ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 12-февралдан 18-февралга чейин




КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада улгайгандар жана жетекчи адамдар менен жакшы мамиледе болосуз. Колдоо болушу да мүмкүн. Сезимиңизди көзөмөлгө албасаңыз, мамиле романтикага айланып кетиши толук ыктымал. Дем алышта чырдашуудан сак болуңуз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Апта ичинде достор, башка шаардыктар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Акча маселеси жана мамилелер жөнгө салынат. Жума күндөн тарта каржы, аманат буюмдарга байланыштуу чыр чыгышы күтүлөт. Андыктан абайлаңыз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Айлык акыңыздын жогорулашын кааласаңыз ушул аптада жетекчиликке кайрылыңыз. Буга бейшемби, жума күндөрү ыңгайлуу. Аптада кооптуу учурлар да жок эмес. Абайлап мамиле жасабасаңыз, айрым мамилелердин бузулушу күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бөтөн жактык адамдардын, кайын журттун, жан шеригиңиздин сизге болгон мамилеси көңүлүңүздү көтөрөт. Ошентсе да бир аз кыраакы болуу сунушталат. Жолдо жүрүүдө, жумушта так жана сак болуңуз. Кооптуу мезгил. Ден соолукка көңүл бөлүңүз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Колуңузга акча тиет. Ал акчалар элге берген карызыңыз же банктык насыя акчалар болушу мүмкүн. Жумушуңуз сиз ойлогондой жүрөт. Эс алуу күндөрү балдарыңызга аяр мамиле жасаңыз. Таарынычтар болушу толук ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жубайыңыз жана балдарыңыз менен бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиресиз. Жан шеригиңиз менен сиздин ортодогу сезим күчтүү болуп чыга келсе таң калбаңыз. Учур ошондой. Чырдашуудан, айрым бир кырсыктан сак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Үй-бүлөдөгү жана жумуштагы маселелерди жакшы жагына чечесиз. Айрыкча эски жана каржы жаатындагы көйгөйлөр жөнгө салынат. Жумушта бир аз чыңалуу абалы жаралса көңүл бурбаңыз. Негизгиси, жолдо жүрүүдө сак болуңуз. Кооптуу мезгил.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Балдарыңыз, сүйгөнүңүзгө байланыштуу бактылуу көз ирмемдерди баштан кечиресиз. Жакшы кабар угасыз жана кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Романтикалык жагдай да күтүлүүдө. "Чыр чыгуучу абал да жаралат. Абайлаңыз" дейт жылдыздар.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Үй тиричиликке жана акчага байланыштуу маселелер жакшы чечилет. Үй эмеректерин алууга ыңгайлуу мезгил. Аптанын акыркы чендеринде тоскоолдуктарга дуушар болсоңуз, өзүңүздү токтоо кармаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Кыска мөөнөттүү сапарга чыгасыз. Жакшы кабар угасыз. Бир туугандар менен жагымдуу баарлашуулар болот. Жеке иштериңиз сиз ойлогондой орундалат. Жума күндөн кийин жолго чыкканда сак болуңуз, жашыруун душмандардан абайлаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Капчыгыңызды даярдаңыз. Акчанын келиши күтүлүүдө. Акча негизинен жашыруун булактардан же сиздин жашыруун аракеттериңиздин натыйжасынан улам келиши мүмкүн. Дос, кесиптештер менен чырдашуудан абайлаңыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Сизге бул аптада көп көңүл бурушат. Айрым көйгөйлөргө көңүл бурбастан алгалай берсеңиз, айрыкча достордун, кесиптештердин сый-урматына ээ болосуз. Жетекчиликтен алыс качыңыз. Ортодо чыр чыгышы күтүлүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан