Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 1 ЖАРЫМ ЖАШТАГЫ КЫЗ ЭНЕСИНЕН ЖАНА БИР БУТУНАН АЙРЫЛДЫ

№798 16-22-февраль 2018-жыл


«Кырсык каш-кабактын ортосунда». 34 жаштагы Жазгүл Өмүрбекова оюнда жамандык жок эмчектеги кызын көтөрүп дүкөнгө барып келүү үчүн чыккан. Тилекке каршы, үйүнө анын жансыз денеси алынып келинди. Ал эми наристеси болсо апасынан жана бир бутунан ажырап калды.

ДАРЫГЕРЛЕР НАРИСТЕНИН БИР БУТУН КЕСҮҮГӨ АРГАСЫЗ БОЛУШТУ
Ушул жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарынын Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишинде киши өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы катталды. Анда катуу ылдамдыкта бара жаткан Мерседес үлгүсүндөгү кичиавтобус астындагы жөө жүргүнчүнү коё берүү үчүн токтогон Тойота үлгүсүндөгү унааны сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүү үчүн даярданып жол боюнда кызын көтөрүп турган 34 жаштагы келинди сүзгөн. Жакын жердеги видеобайкоого түшүп калган видеодо кичиавтобустун жогорку ылдамдыкта бара жаткандыгы байкалып турат. Оор жаракат алган келин ооруканада каза болсо, дарыгерлер 1 жаш 8 айлык наристенин бир бутун кесип салууга аргасыз болушкан. Бишкек ШИИББинин билдиришинче, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси (транспорт каражаттарынын кыймыл жана пайдалануу коопсуздугунун эрежелерин бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тиешелүү соттук-медициналык, соттук-техникалык экспертизалар дайындалган. Ал эми кичиавтобустун айдоочусу тергөө аяктаганча камакка алынып, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

«КЫЗЫМ МЕНИ ТААНЫБАЙ ЖАТАТ»
Азыр да нес абалынан чыга албай жүргөн маркумдун жолдошу Жыргалбек Чотонов артта калган бактылуу күндөрүн кайгыруу менен эстеп, каргашалуу күндү ойлогондо көзүнө жаш алып кетет:
– Жума күн болчу. Жума намазга чыгардын алдында тамактанып алайын деп жатканымда телефонума чалуу келди. «Жубайыңызды унаа сүзүп кетти, тез келгиле» деп чалышты. Ошол жакка жакын жерде иштейм, 5 мүнөткө жетпей барып калдым. Барсам «Тез жардам», милиция кызматкерлери бар экен. Мага кызымды да, жубайымды да көрсөтпөй коюшту. Келинчегим мага бир нерсе дегендей болду. Бирок мен нес абалда болгондугумдан эмне дегенин түшүнгөн жокмун. «Тез жардам» унаалары менен кызымды да, келинчегимди да ооруканага алып кетишти. Мен кызым менен кошо бардым. Барар менен кызыма операция жасап, жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. Алгачкы операциясында дарыгерлер кызымдын бутун кесишкен эмес болчу. Бирок жубайымды жерге берели деп Жалал-Абадга сөөктү алып баратсак ооруканадан телефон чалышып, «кызыңыздын бутун кеспесек болбойт. Жанын сактап калышыбыз керек» дешкенинен өмүрүн сактап калыш үчүн айла жок уруксат бердим. Кызым азыр эч нерсе түшүнө элек. Бир бутунан ажыраганын, апасынан айрылганын билбейт. 13-февралда палатага которулду. Абалы жакшырып, сүйлөп, ойноп калды. Башка балдарга аралашып эшикке чыгам деп жатат. Бирок мени тааныган жок, ата деп айт десем дагы айтпай жатат. Эмчектен чыга элек болчу, эмчек эмем деп апасын издеп ыйлап жатат.

«ЖУБАЙЫМДЫН КАЗА БОЛГОНУН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕН УКТУМ»
– Жубайым кырсыктан 3 сааттан кийин эле каза болуптур. Туугандарым мага айтышпаптыр. Кийин милиция кызматкерлери келип айтышты. Аны 11-февралда өзү туулган Жалал-Абаддын Аксы районунун Ак-Суу айылына алып барып жерге бердик.
Биз баш кошкондон кийин 6 жыл балалуу боло албай жүрдүк. Орусияда иштечүбүз. Кыргызстанга келип дарыланып кеткенден кийин жубайым кош бойлуу болуп, кызым төрөлгөн. Бишкекте батирде жашап жатканбыз. Көп жыл балалуу боло албай жүрүп тапкан кызым эми минтип энеси, бир буту жок калды.

«АЙДООЧУ КАТААЛ ЖАЗА АЛЫШЫ КЕРЕК»
– Ошондон бери дагы эле өзүмө келе албай жүрөм. Үйдө жалгыз калгандан коркуп инилеримди чакырып алып жатам. Кеч киргенде эле жүрөгүм титиреп баштайт.
Үйгө барганда күнүгө кызым алдымдан тосуп, келинчегим тамагын даярдап күтүп алчу эле. Азыр үйгө барсам эч ким жок, аңырайган эле 2 бөлмө турат. Кырсыктан бир күн мурун кечинде жумуштан саат сегиздерде үйгө баргам. Ошол күнү апасы кызыма мине турган резина эшек оюнчук алып бериптир. Кызым аябай сүйүнүп, экөөбүз чогуу ойногон элек. Эртеси күнү жубайым жеңесине «жолдун ары жагындагы дүкөнгө барып кызым экөөбүз самса жеп келебиз» деп айткан экен. Минтип заматта каргашалуу окуя болуп кетпедиби. Азыр кызымды жакшылап айыктырып алуу гана максатым. Калганын кийин ойлоном. Айдоочу болсо бир адамдын өмүрүн алып, наристенин келечегин талкалагандыгы үчүн катаал жаза алышы керек.

Кечээки бактылуу үй-бүлө эми түгөл эмес.
2 жашка чыга элек наристе азыр апасынан, бир бутунан ажыраганын аңдай элек.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


Жол кырсыгынан келинчегин жоготкон жаран: "Кызым апасын сурап ыйлап жатат"

Автор: Кенжебай Сатканалиев
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(34)
Super TV
14.02.2018. 11:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
22-11-2017
Соӊку аракети:
31-08-2018 10:36
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кана жанагы Болот деген бала ушундай тартиби жок айдаган айдолулар менен курошсонор жакшы болмок. Гаилер пешеходту откозбогон айдочуга штрафты салбайсынарбы олчойтуп эле 2 минден 5 минге чейин
Super TV
14.02.2018. 11:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
11-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:45
Жынысы:
Белгисиз
+5
эхх...кандай өкүнүчтүү!!
Super TV
14.02.2018. 13:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
18-10-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай озун сакта боодо кырсыктан
Super TV
15.02.2018. 22:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-01-2018
Соӊку аракети:
28-04-2018 18:28
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол жолдун шартын тузбогон адамдар да жооп бериш керек. Ой келди жерге пешеход тузо беришеби адамдар ото албайт го ал жерде . Машина айдагандар эмне пешеходторду билишпейби учуп айдашат го боктон кур калып кетип жаткансып
20.02.2018. 09:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
20-06-2017
Соӊку аракети:
13-09-2018 00:01
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эхх арман дуйно.Сабыр кылыныз.Кызынызга Аллахым шыфаасын берсин.Бактылуу кыз болсун
20.02.2018. 10:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
21-12-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Eeex jurogum..
20.02.2018. 10:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:12
Жынысы:
Белгисиз
+7
олдо айланайын жожом ай, апандан айрылганын аз келгенсип бутундан ажырап калдын айланайын журогум эзилип кетти коптон куткон наристе.... козумдон жаш айланды
20.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
17-08-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:12
Жынысы:
Белгисиз
+6
банковский счетун жазып койсонор жакшы болот эле админ. кичине болсо да жардам бергим келип жатат
20.02.2018. 11:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
18-03-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 17:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+10
Ии кучугум десе эч нерседен кабарсыз жатканынан сенин, басып баспай жатып бир бутунан ажырайт деген эмне?! Канчалык жардам берилсе де орду толбостур, бирок турмушунда оксук болбогондой кылып шарт тузуп беруубуз керек баарыбыз, мамлекеттен куткондон пайда жок.
20.02.2018. 23:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
183
Катталган:
23-02-2013
Соӊку аракети:
19-07-2018 23:02
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн туура ой
20.02.2018. 11:45 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
09-05-2018 11:39
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ойносон оюнга тойо элек,эчнерседен капарсыз,куноосу жок периште,анан дагы коптон куткон бала экен.Мында эмне куноо?окуп алып ыйладым
20.02.2018. 12:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
21-11-2017
Соӊку аракети:
17-08-2018 23:55
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызга ден соолук...бактылуу болсун..Кыздын атасына сабыр тилейм..шафер кучотулгон тартипте жазасын алсын..биздин чондор ушуга окшогонду козомолго алса болмок..оздорун ойлобой
20.02.2018. 13:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
18-08-2017
Соӊку аракети:
30-05-2018 13:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым кызынызга шыпаа берсин озунузго сабыр берсин окуп жатып ыйладым тобо кылдым шопур жазасын алсын
20.02.2018. 13:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
90
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
29-08-2018 14:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Коз жашымды тыя албай койдум садаган кетейиним ай. Эхххх биздин коррупцияга белинен баткан Кыргызстан.
20.02.2018. 13:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
247
Катталган:
02-04-2015
Соӊку аракети:
25-09-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Козучаак десе эненден айрылганын аз келгенсип эхх
20.02.2018. 15:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
27-02-2018 12:17
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сабыр берсин Аллахым иншаалла кызыныз жакшы болуп кетет бирок окунучтуу эми айдоочу катуу режимде жоопко тартылуусу керек
20.02.2018. 17:04 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
01-02-2018
Соӊку аракети:
27-02-2018 12:09
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии байкушум ай эмчектен чыга элек болсо.Журогум тилинип кетти келечеги кандай болот эми???
20.02.2018. 18:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
78
Катталган:
16-02-2016
Соӊку аракети:
26-09-2018 09:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жашыттынар го.... мама эмем деп ыйлаганын элестетип жаман болуп кеттим. Атасы уйбулосун жоктогонун ииий уй було кадырын билген инсан экен бул да жараткандын сыноосу экен. Сабыр сабыр сабыр...
20.02.2018. 19:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-11-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 23:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх жүрөгүм ооруп кетти.жол эрежесин абайлап айдашса болбойбу.
20.02.2018. 19:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
27-11-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 23:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Көчөгө чыкандан деле коркосун азыркы заманда
20.02.2018. 19:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
30-11-2010
Соӊку аракети:
23-09-2018 08:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалалабат обл.Ташкомур шаары
+1
сабыр кылыныз кызыныздын омуру узуун болуп бактылуу омур сурсун.дагы деле эстеп окусам денем чымыр басып жаман болом
20.02.2018. 23:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
66
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
04-09-2018 02:51
Жынысы:
Белгисиз
+2
Светафорлор керек го дейм....жана камералар ...эрежени буздубу...раз ...штрафты уйуно жонотуп жибере турган. ...Не болсо да ....щашпай журолу....алдастабай...
20.02.2018. 23:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
22-01-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
байкуш атасына жаман болуп атат кудайдан болуп дагы кызы аман калыптыр эрмек болот кызга бир бутунан ажыраганы жаман болду тушунгучо аябай кыйналатко басат элемдеп
21.02.2018. 00:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
17-05-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:52
Жынысы:
Белгисиз
+1
Akmak jazasin alsin turmodon omur bouy chikpasin
21.02.2018. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
07-06-2017
Соӊку аракети:
02-03-2018 09:44
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул кырсык буткул кыргызстандын журогун сыздатып ыйлаттыго, эх журогум.
22.02.2018. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
22-01-2018
Соӊку аракети:
18-06-2018 14:14
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии жаным, жок дегенде буту аман калбайт беле? Атасына аябай боорум ооруду. Кыздын келечегин ойлоп, ии байкушум бир ыйлап алдым
22.02.2018. 21:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
11-01-2014
Соӊку аракети:
14-09-2018 23:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр кичи маршрутканын айдоочулары биринен отуп бири айдашат клиент алайын дешип маршрутка чыккандан деле коркосун
24.02.2018. 15:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
18-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 01:23
Жынысы:
Белгисиз
0
2 тапата куноо бар. 1ден айдоочу шашып айдаган. Видеодон коргондой эле. Жаткан жери жайлуу болсун дейли. Эженин да куноосу бар. Ал чуркап шашкан бала менен. Жолдор тар машина коп. Мам.кет башчы. Башын менен жерге кир.
06.04.2018. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
28-01-2016
Соӊку аракети:
21-05-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул байкенин номерин жонотуп койгулачы сураныч
12.06.2018. 15:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-04-2017
Соӊку аракети:
06-09-2018 16:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсом номерин айтып коюнуздаар сураныч
12.06.2018. 15:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
04-04-2017
Соӊку аракети:
06-09-2018 16:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Элсом номерин айтып койгулачы сураныч
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21232;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: