– ЧАЙ ИЧЕСИҢБИ?
– ООБА.
– ЛИМОН МЕНЕНБИ?
– ЖОК, СЕНИ МЕНЕН.

– Билесиңби, сүйүү бар.
– Анда мени ишендирчи сүйүү бар экендигине. Бул болбогон жомок.
– Ал сезимдер жок болсо, сен сүйгөн жазуучуң Ремарк романдарын кантип жазмак? Ал сезимдер бар болгону үчүн Бетховен сонатасын жаратты да.
– Балким, ошол мезгилдерде ал сезимдер болгондур. Азыр эмес.
– Сүйүү – кол кармашып эле бактылуу боло берүү эмес. Балким, ал эч качан бакыт алып келбейттир. Бардыгы, тескерисинче. Ал сезим – сагынуу, кызгануу, санаа тартуу, ички дүйнөңдөгү дүрбөлөң, беттеш. Уйкусу жок түндөр. Ошон үчүн сүйүп калган адамдар жинди болуп көрүнүшөт.
– Азыр эрдиктер жасалбайт. Ошон үчүн силерге ишенбей калбадыкпы. Эч нерсе күткөнгө болбойт. Ар ким эле кооз сөздөрдү сүйлөп, бат эле алдап коюшат. Ар ким эмес, көпчүлүк.
– Сөздөргө ишенбесең, мамилеге ишен. Сөздөргө караганда сага карата жасалган мамиле көп нерсени түшүндүрөт. Бирок анын дагы бир жагы бар. Андай нерсени көрө билүү керек.
– Мен билем, сен менин баракчама дайыма киресиң. Ар бир постумду окуйсуң. Алар кимге арналып жатканын дагы байкасаң керек. Азыр сурасам, канча жаңы дос коштум, кимиси лайк басып жатканына чейин айтып берип салат болушуң керек. Мен дагы сен онлайн болуп турганыңды көрүп, ким менен жазышып жатат болду экен деп ойлойм. Анан ар кандай ойлор курчайт. Жиним келет. Бул сен айткан жиндиликтин башталышыбы?
– Биринчи жазганга эч кимибиз тең батынбайбыз. Бирок экөөбүз тең муну каалап жатканыбызды ар дайым сезип турам. Кур намыстын айынан биринчи кадам жасалбай турат. Сен мага өчөшөсүң, мен сага. Эч нерсени ойлобой эле жазып салсаң да болбойт, жашоонун түшүнүгү боюнча бул деген туура эмес да? Бирок ким үчүн туура эмес? Аны билбейм, анткени мен дагы ушул нерсени кылып жатам да.
– Эч кандай сөздүн кереги жок. Философиянын кереги жок. Адамдар өздөрү жөнөкөй нерсени татаалдаштыра беришет. Сезимдер өзүнчө толкунда, акыл өзүнчө толкунда сүзүп жүрө берсе...
– Эмнеге экендиги түшүнүксүз, бирок сенин жаныңдан чыккым келбейт. Жаныңа отуруп алып сүйлөшкүм келе берет. Ошондо сагынып жатканымды түшүнөм. Бирок дароо токтоп калам. «Мен сага киммин?» деген ой келет анан. Мен сага эч ким боло албай жатып, кантип сен жөнүндө ойлоого укугум бар? Ооба, эч кимиң эмесмин. Бирок менин сага болгон сезимдерим сени сагынууга, кызганууга татыктуу...
– Элестетип койгом, экөөбүздүн дүйнөбүздө сен жана мен гана бармын.
– Ооба, экөөбүз гана. Калган ар ким ар нерсени айта беришсин. Сен үчүн өрт десе өрткө киргенге, чөк десе чөккөнгө даяр адам турганда башкалардын сөзүн угасыңбы? Сага болгон кусалыктын курмандыгы болуп жүргөнүмдү билдим. Өзүмдүн сезимдериме каршы чыга албайм, чыккынчылык кыла албайм. Бир туруп сага ачуум кайнап кетет, кайра өзүмө бат эле келе калам.
– Экөөбүз ушунчалык бири-бирибизге төп келерибизди билип, сезип турсак дагы өзүбүз муну моюнга алуудан уялабыз. Баш тартабыз. Сүйүү жөнүндөгү сөздөрүң сен айткандай болуп жүрбөсүн...
– Биз башынан эле жөнү жок сүйлөшкөн эмеспиз, сүйлөшпөйбүз дагы. Биз сүйлөшүп жатканда акылыбыз, ойлорубуз гана эмес, жан дүйнөбүз бири-бирибизге жанашып калгандай сезилет. Кел, ушул сезимдерди сактайбыз...
– Мага ушул сүйлөшүү жетишпей жатыптыр канча убакыттан бери.
– Мен сага ар дайым ачыкмын. Билесиңби, эки адамдын жүрөктөрүнүн сүйлөшүүсү түнкүсүн ашканада болот дегенге мен азыр ишенип турам. Бул кечеге келбейт болчумун. Негедир баргым келип жаткан. Ушул жерде жолугуп калганыбызды карасаң. Болгондо да күндүз эмес, түнү...
– Чай ичесиңби эми?
– Ооба.
– Лимон мененби?
– Жок, сени менен.


Айдар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
langar
2018-02-13 12:29:58
Ечнерсеге тушунбодум
+4
Xperiaedil
2018-02-13 14:00:51
Менин жашоомо окшош экен ушул создорду айта албай жаткан болчум жаттап алат окшойм
+2
Nuru00
2018-02-13 15:28:43
Тушунуксуз
+2
Tyty1990
2018-02-13 18:31:51
-Чай ичесинби эми?
-ооба ичем
-лимон мененби?
-ооба лимон менен
-калбай калыптыр дукондон алып келе калчы
+9
luna07
2018-02-13 22:34:55
Tyty1990,:)
+1
Rusbubu
2018-02-13 20:16:04
Үй бүлөөсү бар адам, башка бирөөнү сүйүп калгандай го
0
Gulperi99999
2018-02-14 09:29:11
Хмммм суйууу,билбейм мага баш айланткан суйуу буйрубадыго
0
taiir000
2018-02-14 21:13:08
Gulperi99999,Жаш экенсин анда)))
0
Gulnyr19
2018-02-16 00:30:54
Gulperi99999,ошондой сүйүү бар бекен өзү
0
Efsun
2018-02-15 13:36:41
Дал меникиндей окуя бир гана озгочолугу мага лимон же чай эмес фанта сунулган эле сизге кенешим эркек бала болсонуз созсуз билдириниз аны башкага алдырып жибересиз куру намыс деп журуп. Мына бизге эки-жылдан ашты биз да силердей болчубуз... Азыр башканыкымын. Бирок мен бактылуумун алчы кур намыстын артында кала берди.. Эгер суйуу деген бар болсо ортонордо аны журоктон туюа аласыз аракет кылсаныз созсуз артындан жакшылык болот бир гана озунузго ишенишиниз керек .
+1
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан