Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз өлкөсүнүн Орусияга болгон 240 МИЛЛИОН ДОЛЛАР карызын кечүү жөнүндө мыйзамга кол койду.
Бишкектеги «Мамлекеттик тарых музейи» президенттин жарлыгына ылайык, «УЛУТТУК ТАРЫХ МУЗЕЙИ» деп өзгөртүлдү.
Бишкектин Жылуулук электр борборундагы АВАРИЯДАН улам үйлөр талаптагыдай жылытылбагандыктан 27-январдан 2-февралга чейинки күндөргө жарандар жылуулук үчүн акча төлөөдөн бошотулат.
Жогорку Кеңештин депутаттары ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ (КСДП), ТААЛАЙБЕК МАСАБИРОВ жана АЛМАЗБЕК БААТЫРБЕКОВ («Кыргызстан») 9-февралда АКШнын президенти ДОНАЛЬД ТРАМПТЫН атайын сый тамагына катышат.
Республика боюнча 7 миңден ашуун жаран КУРГАК УЧУК менен ооруйт.
БИШКЕК ЖЭБинин ДИРЕКТОРУ Нурлан Өмүркул уулу кызматтан бошотулуп, ордуна Андрей Воропаев дайындалды. Воропаев ЖЭБди 2013-2017-жылдары да башкарган.
Мамлекеттен ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ ала турган жарандардын өлкөдө турак жайы болбошу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кабарлашты.
2018-жылдын январь айында өлкө боюнча 1 миллиард 886 миллион 747 миң киловатт-саат ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ пайдаланылган. Бул былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 123 миллион 349 миң киловатт-саатка көп.
2016-жылы өлкөдө АРАКЕЧТИККЕ эркектер аялдарга караганда 7 эсе көп чалдыккан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
2018-жылга карата мамлекеттик БЮДЖЕТТИН ТАРТЫШТЫГЫ 20,2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Жарандар жаңы төрөлгөн балага берилчү СҮЙҮНЧҮ ПУЛДУ 10-февралдан тарта ала башташат.
Өлкө аймагында КҮЙҮҮЧҮ МАЙДЫН баасы 4-6 пайызга чейин кымбаттайт. Буга дүйнөлүк базардагы мунайдын баасынын кымбатташы себеп болууда.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.