НУРБЕК ЭГЕН СЕРИАЛ ТАРТТЫ

«Аталар керээзи», «Ээнсиреген үй» деген белгилүү тасмаларды тартуулаган режиссёрдун дагы бир эмгегин Орусиянын Биринчи каналынан жакында көрө алабыз. Тагыраак айтканда, Орусияда жашаган кыргыздын атактуу режиссёру Нурбек Эген кезектеги телесериалын аяктады. «Орусиянын Биринчи каналы жана АКШнын Netflix каналынын эл аралык бөлүмүнүн каржылоосу менен жарым жыл бою сериал тарттык. Буюрса, эми монтаждап, топтоп баштадым»,- дейт режиссёр. Сериалда ийгиликтүү сценаристтин жашоосундагы урунттуу окуялар чагылдырылат. Башкы ролдорду орусиялык белгилүү актёрлор Евгений Стычкин, Ольга Сутулова жаратышмакчы.
Эске салсак, Нурбек Эген көп жылдан бери орусиялык каналдардын буюртмасы менен сериалдарды тартып келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ararat...
2018-02-06 10:29:16
Нурбек агабыз кыйын) Чет жерде ийгилик жаратып келе жатат.
+3
jama9210
2018-02-07 23:34:53
Аааиииии эмне деген сериал экен?
0
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан