Режиссёр Ырыс Жоомартова «Менин ырым хит болот» тасмасын Ноокатта тартып жүрүп кызыктуу окуяга туш болгонун айтат. «Бул кинокомедия биз үчүн аябай ак жолтой болду. Тасманы Ноокатта тартып жүргөнүбүздө Аскар аттуу байке мени таанып, кыргыз киносуна салым кошуп жүрөсүң деп көп суммадагы акча берип, демөөрчү болду», - дейт Ырыс айым. Чынында эле ак жолтой болгон сыяктуу, анткени тасманы тартып бүтүп эле Ырыс Жоомартова «Жал» кинотеатрын иштетип баштады. Режиссёрлук менен чектелбей, актриса катары өнөрүн тартуулап келаткан Ырыс айым тасмада акыл-эси жайында эмес аялдын образын ачып берген. 25-январдан тарта бардык кинотеатрларда көрсөтүлүп жаткан ак жолтой тасманы сиз да келип көрүп кетиңиз, окурман.