик күндөрдө таежемдин үйүндө жашадым. Мен курактуу Зарина деген кызы бар, экөөбүз сырдашып түнү-күнү шарактап сүйлөшүп ынтымактуу болчубуз. Кыштын бир күнү Саматтын досунун туулган күнү болуп калды. Зарина үйдө зерикпесин деп ээрчитип алдык. Барган үйдө конок көп эле, Саматты издесем, көзүмө чалдыккан жок. Экинчи кабатка көтөрүлдүм, оюмда эч жамандык жок эшиктерди катарынан ачып баратып, биринен сени көрдүм... Зарина менен! Шашып кийинип жатыптырсың.
Ошол эшикти ачпай, сени издебей эле койсом не болмок?.. Кыштын ызгаарында күрмөсү жок жеңил көйнөкчөн көчөгө атып чыктым. Ыйлай албадым, түшүнүксүз сезим, тулку боюмду өрттөгөн, алкымдан алып муунткан, ошол эле учурда буттарыма чуркаганга күч берген сезим. Чуркап баратып муздан тайып жыгылып түштүм. Бутум ооруганда эсиме келдим окшойт, карасам тизем сыйрылып канап жатыптыр.
– Нази! Нази, токтосоң, мен баарын түшүндүрүп берем... Мен...
Үнүң ушунчалык жагымсыз, коркунучтуу угулду. Сен жеткиче тура калып жол боюндагы таксиге отурдум, «байке, тез айдап кетиңизчи бул жерден, суранам» деп жалдырап жибердим. Көздөрүмдө мончоктогон жаш. Терезени телмире тиктеп кете бердим. «Чоң кыз, балким, милицияга барабыз?» тынчтыкты айдоочунун үнү бузду. Чочуп кеттим, барчу дарегимди да айтпаптырмын го. Кайда барат элем? Заринаныкына эми бутум баспас.
– Байке, мени 5-кичи районго жеткирип коюңузчу. Акчасын үйгө кирип алып чыгып берейин...
Эки курбу кызым батирде турушчу, алардын эшигин кактым.
Төшөктөн бир жума тура албай жаттым. Азаптуу 7 күн 7 жылга созулуп, эс-мас абалымда толтура дары ичип өмүрүмө кол салганга да аракет кылыптырмын. Курбум байкап калбаса, балким...
Окуудан чыгып калбаш үчүн университетке бара баштадым. Самат күн сайын келип мени издеп жатканын айтышты. Ал күнү да келди, кийинки күнү да, андан аркысында да... Акыры сезимим аны актады. Таарынычым 3 айга созулду. Саматты кечирдим, бирок Зарина тарапты азыркы күнгө чейин карай элекмин. Мен жолдошумду чындап жактырам, сыйлайм. Бирок ошол түндү эстегенде көкүрөгүм сайгылашып, аба жетпей думугуп, жек көрүүм ашып-ташып кетет.
– Эй, дагы эмне болуп кетти мени атып жиберчүдөй карап?! Ушинтип караганыңды койчу, бай болгур...- дедиң.
Ошол жоругуңду эстегенде болгон сезимим көзүмдөн чыгып калат. Сага болгон сүйүүм мага келечекке үмүт берсе, жүрөк түпкүрүндөгү жек көрүүгө айланган чоң муз жерге ныгырып жатканын билбейсиң да сен.


Нази

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (26)
D.Uezalieva
2018-02-07 12:31:18
Кыйын экенсинер,мен кечире албайт болчум.Изменага коз жумуш менин колумдан келбейт.Кечирип ушунча жашапсынар эми болуптур да,унутуп жашоону уланткыла.
+4
nurhan2702
2018-02-09 08:58:44
D.Uezalieva,башына келсе ещё как кечирет экенсин. Менин башыман откон. Мен да мурда точно сендей болуп кечирбейм дечу элем
+2
AKCAHAT
2018-02-07 13:21:23
Бойдок кезиндеги окуяга ушунчабы))) азыр койнунда жатып деле кыйратып атышат ко
+5
Rusbubu
2018-02-07 13:43:18
Мен азыр дал ушундай абалдамын.((((
+1
nurhan2702
2018-02-09 09:00:12
Rusbubu,сабыр тилейбиз. Стресстен чыгуу ото кыйын, бирок сабырдуу болсонуз баары жакшы болот
+3
chefull
2018-02-07 22:14:52
Мен ушу кээ бир адамдарга тушунбойм. Мурунку жашоосун эстеп, сураштырып эмне кылат?. Главный азыр сенин жанында, сени сыйлап, урматтап турса болду эмесби....?
+1
chefull
2018-02-07 22:15:49
Кечиримдуу болуш керек....
0
naziman
2018-02-08 09:51:37
chefull,Кечиримдуу болуш керек, бирок мындай нерсеге эмес
+1
48489494kuban
2018-02-08 09:40:13
Чынында эле жакшы көрүп сүйсөң кечиримдүү болуш керек
-1
nazgulya2406
2018-02-08 10:33:46
Чыныгы аялдык муноз - баарын ичке катып, унчукпай, уй блону сактап жашагандык. бирок бул эн оор жук. сыртындан жлмайып, ичинден азап тартуунун озу бул тумон туйшук. ошон учун аялдар бат карышат эмеспи...
+3
munira-tilen
2018-02-08 13:31:52
Ой неге кечирбейсин же ал убакта не ерин беле ошол кызды колдонду бойдок убакта боло берет да сага тийишпегенине суйун:))))))
+3
Ainazikumar
2018-02-08 15:19:39
Кечирип турмуш курган соң, унутбаска арга ңыз жок.
+1
suban78
2018-02-08 16:10:01
Куйоонузду бироо менен кармасаныз аны жон гана конул ачуу деп гана кабыл алыныз. Футбол же бильярдга барып конул ачып келгендей эле.
-3
altysha
2018-02-08 19:59:08
Башка кыз болгондо мумкун мынчалык катуу тийбестир эле же унутуп калаттыр эле бирок ал озунун тууганы болуп жатпайбы.
0
kai42444
2018-02-09 00:27:46
Озу суйуунун керекги жок снзим экен ошол сезимдин артынан канча кыздын тагдыры бузулуп атат дагы суйушуп куйушуп 3-5 жыл журушот да эки жолдо биринин кемчилигин которо албай урушуп кетип атат аанан унуталбай сыгылат куноосуз тарап канча деген нерф кетет
+1
kai42444
2018-02-09 00:32:12
Ошундуктан суйбой журуп уй було курарга жакын эле ашып барса бир жума суйлошуп эле баш кошуш керек негизи суйуу кереги жок нерсе эки тараптпн 1% мээрим 99% жашап кетуучу аракет жетет деп ойлойм
+3
Girl1996
2018-02-12 23:22:49
kai42444,
ошондой ойлоп туура кылабыз иншаАллах
0
Akniet_kg96
2018-02-10 09:48:13
коп суйлошпой эле койуш керек мен жолдошум мн эки ай суйлошуп анан эки жолу жолуктук учунчу жолуканда алып качып кеткен ошо менен эми бактылуу болуп жашап атабыз
+1
ailinka
2018-03-15 17:03:53
мындай сезимден кутулуу ото кыйын.... Менде болгон мындай окуя бир эле жолу эмес бир нече жолу..... Бирок тошокто эмес одноклассникте жазышкандарын окуп калгам. Журогум таарып ушунчалык кен ааламга батпай кетем. Бирок кайра эле кечире берем. Билбейм неге.... Кече жакында эле кайталанды бул ага кечирдим деген мн журогумо муз барып сайылгандай болдум. Эми эч качан ээрибей ошол бойдон катып кала тургандай болуп,мунозум аябай озгорду. Кандай кылам билбейм. Мумкун ИШЕНИЧ деген сезим очтубу менде....
0
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан