ДАНИЯР ЭРМАТОВ ДОСТОРУН СУУККА ТОҢДУРУП...

Жылдыздар туулган күнүндө достору түнкү саат 12ни какканда куттуктап келишкенин көп жарыялашат. 1-февраль күнү 29 жашка чыккан Данияр Эрматовду Аваз Акимов, Алмаз Шаадаев, Эрнист Сыдыков баш болгон достору куттуктап үйүнө барышкан. Бирок алардын сюрпризи ишке ашпай, суукта көчөдө калышкан видеосу интернетке жүктөлдү. Көрсө, ырчы мырза эч кимди убара кылгысы келбей телефонун өчүрүп койгон экен. «Жыл сайын досторум түнкү саат 12де куттукташат. Бул ирет аларды убара кылгым келбей, кайда экенимди айтпай телефонумду өчүрүп койгон элем. Баары бир убара болушуптур да. Эртең менен досторумдун баарынан кечирим сурап, бүгүн конокко чакырдым. Аваздар бир сыйра таарынып, кайра жазылды. Негизи мен туулган күн белгилөөгө кызыкпайм. Жыл сайын куттуктагандар көп болуп баратат. Жадакалса чет элден күйөрмандарым таттууларды буюртма менен үйгө жөнөтүп жатышат. Учурда Инстаграмда 10 миңден ашуун жеке билдирүү, вотсапка 2 миңден ашкан куттуктоолор келди. Баарыңыздарга ыраазымын», - дейт Данияр.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
Akniet_kg96
2018-02-06 13:18:16
сени сыйлап куттуктап чалышатта анан телефонун очуруп койгону жаман экен жылдыз болуп баратканыго элди тенсинбей
+12
mela
2018-02-08 13:39:20
Akniet_kg96,10000 адам куттуктап атса,значит жакшы эле звезда окшойт...
0
mambet25
2018-02-06 13:21:03
Булар жоо жургон жок да,кичине Бир аз ар жак бер жагын карап суйлошсо...
+13
aman0296
2018-02-06 13:35:18
Болбогон пиар болуп кеттиго
+5
Pandora
2018-02-06 14:32:05
Не эишигинин званогунда очуруп койуппу?
+7
Baatirbek81
2018-02-06 18:52:41
Достору үшүп калса, өзүнүн ХХХХХХХХХХХХ кеткенго!
+2
Elitta
2018-02-06 20:24:15
Эркек эркектейле болбойбу деймда,чет элден буйрутма мн уйго жонотуп жатат дейби?) Коп болсо 1тууганы акча салып 1торт алып барып берип кой уйуно десе ккда э тооба Эл мактасын 1чи анан озун макта мактанчак ХХХХХХХХХ эчжакпайт
+2
mela
2018-02-06 20:52:14
10000куттуктоо????Звезда #1 в КР?
+6
Sumaia20102903
2018-02-06 22:43:19
Ырлары жакшы.
+6
Birimdik5555
2018-02-08 00:35:06
Жакшы ырдайт ишине ийгилик!
+1
Gulnaz.GS
2018-02-08 12:05:26
Ким бул.кайсы ырды ырдайт
0
Elga
2018-02-09 15:42:38
Туулган кунундо куттуктаган адамдардан тажаган ушуну кордум....(ааай лампочка)
0
Targarien
2018-02-09 17:50:35
Думает будто он пуп земли ты никто
0
Deniza-kyzy
2018-02-10 01:43:44
Чакырганга келбеген,ымдаганга Зар болот. Кобо тушсон керек да кайран жигит. Досторундун келээрин билип туруп, телефонду очурсон, сенден жакшылык кутпой эле коюш керек экен.
0
sely
2018-02-10 13:00:30
Урматтуу чет эолден таттуу буйрутма берген акчалуу куйормандар келгиле чогулуп акчалуу ырчыларга эмес муктаж болгон Зуура апа сыяктууларга жардам берели.
+1
Bolotbek1991
2018-02-11 12:36:35
Мактаныптыр олло катырып
0
№ 796, 2-8-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан