20 жылдан ашык эл алдында жүрүп, сахнадан ордун тапса да, музыкалык билим алууну каалаган Гүлнара Тойгонбаева Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде окуп, социалдык-маданий ишмердигинин менеджери, педагог кесибине ээ болуп, кызыл дипломду колго алды. «Бул менин үчүнчү дипломум. Совет учурунда Фрунзедеги Политехникалык институтта инженер-экономисттик кесипке ээ болгом. Андан кийин Президенттин алдындагы Башкаруу академиясында соодадан тышкары уюмдардын менеджери багыты боюнча билим алып, бакалавр даражасына ээ болгом. Бул жакка кирип окушума досум Асел Турдалиева түрткү болду. Канча жылдан бери сахнада жүрөсүң, бир кагазың жок, окуп кой деген кеңешин берди. Мен мектепти аяктап жатканда искусство багытында билим алайын десем ата-энем каршы болуп коюшкан. Ошол кыялымды, буюрса, минтип ишке ашырдым»,- дейт ырчы. Диплом кут болсун, Гүлнара айым.