Сиз мурдагыга салыштырмалуу китеп окугандан жалкоолонуп калганыңызды байкадыңыз беле? Жакшы эле бир томдук романды колго алып чыгынасыз, бирок 2-3 бет окугандан кийин көңүл чаппай, башка иштерге алаксый баштайсыз.
Деги эле 21-кылымдын жаштары тиешелүү бир нерсеге кунт коюп угуп, көрүп же окуй албай, бир иштен экинчи ишке бат-бат «секирип», мээсине майда жана оңой гана маалыматты кабыл алып калышканын психологдор айтышат. Мындай көрүнүш эмнеден улам келип чыгат?
КЛИПТИК ДЕҢГЭЭЛДЕ ОЙ ЖҮГҮРТҮҮ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Клиптик деңгээлде ой жүгүртүү деген түшүнүк пайда болгонуна 25 жылдай убакыт болсо да, ал күн сайын адамдардын мээсине тереңдеп сиңип баратканы маалым. «Clip» – англис тилинен «кыркуу» дегенди билдирип, клиптик деңгээлде ой жүгүртүү – айланадагы болуп жаткан кырдаалдарды үзүндү-кесиндилер менен кабыл алуу катары түшүндүрүлөт. Учурда көпчүлүк мугалимдер азыркы балдардын аз окуп, окуса окуганын түшүнбөй калышканын, ал тургай ойду кагазга түшүрүү балдардын колунан дээрлик келбей турганын айтып кабатыр болушат.
КЕРЕКТӨӨЧҮНҮН ЖАЛКООЛУГУ СУНУШТООЧУГА ЖАҢЫ ЭШИК АЧАТ
Бүгүнкү күнү бизди кыска маалыматтар курчап алган. Анын биздин мээге чабуул жасап, акырындан кенен ойлонуу жөндөмүбүздү жоготуп жатканын да моюнга алгыбыз келбейт. Байкасаңыз:
► Заманбап тасмалар жана мультфильмдер жалаң гана кыска маалымат кабыл ала турган көрүүчүлөргө арналган. Андагы кадрлар майда бөлүкчөлөргө бөлүнүп, эч кандай байланышы жок бири менен бири алмаша берет.
► Музыкалык клиптер. Көпчүлүк роликтеги кадрлар бири-бирин эч толуктабайт, мааниси жок жана толук бир ойду камтыбайт.
► Телевизордогу жаңылыктарды алсак, алгач бир жерде орун алган кырсык тууралуу маалымат кетет да, анын артынан балдарга арналган жаңылык орун алып, андан соң үй-бүлөлүк маселеге байланышкан кабар менен толукталат. Жаңылыктар топтому ошентип бирин-бири ээрчибеген маалыматтар менен аяктайт.
► Социалдык тармактардын таасири балдарга эле эмес, чоң адамдарга да тиет. Клиптик деңгээлде ой жүгүртүүгө бизди түрткөн негизги себепчи – социалдык тармактар. Фейсбуктагы мааниси жагынан бирин-бири улабаган маалыматтар болобу, Инстаграмдагы 1 мүнөттүк видео же 10 секундга жетпеген «окуялар» кызматы болобу, биздин ой жүгүртүүбүздү кысып, кыскартат.
Натыйжада адам бир теманы кабыл алып бүтпөй жатып, башкага өтүп кетип, клиптик деңгээлде ой жүгүртүүнүн курмандыгына айланат. Баарынан жаманы ал акырындап адамды чындык менен жалганды айырмалай албай калышын шарттап коёт.
ЧАЙНАЛЫП БЕРИЛГЕН МААЛЫМАТ ЖАКШЫ СИҢЕТ
Мурда текст жүзүндө берилген маалыматты бүгүн керектөөчүгө окуп бериш керек болот. Күлкүлүү кыска скетчтер, кинолордон фрагменттер, кыска, бирок мааниси жагынан бири-бирин ээрчибеген тексттер, айтор, ушунун баары биздин ой жүгүртүүбүздү кыскартып коёт да, мээ узун жана оор тексттер менен видео, аудиолорду кабыл алгысы келбей калат. Керектөөчүнүн жасап жаткан иши аягына чыкпай, экинчи ишке алаксып, аны бүтпөй туруп үчүнчүсүнө киришкени да анын кыска маалыматтардын курмандыгы болгонунан кабар берет.
КАНДАЙ КОРКУНУЧ АЛЫП КЕЛЕТ?
– Адамдын мээси кыска жана оңой маалыматка эле ыңгайлашып, оор жана узунун кабыл алганга жалкоо болуп калат.
– Анализ жүргүзүү жөндөмү жоголот.
– Адам бат кыжырданып калат.
– Мээ азгырыкка ыңгайлуу болуп калат.
– Адамдардын пейили бузулуп, көңүл коштук калыптанат.
КАНТИП КУТУЛУУ КЕРЕК?
Көркөм адабият окуу. Интернеттеги окуя, баяндар жарабайт. Эгер окуп баштаганда эле тажап кетсеңиз, 10 мүнөттүк тыныгуу жасап, кайра улантыңыз.
Маалыматтан эс алуу күнүн уюштуруу. Жок дегенде эки жумада бир жолу теле, радио, гезит жана интернетсиз жашап көрүңүз.
Эски фильмдерди көрүү. Алардын мааниси эле терең эмес, ичинде узун диалогдор камтылган болот.
Текст жазуу. Эмне жазарыңызды билбесеңиз, күндөлүк жазуудан баштаңыз. Бара-бара болушунча узун сүйлөм түзгөндү үйрөнүңүз.
Бир күндү чыгармачылыкка арноо. Сүрөт тартуу, тигүү же тамак жасоо менен алектенүү жана башка ушул сыяктуу.
Медитация кылуу. Бир күндө жакшы ойлорду ойлонууга корогон 10 мүнөт пайдага жарайт.
Алтынай Тынышова
koom@super.kg