– Жүрү, меникинен чай ичебиз...
– Чай элеби?
– Жок, таттуулар да бар...
Чындыгында чайды ар ким менен, каалаган жерден эле иче бербейбиз. Үй шартында жакын, санаалаш адам менен чай ичүү, сырдашуу жан дүйнөгө ырахат тартуулаары айтпасак да белгилүү. Андыктан кыштын кунарсыз кечтеринде даамдуу, витаминдүү ысык чайга жана шилекей агызган таттууларга токтолуңуз.
КАК ЖАНА ЖАЛБЫЗ ЧАЙЫ
Керектелүүчү азыктар:
Жалбыз – 5 жалбырак
Кургак чай – 2 чай кашык
Өрүк как – 4 даана
Кара өрүктүн кагы – 4 даана
Суу – 800 миллилитр
Лимон – 4 кесим
Татымына жараша бал же кумшекер
Даярдоо ыкмасы:
1. Мөмө-жемиш кактарын жууп, кургак чай менен кошо чайнекке салып, анын үчтөн бир бөлүгүнө чейин кайнак суу куюп, 5-7 мүнөткө жылуу ороп коёбуз. Андан кийин дагы кайнак суу куюлат.
2. Пиалага жалбыздан жана лимондун кесиминен салып, чайдан куюп, татымына жараша бал же кумшекер кошуп ичсеңиз болот. Эгер чай коюу болсо кайнак суудан кошуңуз.
ЫСЫК ЦИТРУС ЧАЙЫ
Керектелүүчү азыктар:
Каркаде чайы – 1,5 аш кашык
Лимон – 1 кесим
Апельсин – 3 кесим
Суу – 1 литр
Бал – 2 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Жемиштерди жууп, калыңдыгын 1 сантиметрдей кылып тегерек формада кесебиз. Кабыгын аарчып салууну унутпаңыз.
2. Чайнекке чайды жана жемиштерди салып, кайнак сууну куябыз да, 10 мүнөткө жылуу ороп демдеп коёбуз. Чайыбыз даяр! Татымына жараша балдан кошуп ысык ичүү сунушталат.
ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ!
Кургак чай жаңы өндүрүлгөн болсо курамындагы эфир майлары сакталып даамы артып турат. Негизинен кургак чайдын сактоо мөөнөтү 2 жыл.
Чайдын негизин суу түзөт. Андыктан даамдуу чай ичкиңиз келсе крандагы эмес, булак суусун тандаңыз.
Фарфор жана айнек чайнекке демделген чай башка идиштерге демделген чайга караганда даамдуу болот. Демдээрде эски чайды төгүп, сөзсүз чайнекти ысык суу менен чайкоону унутпаңыз.
ПОНЧИК
КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Жумуртка – 1 даана
Кумшекер – 50 грамм
Сүт – 70 миллилитр
Суу – 50 миллилитр
Каймак май – 15 грамм
Ун – 250 грамм
Ачыткы – 7 грамм
Ашкана содасы – 0,5 чай кашык
Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Жылуу суу менен сүткө кумшекер, ачыткы, татымына жараша туз кошуп аралаштырабыз.
2. Эми мунун үстүнө эленген унду салып камыр жууруйбуз. Андан соң камырга бөлмө температурасында эриген каймак майды кошуп жакшылап ийлейбиз.
3. Камырды жылуу ороп, ачыганча тыныктырып коёбуз.
4. Ачыган камырды калыңдыгы 3 миллиметрдей кылып жайып, тегерек формада кесебиз. Стакандын оозун пайдалансаңыз болот. Кесилген тегерекченин ортосун андан кичирээк тегерекче кылып кесебиз. Желим бөтөлкөнүн капкагы жарайт.
5. Камырдын бетин жаап, 20-30 мүнөттөй тыныктырып коёбуз. Бул аралыкта ал кайрадан көтөрүлөт.
6. Эми камырды ысып турган майга эки тарабын боорсоктой кызартып бышырып алабыз да, кагаз майлыкка тизип, ашыкча майын сарыктырып алабыз. Муздаган соң үстүнө кумшекер упасынан себелеп же болбосо эритилген шоколадга бир тарабын малып, глазурдан себелеп дасторконго койсоңуз болот.
ПАНКЕЙК
Керектелүүчү азыктар:
Жумуртка – 1 даана
Кумшекер – 25 грамм
Ванилин – 1 чымчым
Ун – 150 грамм
Сүт – 150 грамм
Көбүрткүч – 5 грамм
Каймак май – 20 грамм Татымына жараша туз
Даярдоо ыкмасы:
1. Жумуртканы чагып, ага ванилин, туз менен кумшекерди кошуп чалабыз.
2. Андан соң жылуу сүт менен бөлмө температурасында эриген каймак майды, ун менен көбүрткүчтү салып аралаштырабыз.
3. Табаны отко коюп какшыган кезде камырдан куюп (көлөмүн өзүңүз каалагандай кылсаңыз болот, ал эми калыңдыгы 3 миллиметр болушу шарт), капкагын жабасыз. Панкейктин үстү көбүктөнүп чыкканда экинчи тарабына оодарып, кызартып бышырып аласыз. Бышкан панкейктин үстүнө эритилген шоколад, бал, сироп, кыям куюп берсеңиз болот.
ФОНДАН – ХАНЫШАЛАР ДЕСЕРТИ
Керектелүүчү азыктар:
Каймак май – 50 грамм
Шоколад – 100 грамм
Жумуртка – 3 даана
Ун – 3 аш кашык
Кумшекер – 50 грамм
Какао (же манна акшагы) – 1 аш кашык
Даярдоо ыкмасы:
1. Шоколад менен каймак майды майдалап, бир идишке салабыз. Эми бул идишти ичинде суу кайнап жаткан идиштин ичине салып эритип алабыз.
2. Жумурткаларды чагып ага кумшекерди кошуп, көбүктөнгөнчө чалабыз.
3. Жумуртка аралашмасынын үстүнө алгач унду, андан соң шоколад, каймак май массасын куюп дагы аралаштырабыз.
4. Кекс бышырган калыптын ичине ун, какао же манна акшагынан себелеп, даяр аралашманы куябыз. Толтура куйбаңыз! Бул масса көтөрүлөт.
5. Калыпты 180 градуста иштеп турган мешке 8 мүнөткө гана салабыз. Бети катары менен чыгарып алабыз. Таттууну кескенде ортосунан шоколад агып турушу шарт.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg