ЭНЕСИ 2 ЖАШТАГЫ БАЛАСЫН САБАП, НАРИСТЕ КОМАГА ТҮШҮП КАЛДЫ. Аялдын туугандары андан баш тартышууда

3-февралда Ош облустук балдар ооруканасына оор жаракаттар менен эс-учун жоготкон абалда 2 жаш 8 айлык бала алып келинген. Наристенин жакындарынын айтымында, ал тепкичтен кулап түшкөн. Бирок наристени кылдат текшерген дарыгерлер анын катуу сабалганын байкап, милицияга кабарлашкан.


СИЙИП КОЙГОНУ ҮЧҮН ДЕПКИР МЕНЕН САБАГАН
2018-жылдын 3-февраль күнү Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө эсин жоготкон абалда 2 жаш 8 айлык бала алынып келинген. Денесине кароо жүргүзгөн убакта наристенин ички органдары жабыркап, денеси көк ала болуп, баш мээсине кан уюп калганы аныкталган. Ооруканага алып келген баланын жакындары «тепкичтен жыгылып түштү» деп айтышкан. Бирок баланын денесинде мурда дагы сабалгандан калган тактар бар экендиги шек жаратып, дарыгерлер милицияга кабарлашкан.
Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, уулун сабаганга шектелип наристенин апасы, 1994-жылы Кара-Кулжа районунда туулган Диана аттуу аял камакка алынган. Ал алгачкы тергөөдө 3 күн мурун Ош шаарына эжесинин үйүнө келгенин, өзү эч жерде иштебей тургандыгын жана баласынын сийип койгондугу үчүн депкир менен сабагандыгын айтып көрсөтмө берген. «Баламдын башына катуу уруп койгон окшойм. Бутуна, арка жагына депкир менен урганмын, катуу тийип калса керек. Ал сийип коюптур, ошого ургам. Бул жолу эмне болуп кеткенин билбей калдым. Өзүм Өзгөнгө турмушка чыгып, баламдын атасы менен ажырашып кеткем, учурда эч жерде иштебейм»,- деген ал.


«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ БУГА ЧЕЙИН СОЙКУЛУК МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН БОЛУШУ МҮМКҮН»
Ош ШИИБинин маалымат катчысы Замир Сыдыков «кылмышка шектүү буга чейин сойкулук менен алектенген болушу мүмкүн» дейт:
- Баласын катуу сабаганга шектелген аялга карата Ош ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер наристе энесинин ур-токмогунан улам ушундай абалга түшкөнү аныкталса, анда ага карата башка беренелер боюнча кылмыш иши козголушу мүмкүн.
Ошондой эле өзүн Диана деп тааныштырган бул аялдын ким экендигин тактай турган документтери азырынча жок, ошондуктан анын аты-жөнү да башка болушу ыктымал. Айрым ыкчам маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү буга чейин сойкулук менен алектенип келген. Бирок өзү бул маалыматты четке кагып, эч жерде иштебей турганын айтып жатат. Так айтууга азырынча далилдер жетишсиз. Кылмышка шектүү баланы сабап жатканда анын жанында кимдир-бирөөлөр болгон-болбогону иликтенүүдө. Ош шаардык соту 6-февраль күнү кылмышка шектүү аялдын баш коргоо чарасын карап, аны 2 айга камоо чечимин чыгарды.


«БАЛАНЫН АБАЛЫ ДАГЫ ЭЛЕ ООР»
Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын директорунун дарылоо боюнча орун басары Кутбидин Бекажиевге байланышып, сабалган баланын абалын билдик:
- Сабалган бала ооруканага эсин жоготуп, комага түшкөн оор абалда келип жаткырылды, азыр да абалы оор. Катуу сабалып, башынан, ичинен жаракат алган. Бутунда, колдорунда, көкүрөгүндө көгөргөн тактар көп. Аны айыктырууга болгон аракетти көрүп жатабыз. Байкообузга караганда, бала кечээ же бүгүн эле сабалган эмес, буга чейин да токмоктолуп жүргөндүгүн анын денесиндеги көк ала тактар далилдейт. Негизинен анын салмагы, бою өзүнүн жашына туура келет.


«УУЛУН САБАДЫ ДЕГЕН АЯЛ 2014-ЖЫЛДАН БЕРИ ДАЙЫНСЫЗ БОЛУП ЖАТКАН ЭКЕН»
Ош шаардык социалдык коргоо башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзина Раева уулун сабады деп шектелген аялдын ата-энесине кабар жеткенин, бирок алар кызынан кабар алууга келбей жатканын айтат:
- Баласын сабаган деп шектелип кармалган аял 1994-жылы Оштун Кара-Кулжа районунда туулган экен. 3 бир туугандын ортончусу. Ата-энеси ал 2 жашка чыкканда ажырашып кетип, кыз атасы менен өгөй энесинин колунда тарбияланыптыр. Эжеси менен сиңдиси жакшы эле жашайт деген маалыматтар бар. Өзү 6-класска чейин эле окуп, андан кийин ар кайсы жакта качып жүрүп, мектепти деле аяктабаптыр. Биз Кара-Кулжа районундагы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнөн сураштырганыбызда, ал аялдын атасы кызы 2014-жылы үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы тууралуу кайрылган экен. Ошол убакыттан бери кайда жүргөнү белгисиз болгондуктан, анын турмушка чыкканы, баланын атасы ким деген маалыматтар али да тактала элек.
Өзүнүн да эч кандай документтери, баласынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Өзүнүн айтымында, ал Ош шаарына декабрь айында келген, бирок кайдан келгени белгисиз. Ал батирде эч кандай тууганы эмес эле чоочун аял менен жашап жүргөн. Ал аялдын айтымында, баласын сабаган аял алгач келгенде бети башы көк ала болуп келген. Анан дагы ал жеңил ойлуу кыздардын образында жашаган экен. Балким, ичип да жүргөн. Биз топтогон маалыматтарда анын батирдеги үйүнө бир жигит келип-кетип, кээде тамак-аш да алып келип жүргөн. Баласын сабаганга шектелген аял менен сүйлөшкөнүбүздө, ал жигити менен телефондо сүйлөшүп жаткан убакта баласы шымын булгап салгандыктан ачууланып урдум деп айтты.
Мен ал аялдын өгөй апасы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүмдө, ал «биз кызыбыздын төрөп алганын билбейбиз. Ал канча жолу үйдөн качып чыгып кеткен жеринен үйгө алып келгенбиз. Бирок болбой эле бизди далай жолу күйдүрүп жаман иштерди кылды. Ошондуктан бизди окуяга аралаштырбагыла. Атасы жакында эле ооруканадан чыккан эле, бул кабарды угуп алып кайра ооруп калды. Андыктан кызыбыздан эч кандай кабар ала албайбыз» деп жооп кайтарды.


Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (47)
Shokoladka94
2018-02-14 13:41:54
Ыйлаттын го айбан! Байкуш наристе ушундай энеге кор болгуча периштелерди ээрчип кетиптир да
+1
Gulnur951417
2018-02-14 18:55:50
Жайын жаннаттан берген болсун. Кантип урганга колу барды! Мал деп да айтуу кыйын сени. Мал да баласын эн мыкты карайт. Озунду ошондой уруп олтуруш керек!
0
saza20
2018-02-16 19:51:45
Gulnur951417, ха ха мал деп айтпа мал деген жакшы пайдалуу жаныбар. А бул кыз кезинде кыйналыптыр анысы окунучтуу. Бирок азыр шуркуя сойкулук менен иштептир деп жатканы чын болсо бул адам эмес. сойкулук менен акча тапкандар адам эмес.
0
Aikapella
2018-02-14 19:16:51
Наристенин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!
0
aqua-94mema
2018-02-14 20:31:23
Создун негизги нугу кайра эле ошол ажырашуу себеп турбайбы . Озу толук тарбия коргон эмес экенда . Качан караба жаман иштин баарында ата энеси ажырашкандар .
+1
guli-1980
2018-02-14 22:42:09
Баланы туудурган эркекти да таап жазалаш керек
+1
gulnur.narmatova
2018-02-15 11:46:51
Акмак десе балада эмне куноо байкушум десе периште бойдон кетиптир
0
Айдай
2018-02-15 17:23:54
Наристеде эмне куноо??? Бироого кор бала бироого зар бала. Бага албаса бага турган адамдар чыгат элего берип койсо болот элего, ичим ачышат бир жуманын ичинде эки наристе коз жумду бир наристе буту жок калды.
0
Seyitira8186
2018-02-15 23:41:21
Айланайын эжелер.синдилер.женил ойлуулука алдырбай.ыйык очогунарды бузбагылачы.ажырашуунун айынан бул кыз табия корбой.озу кыйналып торогон баласын бапестеп остургондун ордуна.айдай баланы олтурду койду.канчалаган балдар.зордук зомбулука кабылып жатат.бул дуйнодо уч жашка чыга элек бала эмне корду.энесинин кордугунан башка эч нерсе корбоду.
0
Bishkek
2018-02-16 04:13:48
Tozok akmak
0
saza20
2018-02-16 19:53:54
Bishkek, камакка алынды дейт ал жакта даана тозокту коргозотко
0
zarem.a
2018-02-16 15:35:29
Ушу азырХХХХХХХХХХХ анан эле балдарын бага албай ажырашып стресс депрессия болуп сабап өлтүрүп жатып калышат..канча адам бала жытына зар!!
0
saza20
2018-02-16 19:55:23
ушкуросун окуносун. Аллахым тынчтык берсин, сабыр берсин, ыйман берсин, адеп берсин ар бир инсанга, адамга
0
Aulei
2018-02-17 02:38:10
Ай бечара наристе. Сенде не куноо бар эле. Жшоого бир келдин да, бир кеттин. Бала бойдон периштеге айландын. Канчалаган окурмандын козунон жакшы, журогунон кан тамды. Олбой калсан кандай жакшы болмок. Бул дуйнодон корбогонунду чындык дуйнодон корорсун. Аллахым сени оз жанына алып кетиптир да. Сендей бей куноо наристелеге кордук корсотуп, балалыктын бактылуу кундорун корсото албаган бизде куноо. Биздин коомдо куноо. биздин мамлектте куноо. Кечир бизди балапан. Жайын бейиште болсун.
+1
zinagull1996
2018-02-19 23:42:05
Кээ бир эркектердин соройлугунон ушундай замандабыз. Анан баланын таятасы да туура эмес кылыптыр. Наристеде эмне куно.
0
elkeev
2018-03-19 02:03:44
Super info ushul bala emne boldu? Maalymat berip koisonuzdar? Ozyno kelip aiyktyby?
0
elkeev
2018-03-19 02:05:38
Bala aiyktyny, super info maalymat berip koiunuzdar???
0
admin_media
2018-03-19 15:15:27
elkeev,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан