Ош улуттук драма театрында жакында жазуучу, драматург Султан Раевдин калемине таандык «Илегилек» драмасынын негизинде спектакль коюлат. Спектаклде башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ойноору жана билет баасы 750 сом экендиги тууралуу жарнамалар илинген. Мындан улам социалдык тармактарда «Белгилүү ырчы башкы ролду ойногондугу үчүн баасы кымбат болуп жатабы?» деген суроолор жамгырдай жаады.
Бул боюнча Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймактагы маданий борборунун жетекчиси, ырчынын жолдошу Асан Мансуровго байланышканыбызда ал: "Биздин театрда коюла турган "Илегилек" спектаклине билеттер 200 сомдон 750 сомго чейин коюлган. Алдыңкы үч катардагы орундардын баасы 750 сом, ал эми калган катардагы орундар 200 сомдон. Спектаклди коюу үчүн атайын борбордон сүрөтчү, жарык берүүчү жана башка адистер чакырылган, ошол себептен билет баасы кымбат. Экинчиден, балким, билет баасы кымбат болсо, көрүүчүлөр "жакшы чыгарма го" деген ой менен көбүрөөк келеби деп ойлогонбуз. Ар ким өз каражатына жараша билет сатып алса болот. Бул спектакль көпчүлүктүн купулуна толот деген ойдомун",- деп билдирди.
Спектаклдерге бааны ким коёт жана ким көзөмөлдөйт деген собол менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине байланышып:
«Негизи спектаклдерге болгон бааны Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Маданият министрлиги менен биргеликте 200 сомдон 500 сомго чейин деп бекиткен. Эмне себептен «Илегилек» спектаклинин баасы кымбат деп териштирүү болду. Спектакль мамлекеттин эсебинен эмес, жеке ишкерлердин каржылоосу менен уюштурулгандыктан, биз бааны өзгөртө албайбыз»,- деген жоопту алдык.