реклама
Супер-Инфодо жарнама
SUPER.KG порталында жарнама
Реклама в Супер-Инфо
Реклама на SUPER.KG
Архив
792   793   794   795   796   797   798  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
akbuura

СҮЙҮҮ ДА КОРГООГО МУКТАЖ!

№797 9-15-февраль 2018-жыл


Түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү мамилеси муз сыяктуу. Бир караганда таза, жылмакай, ажайып сулуу. Бирок туура эмес кадам жасасаң дароо жарака кетет. Канткенде бул назик, морт сезимди коргоп калса болот? Психолог Гүлмира Ишеналиева менен бул суроого жооп издеп көрдүк.

«МЕНИ САКТАП КАЛЧУ КИМ?»
Сүйүү деген эмне? Бул суроого эч ким так жооп бере албайт. Ананчы, көз көрбөсө, кол менен кармай албаса сүйүүнүн эмне экенин ким билмек? Мен өзүмдүн өмүр баянымды айта кетейин. Биздин үй-бүлө – сүйүү деп аталат, кожоюнубуз – адам, жашаган жерибиз – жүрөк, кызматыбыз – адамдын жашоосун көңүлдүү, түстүү кылуу. Бир туугандарымдын бири адамды мекенди сүйдүрсө, бири ата-энесин, бир туугандарын сүйдүрөт, дагы бири жаныбарларды, бири тамакты, ошентип баарыбызда кызмат бар. Мага болсо эки адамды бири-бирин сүйдүрүү кызматы тийген. Кызматым кантип башталганына токтолоюнчу... Кожоюнум ал адам менен кезиккенде жүрөгү катуулап дүкүлдөп согуп, мен кан тамырлар аркылуу бүт денесине тарап саякаттап келчүмүн. Ар бир органга барып кубанычтын кабарын айтам. Кожоюнубуздун организминде өзүнчө эле майрам. Мени менен жолукканга бардык органдар ашыгат. Анткени мен келгенде баары бакытка балкып, жашоо түстүү көрүнүп калат. Чакыруусуз келген майда-чүйдө ооруларды ачык маанайыбыз менен коркутуп, кетирип жиберебиз. Бир нече жыл бактылуу жашадык. Бирок бир күнү ачык кабагыбызга кар жаады... Кожоюнум сүйгөн адамы менен урушуп кетти. Жүрөгү кайгыдан жабыркап, менин тамагым буула, ордумду таппай кысылып кеттим. Эртеси жумушка чыга албадым, жолумду ыза, ый бууп салыптыр. Кийинки күнү да чыкпадым...
Ошентип убакыт өтүп жатты. Мен байкуш арыктап, жүдөп кеттим. Мени баары кыйкырып чакырышат, чыгайын дейм, бирок жолум буулуу. Менин ордума кожоюнубуздун жүрөгүнө кайгы, андан кийин кайдыгерлик дегени келди. Алар муздак, таш боор, мерез эле... Алар келгени кожоюнда түссүз, кызыксыз жашоо башталды. Көп ооручу болду байкушум. Бирок менде аны дарылоого шай жок, кичирейип баратам, үнүм чыкпай калды. Менин да жашагым келет. Мени сактап калчу ким бар? Сүйүү да коргоого муктаж экенин билчү бирөө жарым барбы?..

ОРТОДОГУ СҮЙҮҮНҮН ӨЧҮП БАРАТКАНЫНЫН БЕЛГИЛЕРИ:

  • Кандай темада сөз башталбасын, аягы кайым айтышуу, талашып-тартышуу менен аяктай баштайт;
  • Баскан-турганы, кыймыл-аракети, жасаган тиричилигинен бери кыжырды келтирет;
  • Мени баары бир түшүнбөйт деп колдоону башка адамдан издеп баштайт.
    Жогорудагы критерийлерге көз жумуп, убакыт
    көрсөтөт деп жүрө бербеңиз. Убакыт дарылабайт, ал жөн гана унуткарат. Унуткарганда жаман менен кошо жакшыны да. Мындан кийин кайдыгерлик стадиясы башталат да, сезимдер өчөт, кайра тутантуу оор болот.

ТОКТО! БААРЫН БАШЫНАН БАШТАЙБЫЗ
Биринчи ар бир түгөй өзүн “дарылашы” керек. Кантип?

Өзүңүзгө ишенимдүү болуңуз. Өзүнө ишенимдүү адам түгөйүн кайсы бир жагдайлардан (мисалы, материалдык байлык же башкалардын басымынан) улам эмес, өзү жактырып, сүйүп тандаганынан кабар берет.

Мырза! Мамиледе мырза деген атка татыктуу болуңуз, майдаланбаңыз, кыймыл-аракетиңизде жентльмендик сапаттарды ала жүрүңүз, күчтүү, коргоочу, колдоочу адам экениңизди түгөйүңүз сезгендей болсун.

Айым! Ар дайым өзүңүзгө каранып жүрүңүз, жарашыктуу кийиниңиз: чоюлуп, түлөп кеткен кийимдерден арылыңыз. Адамдын көркү чүпүрөк экенин унутпаңыз. Бала караш керек, тамак жасаш керек деген жөн гана шылтоо экенин эске алыңыз. Ашып кетсе 10-20 мүнөт убакытты өзүңүзгө бөлүп коюңуз. Жарашыктуу кийинип, өзүнө каранган адам баарына жагат, ал эми башкалардын ою түгөйүңүзгө да маанилүү.

Ачык-айрым, ошол эле учурда туруктуу мүнөзгө ээ болуңуз. Өзүңүздүн жасап жаткан ишиңизге, айтып жаткан сөзүңүзгө жоопкерчилик ала билиңиз. Ачууңуз келип турганда оюңузду ошол замат “балп” эттире айтып салбай, анализдөөнү үйрөнүңүз.

Туруктуу болуңуз. Мамиледе туруктуулук, бири-бирине болгон ишеним сүйүүнү сактай турганын унутпаңыз.


ТҮГӨЙЛӨРДҮН ЭСИНЕ!

  • Түгөйлөрдүн эң биринчи катасы – үйлөнгөндөн кийин “эми баары бир мендик” деген ой. Сүйүү – бул эмгек. Кайсы күнү эмгектенбей калсаң, ошол күнү сүйүү өчөт.
  • Сыйлоо, баалоо, колдоо, көңүл буруу... Башкаларга караганда түгөйүнүн колдоосу, ишеними адамга чоң күч берет.
  • Түгөйүңүздү эч качан жамандабаңыз жана башкаларга жамандатпаңыз! Ал түгөйүңүздүн жамандыгынан эмес, сиздин туура эмес тандоо кылганыңыздан, турмушка али жетиле элегиңизден кабар берет.
  • Коркутуп-үркүтүү! Эгер жан шеригиңизди бир нерсеге көндүрөм десеңиз, эч качан коркутуп, үстөмдүк кылбаңыз. Бул ал адамдын ошол замат коргонуусуна, каяша айтуусуна, натыйжада чыр-чатакка алып келет.
  • Аралык. Маал-маалы менен сүйүшкөндөр бири-биринен алыстап, эки жакта жүрүүсү (мисалы, командировка) ортодогу мамилени бекемдейт. Алыста жүргөндө сүйүктүүңүзгө сагынып жатканыңызды жазып билдирүү жибергенди унутпаңыз, ал үчүн өтө жагымдуу болот.
  • Чогуу саякаттоо. Саякаттоо учурунда күнүмдүк жашоонун түйшүгүнөн арылып, экөөнө гана тиешелүү жагымдуу көз ирмемдерди чогулта алышат. Оор күндөрдө жакшы көз ирмемдер маселени жеңилдетүүгө жардам берет.
  • Ар бир адам күнүмдүк жашоодон тажаган убакыт болот. Мындайда түгөйүңүз канча бир убакыт өзүнө гана жаккан нерсе менен алектене тургандай шарт түзүп бериңиз.
  • Бала-чаканын түйшүгүнө оролгон түгөйлөрдө “сүйүү балага өтүп кетет” деген түшүнүк бар. Бирок моюнга алчу нерсе, андай түгөйлөрдүн бири көп убакытка көз алдында болбой калса санааркап, үйгө кирбей жол карап калат. Жаш түгөйлөргө караганда көпкө жашаган түгөйлөрдүн сүйүүсү бекем болот. Анткени алар сүйүүсүн түбөлүк сактоонун жолун табышкан. Сүйүү түбөлүк, болгону ал коргоого муктаж.


Асыл Орозбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(15)
13.02.2018. 11:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
406
Катталган:
26-01-2017
Соӊку аракети:
23-02-2018 21:08
Жынысы:
Белгисиз
+28
Саякат,жаңы кийимге кана акча?Бул нерсени орустар кылат,биз баланчага тойго кошумча,баланча балама өтүк шым идиш аяк балебатер деп жүрүп бир күнү каарып калат экенбиз.Психологдордун 7жылда семейный кризис дегени чын экен ушуга мен аябай ынандым .
18.02.2018. 14:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
20-02-2018 10:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Nevestkaa,
Менимче андай деле эмес акчаны да,мамилени да озубуз башкарабыз. Ошондуктан ар бир нерсенин чечимин таба билуу биздин гана колдо.
13.02.2018. 14:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
10-05-2017
Соӊку аракети:
23-02-2018 16:18
Жынысы:
Белгисиз
+15
Аял озун жакшынакай алып жургонго эркек шарт тузуп бериш керек.
13.02.2018. 15:00 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
03-02-2018
Соӊку аракети:
23-02-2018 22:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+1
Суйуу эмне десе копчулук эки адамдын ортосундагы сезим деп жооп беришет. Ошол сезимди акылга баш ийдирсе болобу? Суйдум деп кары жашына карабай уйлонушуп, анан эле жашообуз бир экенине козубуз жетпей калды дешип ажырашат.
13.02.2018. 15:26 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
05-02-2018
Соӊку аракети:
22-02-2018 23:09
Жынысы:
Белгисиз
+3
Негизги нерсе ишеним,сый,урмат болсо баары жакшы болот.
13.02.2018. 16:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
05-08-2017
Соӊку аракети:
23-02-2018 20:10
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага окшоп тыыынч эле жургулочу
13.02.2018. 21:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
22-08-2016
Соӊку аракети:
23-02-2018 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйбой кою суйбой кою суйбой кою мага сени мумкун эмееееес
13.02.2018. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
182
Катталган:
10-04-2015
Соӊку аракети:
23-02-2018 21:10
Жынысы:
Белгисиз
+7
озуно каранып жургон аял.эч качан куйоом алып берсе каранам деп журбойт.дайыма барбы жокпу озун таза тыкан сулуу алып журот.эркек алып берсе каранат деген ал жонле шылтоо
14.02.2018. 05:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
02-10-2017
Соӊку аракети:
23-02-2018 04:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суйуу-жок!вот!
14.02.2018. 05:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
02-10-2017
Соӊку аракети:
23-02-2018 04:39
Жынысы:
Белгисиз
+6
Суйуу-жок!жактыруу анан конуп калуу анан ушунча болуп калды деп чыдоо анан ошентип карып каласын деп кой)))
14.02.2018. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
17-12-2013
Соӊку аракети:
21-02-2018 16:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Мырза-Аке
+2
Ersin1705,
чын эле ))
15.02.2018. 12:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
15-02-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+1
Gulnaz.GS ошода. Эркекке биринчи сулуу аял корунот. Тыкан тазалыгы. Кандай момент болбосун озубузду кароону унутпайлы.
15.02.2018. 12:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
29-07-2017
Соӊку аракети:
15-02-2018 14:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
0

Супер-Инфо / Психология жана үй-бүлө
СҮЙҮҮ ДА КОРГООГО МУКТАЖ!


№797 9-15-февраль 2018-жыл

Түгөйлөрдүн ортосундагы сүйүү мамилеси муз сыяктуу. Бир караганда таза, жылмакай, ажайып сулуу. Бирок туура эмес кадам жасасаң дароо жарака кетет. Канткенде бул назик, морт сезимди коргоп калса болот? Психолог Гүлмира Ишеналиева менен бул суроого жооп издеп көрдүк.

«МЕНИ САКТАП КАЛЧУ КИМ?»
Сүйүү деген эмне? Бул суроого эч ким так жоо
16.02.2018. 15:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
22-02-2018 19:45
Жынысы:
Белгисиз
+2
А бизде деле любой тема спор жана уруш менен бүтөт,бири бирибизди такыр түшүнбөйбүз менин багытым башка аныкы такыр башка.сырымды да айта албайм анткени баарыбир түшүнбөйт деп демек биздин сүйүү аягына келиптир да э
19.02.2018. 12:53 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
18-11-2017
Соӊку аракети:
20-02-2018 12:05
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу,суйуу!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 4 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 4) бул макалага кирди:

Макалалардын саны:
20286;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: