Ырчы Ильяз Андаш "Бишкек жылуулук тармагы" мекемесине нааразы. Ырчы:
«Өткөн айда 2296 сом ысык сууга жана жылуулукка төлөгөм. Бул ирет андан 157 сомго гана аз жазып беришиптир. Бишкек ЖЭБинде авария болгон күндөрү жылуулук гана эмес, электр жарыгы да үзгүлтүккө учурап жатты. Мындай кырдаалга биринчи жолу туш болдук. Базардан бир эмес, эки жылыткыч сатып алдык. Ал дагы үйүбүздү жылыткан жок. Кызым сыркоолоп, дары-драмектерди ичип жатат. Биз 5 күндө 10 миң сомдой чыгаша болдук. Ал эми Бишкек жылуулук борбору катасын 157 сомго баалаптыр. Эмнеге мындай деп жылуулук тармагына барсам, арыздарды кагаз түрүндө гана кабыл алабыз дешти»,- дейт.
Бул боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" мекемесине байланышканыбызда: «Бул айда жылуулук үзгүлтүккө учураганына байланыштуу бардык колдонуучуларга январь айынын 26 күнүн эсептеп, 5 күнүн эсептеген жокпуз»,- деп билдиришти. Мурда 1 айлык кызматын 2296 сомго баалап келген "Бишкек жылуулук тармагы" 5 күндүк мүчүлүштүгүн 157 сомго гана баалаганы суроо жаратат...