«Инсан» тобунун солисти, ырчы Тынай Алыбаев сахнадан көрүнбөй жүргөн. Көрсө, ырчы мырза ыр, бийге шыгы бар таланттардын өнөрүн ача турган жана спорттук жөндөмдүүлүгүн арттыра турган борбор ачууга убактысын, эмгегин коротуп жүрүптүр. Окутуу борбору ишке кирген соң чыгармачылыгына көңүл буруп, репертуарын жаңы ырлар менен толуктоонун үстүндө иштеп жатканын белгиледи.
«Тарбия бере турган куракка келип калыптырбыз. Ойлонуп жүрүп, комплекстүү окутуу борборун ачууну туура көрдүм. Музыкалык жөндөмү барларды, спортко кызыккан жаштарды эске алып, ар тараптуу болсун дедик. Учурда вокал, элдик аспаптарда ойноо, боди-балет, йога, ушу жана башка багыттагы ийримдер өз ишин баштады. Мындан тышкары кош бойлуу энелердин саламаттыгын да эске алып, атайын машыгуу залын уюштурдук»,- дейт ырчы.