Данияр Токтомаметов & Эльдана Сатыбалдиева: «БИЗ ЖУМУШУБУЗГА ҮЙЛӨНҮП, ТУРМУШКА ЧЫГЫП АЛГАНБЫЗ»

Инстаграм жылдыздары mc_doncha деген ат менен белгилүү Данияр Токтомаметов жана eldana_foureyes деген ысым менен белгилүү Эльдана Сатыбалдиеваны эми «Азия Микс» КВН командасынын оюнчусу катары көрүп баштайсыз, окурман. Күлкүлүү видеолору менен Инстаграмда жүз миңдеген окурмандарды чогулткан видеоблогерлер учурда аталган КВН команда менен ири долбоордун үстүндө иштеп жатышат. Анын ичине элди күлкү менен сугаруу милдети да кирет. Эске салсак, Данияр Токтомаметов «Слёзы текли вверх» деген ыры менен орусиялык ырчы Тиматинин мактоосуна татыган. Ал эми Эльдана көп жылдан бери күлкүлүү видеолорду Инстаграмга жүктөп, ал тармакты мыкты өздөштүргөн видеоблогер. Бүгүн биздин сыйлуу төрүбүздөн орун алган кыргыздын ушул эки таланттуу жаштары кызыктуу маек куруп беришти.

– Кандайсыңар, Эльдана, Данияр? Маегибизди кантип «Азия микс» командасына кошулуп калганыңардан баштасак?
Данияр:
– Жакшыбыз. Мен негизи башынан эле КВНде ойноп жүрчүмүн. «Азия микс» командасындагы балдар менен көптөн бери жакшы тааныштарданбыз. Былтыркы жылдын аягында балдар «кел, ойноп көр» дешти. Келдим, ойнодум, жактырышты, командага кабыл алындым. Буга чейин КВНде ойноп жүргөндүктөн чоң кыйынчылыкты деле сезген жокмун.
Эльдана: – Мен буга чейин өмүрүмдө КВНде ойноп көргөн эмесмин. Мага деле Данияр сыяктуу аталган команданын балдары чалып командада ойноону сунушташкан. Биздин жумушта командабыз чакан болгондуктан видео тартуу жана тамаша аткаруу менен эле чектелбейбиз. Колдон келсе техникалык жактан да кол кабыш кылганга аракет жасайбыз. Видео тартууга, аны монтаждоого, айтор, колдон келген нерсени жасоого үйрөндүк.

– Силерди кандай критерийлер менен командага кабыл алышты деп ойлойсуңар?
Д.:
– Чыгармачылык дареметибизге карашты го дейм. Идея жаратууда, чыгармачылыкка болгон өзгөчө мамилебизди байкашкандыр. Балким, Инстаграмдагы окурмандарыбыздын саны да бизди командага алууга салмак кошкондур.

– 10-11-февраль күндөрү Ташкентке барып келдиңер. Ал жакка болгон сапарыңар кандай өттү?
Э.:
– Чынын айтсам, биз элестеткенден да сонун өттү. Унутулгус сапар болду. Өзбекстандык КВН командалары «Достук кубогун» өткөрүп «Азия Миксти» концертине чакырышкан экен. Биз ал жакка барып өзбек элинин меймандостугуна суктанып кайттык.
Д.: – Ооба, Ташкентке барып даам сызгандан баштап баары жакты. Кеткибиз келбей жатып мекенибизге кайттык.

– Эльдана, өзбек актрисасы Шахзода Матчановага суктанып бүтпөгөн видеолоруңду Инстаграмдан көрүп жаттык...
Э.:
– Чынында мен ал актриса менен жолугушканыма аябай кубандым, анын жанында турганыма сүйүндүм. Аябай жөнөкөй жана сулуу айым экен. Менин Инстаграм баракчамдагы ага болгон суктануум атайын видео үчүн аткарылган эмес. Ошол кездеги эмоциямды, суктануумду видеолорумда чагылдырып окурмандарым менен бөлүшкүм келди.
Д.: – Ооба, Эльдана кээде Инстаграмга видео тартып жатканын деле унутуп өзүнчө толкунданып жүрдү. Адам миллион сом утуп алса кандай сүйүнөт, элестете аласызбы? Төрт күн Ташкентте жүрүп Эльдана күндө ошондой толкуп-ташкан, суктанып бүтпөгөн эмоцияларга чөмүлүп калды. Шахзода Матчанованы көргөндө миллион сом утуп алгандай эле сүйүнүп жатты.

– Данияр, буга чейин акцент менен рэп окуп таанылган элең, бул талантыңды улантасыңбы?
Д.:
– Көпчүлүк мени сиз айткан рэп ырлары менен белгилүү болгон деп ойлошот экен. Жок, ага чейин 5-6 жылдай КВНде ойноп жүргөм. Чыгармачылыкты КВНден баштадым, ал эми акцент менен рэп окуу бул жөн гана образ. Бул образ мага популярдуулук алып келгенин танбайм, бирок мени эстеп калчу башка таланттарым деле көп.

– Эльдана, Данияр сага кыргыз тилин үйрөткөн видеоңорду көрүп аябай күлүп жатабыз. Дагы деле кыргызча үйрөнө элексиңби?
Э.:
– Данияр экөөбүздүн көпчүлүк убактыбыз азыр «Азия Микстеги» долбоор менен өтүп жатат. Бирок кээде бош убактарда ушинтип күлкүлүү видеолорду тартып баракчаларыбызга жүктөп турабыз. Көпчүлүк билсе керек мен кичинемден орус бала бакчада, орус тарбиячынын колунда өсүп, орус мектепте окуп кыргыз тилинде жакшы сүйлөй албайм. Азыркы тил менен айтканда, жаңы кыргызмын деп койсом болот. Кыргыз тилин билбегениме, албетте, уялам. Биз ушул көрүнүштү күлкү аралаштырып видеого тартууну максат кылганбыз. Видеодо Данияр мага кыргыз тилин үйрөтөт. Мен сыяктуу жаңы кыргыздар көп эле болсо керек. Элге жагып, жакшы кабыл алышууда. Азыр апамды мени менен бир гана кыргыз тилинде сүйлөш деп жатам.

– Кана, кыргызча сүйлөп берип койчу анда...
Э.:
– Азырбы? Жо-ок, коюңузчу. Бир жылда нукура кыргыз болуп калам, ошондо сүйлөтүңүзчү.

– Эльдана, Инстаграмдагы дээрлик көпчүлүк билдирүүлөрүңдө сөгүнүп жазасың, мындай жоругуң үчүн окурмандарың жемелешеби?
Э.:
– Ооба, мындай цензурага төп келбеген сөздөрүм үчүн көбү жемелейт. Бул жаман нерсе, маданиятсыздыкка жатарын билем. Бирок оюмду, өз эркимди тыюу колумдан келбейт. Эмоциямды толук кандуу окурмандарга жеткириш үчүн сөгүнгөнгө туура келет.
Д.: – Мен кошумчалап кетсем, мага да ушундай сындар көп жаайт. Сөгүнүү – бул оюңду ачык-айкын жеткирүү. Андыктан оюңду толук айтыш үчүн оозубузду жаппашыбыз керек деп ойлойм. Мисалы, биз ата-энелерибиз менен ТНТ каналын көрөбүз, ал жакта ар 5 мүнөт сайын сөгүнгөн сөздү угууга болот. Андыктан оюңду толук түшүндүрүүдө, эмоция-сезимдериңди жеткирүүдө сөгүнгөн сөз колдонсоң, аны менен сөгүнгөнүңдү актап кетсе болот. Ал эми жөндөн-жөн эле бирөөнү кемсинтүү үчүн сөгүнгөн сөздөр, албетте, болбойт.

– Эльдана, сенин кийинүү стилиңе да көп сындар айтыларын билебиз, сени узун көйнөк, бийик такалуу туфли менен көрүшүбүз мүмкүнбү?
Э.:
– Мен азырынча көйнөк кийип, назик кыздай жүрүүгө даяр эмесмин. Мен жан дүйнөм каалаган нерсени кылып жатам. Ушул турушум, ушундай кийингеним мага ыңгайлуу. Балким, убакыттын өтүшү менен көйнөк кийгим келип калар. Азыр аны айта албайм.

– Жеке жашоодо абал кандай? Жүрөгүңөр бошпу?
Э.:
– Биз жумушубузга турмушка чыгып, үйлөнүп алганбыз.
Д.: – Ооба, менин аялым – жумушум. Бирок ата-энем үйлөнүшүң керек деп кечке мээме куюп жатышат. Ата, апа, мени окуп жатсаңар үйлөн деп айтпай тургулачы, ушул жылы аракет кылам.

– Инстаграмда окурмандарды кантип чогултасыңар?
Д.:
– Окурман чогултканга аракет кылбайбыз, балким, мына ушундай таңууланбаган нерсе элди тартса керек. Ар бир баракчага «бизге кошулгула» деп жазып кеткен менеджерлерибиз жок. Болгону видео тартабыз, жүктөйбүз. Жашообуздагы кызыктар менен бөлүшөбүз.

– Силердей элге күлкү тартуулаган адамдар чыныгы жашоодо кандай болду экен?
Э.:
– Мен, мисалы, Инстаграмдагы досторум менен жакын адамдай элемин. Жакындарыма кандай мамиле кылсам, дал ошондой Эльдананы видеолорумдан көрсөңөр болот. Бирок көчөдө, айрыкча тааныбаган адамга аябай түнт көрүнөрүм турган нерсе.
Д.: – Мен чыныгы жашоодо деле шайыр, жөнөкөймүн.

– Маегиңерге чоң рахмат.

Тиматинин алкоосуна татыган Данияр орусиялык биринчи каналдын "Пусть говорят" берүүсүндө.
"Өмүрүмдө биринчи жолу КВНде ойнодум".


Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Биз жумушубузга үйлөнүп, турмушка чыгып алганбыз"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (21)
maks94.kb
2018-02-20 10:01:21
Кимин эркек кимин аял экенинер билинбейт
+11
radostmoya
2018-02-20 10:15:11
Откоол курак кимдерде гана болбойт. Убакыт отуп кыргызча суйлогон, койнок кийген, созулган кыз болсон тан калбайбыз. Ошондо жаш экемин деп кулоорсун.
+13
rejepova
2018-02-20 10:19:17
Кыздын кыздай болгону дурус!
+17
tram-lam
2018-02-20 10:30:05
Эльдана чыныгы, жасалмасыз адам. Согунот, андай мындай кийинет деп сырткы кебетесине карап баа берип жатпайсыздарбы, мумкун, биздин менталитетке туура келбеши мумкун, себеби чет олкодо окуган кыз, бирок денгээли боюнча алсак копчулугубуз жете элек денгээлге жеткен кыз. Бизге Анжелика, Асел Кадырбековадай кыздар болсо анан жагат. Биз учун ички дуйно биринчи орунга жылган мезгилге келе элекпиз.
+22
mumu00
2018-02-20 10:49:05
tram-lam,ошону айтпайсынбы эл кызык эле Асель, Анжеликадай жасалма кыздар жагат, пффф пафос да баары, адам кандай болсо ошондой болуш керек хамелеондонбой. ХХХХХХ ХХХХХХ
+8
Shahrizaada
2018-02-20 12:47:16
mumu00,Асел, Анжеликаны секелек кыздар эле тамшанып сүйбөсө акылы тетиктер аларга кыжыры келип эле жүрүшпөйбү. Кыз кыздай эле болгону жакшы.Согунгонду өнөр кылып мактанып интервью бергендердин ата -энесине наалат! Жөн эле Кыргызстандын керегине жарап,ажаатын ачкандай мактанышат го согунгондорун. Уят,уят тарбия ноль!
+7
baatem
2018-02-20 20:26:59
tram-lam,туура жасалмасыз,а бирок оюн согуунусуз эле биллирсе болот да. Откондо Бир куурдашына жазган куттуктоосун окуп,оозум ачылды. Туулган кунун менен ХХХХ. деген создору Эми ото эле аша чапкандык. Анысы да элдерге жагыптыр,оригинальное поздравление деп. Бизден кыргызда качан Гана ХХХХ деген соз жакшы соз эле. Уят.
0
bela77
2018-02-20 10:50:15
Эльдана сонун кыз, мага жагат!Жасалмасы жок!
+7
sirgak_92
2018-02-20 11:28:43
Эне тилинерди унутуп калганынарга окунгуло
+13
Cleo-13
2018-02-20 12:28:55
Жагат деп эле ... Чачты кара
0
Pandora
2018-02-20 13:12:10
Мен дашы убагында ушугдай стильде журчуумун албетте чачым капкара бойдон эле,кийимдеримдин баары эркектердикиндей эле сабака кийип барганга эле ак кофта,кара юбкам болот эле ал дагы кыска.Кийин не болду билбеймин.Кыз озгоруп сразу шиш така,тар койнок,классикага реско отуп кеткеммин
0
Nurtilek001
2018-02-20 15:42:25
Кыргызстанда торолуп осуп, кыргыз уй булодо чоноюп анан кыргызча билбейм дегени ото уят, кыргызстанда жашаган башка улуттар деле кыргызча билет, кыргызстанда жашап аткандан кийин башка улуттун окулу болсо да кыргыз тилин билууго тийиш.
+8
jazdynaiymy
2018-02-20 15:56:39
Жасалмасыз сонун кыз,аябай жагат. Ар нерсени жаза бергендер аман эле болгулачы.
+3
Sanata1995
2018-02-20 17:00:42
Мейли, Элдана кыргызча билбейт экен.А Данияр кыргыз тилин билип туруп, эмне орусча интервью берип атат ошону тушунбой атам.Кыргызча суйлогон булар учун ушунчалык уятпы?
+9
Suluu4a
2018-02-20 23:05:00
Орусча суйлоп чарчабадынарбы?
0
Sarana
2018-02-21 00:44:14
Бул экөө өзү эмне жумуш кылат.
+1
Dembele84
2018-02-21 01:31:45
Эч кызыктуу деле эмес булардын кылган иштери.Озуму кыстап да куло албайм буларга.Тнт камеди клабды калтырбай коруп ыкшып кулуп алам
+2
Talastan
2018-02-26 22:59:24
Бул кызды алган бала ата-энесин шок кылат го.
0
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан