Балдар, келгиле, Микки Маустун досу Минни Маустун сүрөтүн тартабыз.
1) Миннинин башы чоң, денеси кичинекей болгондуктан, муну белгилеп чийип алабыз.
2) Эми башы үчүн чийген тегерекке кулагын, денесине колдорун тартабыз.
3) Көзүн, манжаларын жана буттарын тартабыз.
4) Оозу, мурдун, каректерин тартабыз. Жана да ага кызыл бантик жакшы жарашат.
5) Узун көркөм кирпиктерин жана көйнөгүнүн жакасын чиебиз.
6) Достор, эми сүрөттөгүдөй кылып боёп чыккыла.
Перизат Музуратбекова