«14-ФЕВРАЛЬ ЖАНА БИЗДИН РЕВОЛЮЦИЯ»

Биздин мектеп кичинекей болчу. 200дөй эле бала окучу. 14-февраль жөнүндө уккан эмеспиз. Балким, уксак керек, бирок толук түшүнгөн эмеспиз.
Анан райондун борборунан бир кыз келип, биздин мектепте окуп калды. Ал чоң мектептен келди. Алар алдыга кетишиптир, өнүгүшкөн экен, жыл сайын 14-февралды белгилешет экен. Мына ошол «Валентин күнү» деген жаңычылдык ошол кыз менен келди.
Тыпылдаган тың кыз болчу. Катуу кагаздан куту жасап, сыртына кыпкызыл жүрөк тартып мектептин чоң залына коюп салды. Баарыбыз эле көрсөк керек андай кутуларды. Анын баарын сүрөттөп сөз көбөйтпөйүн. Маселе башкада...
Мен ошол тыпылдаган кыз алып келген жаңычылдык тууралуу айтайын деп жатам. Ошол мектепке «валентинкалар» салынуучу куту коюлган күнү биздин мектеп экиге бөлүндү.
Бир тарабы «Бул деген уят, жашабай жатып сүйүүнү эмне кылабыз? Биз окушубуз керек. Жаштык окуу үчүн берилген» деп саймедиреген үлгүлүүлөр болду.
Экинчи тарап оюн уялып толук түшүндүрө албай, бирок сүйүүсүн билдиргиси келгендер болду. Аларда аргумент азыраак болчу. «Эми тура берсинчи, каалагандар катышсын. Каалабагандар катышпай эле койсун» деп негизги түпкү оюн жашырып жатышты.
Антсе да талашта «Уят! Мындай болбойт!» дегендердин үнү катуу чыгып калат экен. Алардын айткандары да адамды ишендирет. Же өмүр бою эле тыюу салуу менен тарбияланып келе жаткандарга дагы бир жолу «болбойт!» деген сөз ишенимдүүрөөк угулуп жаттыбы, түшүнүксүз. Кыскасы, эч ким эч кимге сүйүүсүн билдирбей калды. Баягы кутуну «өрттөйбүз, тытып салыш керек, тебелеп салгыла» дегендер чыкты. Бирок кыз тың болчу. Ал кутуга эч кимди тийгизбей алып кетип калды.
Анан эмне болду? Ушул күндөн тарта баягы тыпылдаган тың кызды мектептин жигиттеринин бири калбай жакшы көрүп калышты. Ал ашып кеткен деле сулуу эмес болчу. Бирок анда өзгөчөлүк бар эле. Мына жигиттердин бардыгы анын «14-февраль» деген жаңылыгы, «кааласаң сүйүүңдү билгиз» деп мүмкүнчүлүк жаратып бергени, дегеле «болбойт, эй!» деген сөз менен чоңоюп келе жаткан бизди сүйүү жөнүндө ойлорго түртүп койгону үчүн жакшы көрүп алдык. Бозоргон боз массанын арасында ал эркин өскөн кызыл гүл болуп көрүндү баарыбызга.
Анан, албетте, сүйүү каттары тыпылдак кызга жаап баштады. Үлгүлүү кыздардын итатайы тутулуп, эмне кыларын билишпей жинденишти. Анткени аларда күйөрман калбай калды да. Анан ошол үлгүлүү кыздар тиги тыпылдак кыз тууралуу толгон-токой ушак таратышты. «Ал бузулган кыз экен, баланча менен өбүшүптүр, баланча менен түнкүсүн жолугат экен», айтор, ушундай... Мектепте жашоо күргүштөп жүрүп жөнөдү. Талкуу жаралды. Эки тарап, үч тарап болуп бөлүндүк. Тыпылдак кызга ашык, анын намысын коргогондор өзүнчө, ушакка ишенип кошо таратышып жүргөндөр өзүнчө жана буга кайдыгер карабай «аягы эмне менен бүтөр экен?» деп аңдыгандар өзүнчө болушту. Бири-бирибизге атаандашып баштадык. Мен тыпылдак кыз жакта болчумун. Ооба, ага ашык элем. Кеп анда эмес бирок...
Тыпылдак кыздын командасы модалуу жүргөндөр болуп алдык. Башкача айтканда, көйнөктү шымга шымдабай, бош коё берип жүрмөй, чачты ар кандай кылып жасалгаламай биздин «фишкалар» болчу... Биз заманбап болчубуз. А тигилер тысырайгандар болчу. Үлгүлүүлөр эле. Өзгөрүшкөн деле жок.
Анан акыры мектеп президентин шайлай турган күн келди. Мына кульминация ушул жерде болчу. Тыпылдак кыз талапкерлигин койду. Ал жакшы окучу. Анын каршылашы болуп дээрлик 7-классынан тарта президенттик орунду бербей келе жаткан, ар дайым чачын тысырайта байлап, кофтасын бир бырышсыз тыкырайтып алып жүргөн, өмүрүндө бир дагы 4 ала элек, кара тору үлгүлүү кыз чыкты. Анын көз карашы сүрдүү болчу.
Шайлоо башталды. Аа, баса, бюллетень менен шайлоону тыпылдак кыз киргизген. Аны айтсам окуя созулуп кетет го. Кыскасы ошол, биз ошондо биринчи жолу шайлоо укугуна ээ болгонбуз...
Шайлоонун жыйынтыгын чыдамсыздык менен күттүк. 1, 2, 3 саат. Акыры жыйынтык чыкты. Жеңишке тыпылдак кыз ээ болду! Эч ким күткөн эмес! Биз аз болчубуз! Бирок добуштардын дээрлик 80 пайызы биздин талапкерге берилиптир. Кыйкырып жаттык, кыйкырып жаттык! Уф, ал күндү азыр эстесем да толкунданып кетем. Көрсө, баары эле жаңы нерсени самап, жактырышкан экен да...
Мунун баары менен эмне айткым келет? 14-февралды майрамдагыла же майрамдабагыла дебейм. Ал ар кимдин тандоосу. Менин айтайын дегеним, өзгөчө болгула, өзүңөрдө революция жасагыла, башкаларга окшош кийинбегиле, башкаларга окшоп ойлонбогула, көнүмүш нерсеге альтернатива болгула, боздун жанында кызыл болгула, кызылдын арасында көк болгула... Өз ою бар, өзү чечим чыгара ала турган өзгөчөлөрдү гана жеңиш ээрчип жүрөт! Ийгилик баарыңарга!


Марат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Jeki95
2018-02-13 12:38:00
Азамат кыз экен. Ушундай кыздар балдар кобойсун. Баса суйушкондор кунунор менен келе жаткан.
+9
Aigerim4545
2018-02-13 20:04:52
эртен да суйушкондор куну биз кантип тосоор экенбиз адатынча майрамын менен деп койбосо эле
+4
Akniet_kg96
2018-02-14 00:51:34
майрамынар менен
+2
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан