«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)

(Башталышы өткөн сандарда)


– Алибек, мен өз тагдырымды эч нерсеси калбагандай талкаладым. Биздин кыялдарыбыздын да таш талканы калбай бычыранды. Көрбөй жатасыңбы? Биз азыр таптакыр башкабыз. Менин уулум бар, сенин да. Энесинин карынында жаткан наристенин эмне күнөөсү бар? Эмне үчүн ал атасыз калышы керек? Мен бул жашыма чейин өзүмө-өзүм таза болуп жашадым. Канчалык күч колдонушса да мени кирдете алышкан жок. Мени сен кирдетпе, Алибек. Мен сени үй-бүлөңдөн ажыратып алып ошол жүк менен өмүр бою кантип жашайм?
– Мен сени сүйөм.
– Алибек, сүйүү ушулбу? Экөөбүз эки жандын убалына карабай кошулуп алганыбыз сүйүүбү?
– Демек, сен менден башканы сүйөсүң. Сен Керемди сүйөсүң, туурабы? Же байлыгына азгырылып жатасың? Айтчы, эмне болду?
Жамиля тиктеп турду да, терс бурулду. Алибек чуркап жетип колдон алды да, кучагына кысты.
– Кайда баратасың?
– Коё бер мени.
– Коё бербейм, мен сени коё бере албайм. Сен меникисиң!
Жамиля кучагынан күч менен жулуна берди.
– Мен сеники эмесмин! Мен сеники, же тигиники, же мунуку боло тургандай буюм эмесмин.
Алибек кучагынан бошоткон жок. Жулунуп жаткан кыз колдору алсырады, аргасыз ийинине жөлөнө берди. Алибектин эриндери жакындап келе жатты. Жамиля каршылык кылбаганга аргасыз эле. Ысык өбүшкөн эриндер акыл-эсин тумандатып жиберди. Мындай күчтү, мындай ысык толкунду токтотконго экөөнүн тең алы жетпейт эле.
– Мейманканага кетеличи,- деди алсыз шыбыраган Алибектин эриндери. Жакын жерде эле болчу. Кантип жетишти? Басып жетиштиби же Жамиляны көтөрүп алдыбы, экөө тең байкабады. Жер көчүп, аалам айланкөчөк... Алибек ушул учурду өмүр бою күтүп келгендей аптыгып, энтигип, сабырсызданып Жамилянын кийимдерин чече баштады.
– Өзүм...- деди ал. Алибектен көзүн албай көйнөгүнүн топчуларын чече баштады. Кара чачы ийинине түшө апакай денеси кол менен жасап койгондой көркөм эле.
– Жамиля, менин Жамилям...- деди ал алдында турган аялдан көзүн айрый албай. Кумары, сүйүүсү, сагынычы ашып-ташкан бир көз ирмем эле. Эки кусадар дене бири-бирине эрктен тыш умтула, алардын ысык деминен аалам термеле түшкөндөй, кумарынан улам деңиз жээкке урунгандай ала салып жатты.


ххх


Керем Эге менен жолугууну күтүп жаткан. Кабар келери менен ордунан шашып туруп жөнөп калды. Компаниядагы иштер, энеси, Шерифе тууралуу сурап бүттү. Жамиляны сурай албай туруп калды.
– Ал кете элек,- деди көз карашынан байкаган Эге.
– Кайда?
– Билетти кийинки убактарга жылдырышты. Мейманканада...- деп токтоду Эге. Улантсамбы же улантпасамбы деген таризде.
– Айт.
– Тигиниси менен...
Керем жыланды көргөн бакадай тостойду да, калды.
– Артынан киши койгом. Экөө бирге.
Керем башын чулгуп алды. Үн-сөзсүз көпкө отурду. «Мүмкүн эмес! Мен билген Жамиля бул жорукка барбайт. Менин уулум колунда турганда мындай кыянаттыкка барбайт» деп жатты дили зырылдап. Көз алдына Алибек үйлөнүп алгандагы абалы келди. Боздоп, бетин аткып, аалам аңтарылып бараткандай күйүп кеткенин эстеди. «Сүйөт ал немени! Мен бекер колумдан чыгардымбы? Өз колум менен тигинин кучагына салып бердимби? Хм, мына, анан эмне болмокчу? Эмнеге үмүт кылдың сен көк мээ?» деп жатты өзүн-өзү кекетип.
– Эмне буйругуңуз бар?
– Шерифеге айт, мени бул жерден тез бошотсун.
– Ал «Жамиля бул жактан кетмейинче бошотпойм» деп жатат.
– Анда Жамиля менен сүйлөш, кет де. Эмне, аны да сага мен айтайымбы? Мен бул жерден тез арада чыгышым керек!- жаалданып кыйкырып алган Керем камерасына жөнөдү. Кимдир бирөө кыкындырып жаткандай тынч ала албады. Көйнөгүнүн жакасынын топчуларын чечти. Аба жетпей жаткандай отура калды. Көз алдында Алибек менен Жамиля.
– Жок, мүмкүн эмес!- деп бакырып алды. Камерадагылар аны кайдыгер карап койгону болбосо, эч бири басып келген жок. Ичи өрт жалын болуп күйүп жатканын ким билсин?


ххх


– Кутман таң,- деди жылмайган Алибек. Эрдин бүлк эттире жылмайып койгону болбосо, көзүн дагы деле ачпай жатты Жамиля. Бул иш кандай болуп кеткенине акылы жетпей жатты. Түндө гана аял менен эркектин ортосундагы боло турган керемет жакындыкты сезди. Мындай нерсеге биринчи туш болгондуктан өтүп кеткен кумарга дагы деле мас. Бүт денеси от болуп күйүп тургандай сезилди.
– Туралыбы?
– Жок, турба,- деп жиберди шашкалактап. Азыр Алибек туруп кетсе эле бүтүндөй бул сыйкыр жоголуп кетчүдөй.
– Мен бүгүн билет алайын, макулбу?- деди кайрылып келип кучактаган Алибек.
– Кетелиби?
– Кетели, жаным. Мени сенден эми эч ким ажырата албайт. Нуриляны Кыргызстандан деле дарылатып алабыз.
– Макул. Бирок...
Жамилянын сөзү оозунда калып кетти. Кубанган Алибек дароо билет алганга камына баштады. Эртеси эле алар мекенине кайтышты.


ххх


Аз убакыттан кийин эле Керем эркиндикке чыкты. Шерифенин колундагы видеобайкоодо үй кызматчы Ахмедге сайыла турган ийнени алмаштырып жатканы сакталган эле. Ал көп акчага бардык күнөөнү моюнуна алды да, жабылуу аяк жабылуу боюнча калды.
– Кош келдиң, уулум,- деп кучак жайган энесине утурлаган Керем кучактап калды. Бир уулу каза болуп, экинчиси түрмөгө кеткенине алда канча карый түшүптүр.
– Кош болдук, эне. Сен кандайсың?
– Баары жайында.
Эне-бала ашыкча сөз айтышкан жок. Керем айланасын тиктеп алды. Эмренин үнү толуп, тыпылдаган кадамы угулуп турчу үй тымтырс. Жамилянын назик үнү анда-санда угулуп турчу бакча ээн. Биринчи жолу Керем өзүн ай талаада жалгыз калгандай сезди.
– Бассейндер тазаланбай калыптыр,- деди ал үй кызматчысына.
– Кайсы, мырзам?
– Кичинесин да, чоңун да тазалап кой.
– Кичине мырза жок болгондуктан...
– Эмре ойной турган бассейнди да, ойноочу жайларын да жайына келтирип кой,- деди ал сүрдүү гана. Экинчи кайрылып келбейт деген ойду ойлогусу келген жок. Иш бөлмөсүнө кирди. Терезеден көчөнү карады. Компаниясына жөнөдү. Алаксып мурункудай жашагысы келди. Бирок кимдир бирөө анын жашоого болгон кумарынан айрып салгандай эч бир нерсеге алаксый албады. Көчөдө эл толтура, бирок анын жүрөгү бопбош. Жанында адамдар бар, бирок жалгыз. Канчалык акыл-эсинен сүрүп чыгарып салайын десе да болбой Жамилянын карааны ээрчигени ээрчиген. Өзү менен өзү күрөшүп жатты. Алибекти ээрчип басып кеткени үчүн кыжырданып, жек көргүсү келди. Анткен сайын андан көбүрөөк сүйүп жатканын байкады. Абалын баары байкашты. Айрыкча энесине оор болду.
– Керем, сен минтип көпкө чыдай албайсың. Бир нерсе болосуңбу деп корком.
– Жок, мен эч нерсе болбойм.
– Өзүңө бир жаңы барак ач. Жашооңдогу жамандыктын баары кетсин. Унутканга аракет кыл. Кааласаң Шерифе менен да ажыраш. Жашоодо аялдар көп, балам. Бир үй кызматсычы болуп келген кызга...
– Уф, эне. Сен менин абалымды ушинтип жеңилдеткиң келип жатабы? Ал үй кызматчы сенин небереңдин энеси. Менин...- тили байланып токтоду...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (30)
Nagii
2018-02-13 10:43:21
Ошондо Эмрени алып кеттиби Жамийла?
-3
Nurik1988
2018-02-13 10:46:15
Мен колумдан келсе Алибеке бермекмин
-1
nurhan2702
2018-02-13 11:11:31
Бир кезде Жамилянын тагдырын талкалаган Керем болбоду беле, эми эмнеле баарын Керемге боорунар ачып калган
+4
LittleBarbie
2018-02-13 12:05:07
Журок тынчый тушту.Кыргызстанга келгенин окуп алып:)))Сериалды коргондой эле боломда окуп жатып.
+3
aliya-leyla
2018-02-13 12:08:54
Эми Жамилянын Алибектен да боюнда болуп калбаса эле болду
+8
Dina.janym
2018-02-13 13:29:20
Уух, но конец то Кыргызстанга кетти е Жамийла, эми жүрөгүм ордуна келди. Керем кылгылыкты кылып коюп... шүмшүк десе. Жамийланын бир тал чачына арзыбайсың сен, ал Алибек менен бактылуу болуусу керек...!!!
-2
AKCAHAT
2018-02-13 15:50:53
Dina.janym, Керемден отуп Алибек ит экен айдай аялын баласы мн бир шуркуяга алмаштырганын Керем озу бузуп ондойун деп аракет кылып атат баардык кучу мн, Алибек бир кылка жашоосун талкалады. Генден отот деген тууракен го аялы баласы бар эркек мн боло калганын гостиницалап. Суйушпой судуролуп калгырлар. Уй було, бала чакасы, ата энесинен улукпу суйуу? Акмактар десе))
+9
Khanbolot98
2018-02-13 23:35:10
AKCAHAT, Баазар жок)))))
+6
Miya
2018-02-14 01:21:44
AKCAHAT, Туура айтасын! Мен Жамиляны мындайга багат деп ойлогон эмесминда. Апасынан калышпайтко. Уялбай гостиница барганын. Соз жоок! Байкуш аялычы!
+5
Aidani
2018-02-13 14:43:30
Алибек чумо бир кыздын убалына убалына калдын ит экесин, эркек эмес экенсин
+3
Upol11
2018-02-13 15:33:15
Супер
+1
Nurjan.bsn
2018-02-13 16:42:35
Чыгарма сонун жазылган ,уландысын чыдамсыздык менен кутом.Эх суйуу
+2
sarter-9301
2018-02-13 21:06:29
Ушул сериясы бактылуулук тартууладыго. Суйуп калсан кандай абалда экенине карабай суйосунда.
-1
saza20
2018-02-14 13:46:14
окуганга шашып кызыгып окуп бутуп алып дагы тез эле толук бут окугум келип кетти. комментарийлерди окуп каткырдым.
комментарийлер да кызык болуп жатат.
+1
tokoev87
2018-02-17 21:40:21
Бул жөн эле чыгарма туугандар катуу кетпегиле. Кааласаң кийинки сериалында обратно алып келип коёт же башкача силер каалагандай
0
Bulak25
2018-02-18 19:38:34
жамилянар воопще жакпай калды...
Керем менен калышын куттум эле!
+1
Arhideia
2018-02-19 14:43:07
Bulak25 Адилеттуулук болуш керек да. Байкуш жаш кыздын кыялын, арзуусун бузганы учун калыш керекпи? Алибектин аялы да озу ыраазы болуп тийген Жамиляны суйорун билип туруп. Ортодо суйуу бар. Алибектей чыныгы эркектер коп болсо экен. Азыркы эркектер сен болбосон башкасы дейт 90 пайызы
+1
saza20
2018-02-19 13:58:35
смайлик быйтыкчаларды жоното турчу болсо комментарий жазып отурбай каткырган быйтыкчаларды жонотуп кою отура берет элем
0
Djka
2018-02-21 06:03:58
Alibektei erkek imiwterdin aiynan kan4a degen kyz kelinder jawoodo kyinalyp jatat tagdyryna naalat aitkandary kan4a deisiner dagy ne dese buga alsyz a9l kiwini kunolowot erkekter imiwter myndailar ozdorun gana oilowkon ozum4ul jeksur nemeler da jamil9ga ne er jokpu er syrap jatsa Kerem dele bar go Janynan artyk korgon kantseda Jaman bolso da balasynyn atasy bol4u da Jamil9 uwuntip biroonun jawoosun buskan4a olup ele kalsa bolmok eken Sherife Ahmedti emes nege Jamil9ny olturunu oilobogon
0
№ 797, 9-15-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан