Жаш ырчы Айдана Дека аз да болсо өз күйөрмандарын таба баштаган убак. Бүгүн бул сулуу SUPER.KG порталынын түз эфиринде конокто болуп, алпаруучуну боёп, ырдап берип эфирдин кызыгын арттырды.
– Айдана, ырдасаң үнүң бар, бирок жакшы репертуар тандай албай жүргөндөйсүң. Аткарган чыгармаларыңдын кайсынысы эл эсинде калды деп ойлойсуң?
– Негизи мен түрдүү жанрда, түрдүү манерада ырдаганга аракет кылам. Репертуарымда жай ыргактагы, бийлей турган чыгармаларым да бар. Ал эми эл эсинде кала турган чыгарма чынында жарата элекмин. Буюрса, баары алдыда. Статистика боюнча интернеттеги кароолордо «Кыздын сыры» деген ырым көп каралып, концерттерде көп ырдадым. Социалдык тармактагы баракчамда күйөрмандарым үчүн чакан сынак уюштуруп, менин ырымды мыкты аткарган күйөрмандарга белек берип турам. Ошол жакта «Кыздын сыры», «Бакытым», «Бийле» деген ырларым көп аткарылды.
– Сахнада жүргөн 3 жылда эмнеге жетиштиң?
– Чоң сахнага чыкканыма 3 эле жыл болду. Бирок мен кичинемден сахна артындагы артисттердин жашоосун көрүп, алар менен чогуу эле жүрдүм. Анткени апам музыкага жакын, тааныш достору да чыгармачыл чөйрөдөн болчу. Бир тууган байкем да ырдайт. Кудайга шүгүр, 3 жылда 8 ыр жаздырып, 6 клип тарттырыпмын. Өзүмдүн бий студиямды ачып, кичинекей кыздарга бий үйрөтүп өзүм менен кошо сахнага алып чыгып жүрөм.
– Айдана, мен сенин жүзүңдү тааныйм, бирок ырларыңды билбейт экенмин...
– Эми адамдар бирөөнү келбети менен, экинчисин ырдаганы менен жаттап калышат окшойт. Сиз мени жүзүмдөн таанысаңыз эми талантым менен таанытканга аракет кылам. Дайыма изденүүнүн үстүндөбүз, жакшы чыгармаларды жаратканга аракет кылып жатам. Өзүм Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөм. Музыкалык билимим болсо да, азыр вокалдан сабак алып турам. Бир жумада 3 жолу бий тобумдагы кыздарга бий үйрөтсөм, калган 3 күндө өзүм башка жактан бийден сабак алам.
– Ата-энеңиз тууралуу айтып беринизчи, алар эмне менен алектенишет?
– Агам Канат Деркембаев мурда ырдачу, азыр өз иштери менен алек. Учурда Каракол шаарында үй-бүлөсү менен жашайт. Атам болсо жаңы курулган үйлөргө домофон орното турган чакан компаниясын иштетет. Апам толук айымдарды арыктатат (күлүп).
– Айдана, түз эфирди көрүп отуруп колуңдагы шакегиңе көзүм түштү. Нике шакекке окшошуп кетет экен...
– Жок, бул колумдагы нике шакек эмес, мышыктын кулагынын сүрөтү түшүрүлгөн. Бир дүкөндөн көрүп жактырып сатып алдым.
– Баса, бүгүн кулагы бар ободогуңузду такпай келиптирсиз го?
– Кулагы бар ободокторум азыр шакекке өтүп жатат (күлүп). Бир аз чоңоюп жатат окшойм.
– Айдана, Ильяз Абдыразаковдун «Эргүү» деген чыгармасын ырдап чыгыптырсың, мага жаккан жок. «Айым де, күнүм де» деген жерин кошуп ырда деп ким кеңеш берди?
– Ооба, менин аткаруумдагы «Эргүү» чыгармасы көп талкуу болду. Мен бул нерсеге даяр болчумун. Бирөөнүн ырын ырдаганда сөзсүз мындай сындар болот. Балким, бул суроону берген колдонуучу Ильяз байкенин ырдаганына көнүп калгандыр. Мен өзүмдүн стилиме салып, корей мотивиндеги рэп кошуп, ремикс кылып ырдадым. Менин көптөн берки кыялым рэп ырдоо. Анан ушул ырдын аранжировкасын даярдап жатканда бир аз корей мотивинде рэп кошпойлубу деп «Айым де, күнүм де» деген жерин кошконбуз. Бирок өзүмө жакты.
– Айдана, мыкты бийлейсиң, бийлеп эле жүрө бербейсиңби? Бийлегенди кимден үйрөндүң эле?
– Апам «сен биринчи басканды эмес, бийлегенди үйрөнгөнсүң» деп күлүп калат. Баса электе отуруп алып колдорумду кыймылдатып бийлей берчү экенмин. «Кас-кас турганда эле бийлечүсүң» дейт апам. Окуучу куракта көп бий сабактарына барып элдик, заманбап бийлерди бийлеп жүрдүм.
– Айдана, Аваз Акимов менен мамилеңерди качанга чейин айтпайбыз деп чечтиңер? Кийин үйлөнө турган болсоңор элге кантип түшүндүрүп бересиңер?
– Жаныбызда жүргөндөй эле аябай ишенимдүү суроо бериптирсиз го? Биз мамилебизди жашырган жокпуз. Ортобузда достук гана мамиле бар, аны баары билет. Муну айта бергенден деле чарчадым. Эми үйлөнгөнгө чейин кыз-жигит мамиледе болуш керек да, бизде андай мамиле жок.
– Учурда жүрөгүңүздүн ээси барбы?
– Жүрөгүмдүн ээси бар же жок деп айткым келбейт. Сөз айтып жүргөн жигиттер бар. Алардын арасынан бир жигит менин көңүлүмдү буруп жүрөт. Бирок мен аны сүйөм деп айта албайм. Анын мага кылган жакшы мамилеси жагууда.
– Айдана, тапканыңдын теңи эле косметикага кетсе керек, ээ? Акчаны ким берет?
– Чынын айтсам, косметикага көп акча коробойт. Салондор менен келишим түрүндө иштешем. Алар мени бекер боёп беришет. А мен аларды бекер жарнамалап, алардын жүзү болуп берем.
– Саламатсызбы, Айдана, өтө арыксыз толоюн деген оюңуз барбы?
– Ооба, салмагым 43 килограмм. Мага азырынча бул салмагым жагат. Бир жолу өзүмө-өзүм эч жакпай мен арыкмын деп көп нааразы болуп койгон элем. Ошондон кийин тамактан ууланып катуу ооруп, ого бетер арыктап кеттим. Болгон келбетиңе ыраазы болгон жакшы экен деп калгам.
Түз эфирден соң...
– Айдана, түз эфирдин жүрүшү жактыбы?
– Ооба, башында кандай суроолор болот экен деп чочулап жаткам. Азыр кадимкидей маанайым көтөрүлүп, сүйүнүп турам.
– Кайсы суроолор жаккан жок?
– Негизи жеке жашоомо тиешелүү суроолорго жооп берген жакчу эмес. Бул эфирде күйөрмандарым үчүн кичине болсо да жеке жашоомдун сырын ачтым.
– Бүгүн түз эфирде конокто болдуң. Конок тоскон жагабы же конокко барганбы?
– Кичинемде конокко барган жакчу, азыр конок тосконду жактырып калдым.
– Эфирде ырдаганыңа өзүң кандай баа бердиң?
– Үйдө ырдаганда жакшы ырдайм, бирок бүгүнкү эфирде бир аз толкунданып кеттим окшойт.
– Кумириң?
– Алина Жетигенованы абдан жакшы көрөм. «Кыздын сыры» деген ырын бергенден кийин мурункудан да катуу жакшы көрүп калдым.
Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg