Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги тарабынан расмий эмес делегацияны тосуп алуу боюнча элчиликке мыйзамсыз тапшырма берилгенин жазып чыкты. Буга чейин да коомчулукта элчиликтерди пайдалануудагы туура эмес иштер, мыйзамсыз тапшырмалардын көп берилери айтылып, бирок эч бир элчи бул боюнча үн катууга батынбай келген. Кылычбек Султан ТИМдин кезектеги мыйзамсыз тапшырмасын коомчулукка ачыктап, "көптөн бери токтобой келе жаткан мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу керек" деп чыкты.
КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН, ЭЛЧИ: «ТИМДИН БУЙРУГУ МЫЙЗАМСЫЗ»
Кыргыз өлкөсүнүн Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан 9-февралда Тышкы иштер министрлиги элчиликке мыйзамсыз буйрук бергенин социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Элчинин айтымында, министрлик расмий эмес делегацияны Инчхон аэропортунан тосуп алууну айтып элчиликке расмий кат жиберген. Кылычбек Султан ТИМдин бул тапшырмасы боюнча «Бейрасмий делегацияларды аэропорттон тосуп алуу элчиликтин милдетиби?» деп суроо салган. ТИМ элчиликке жиберген расмий катта Кореяга окууга барган 2 офицерди тосуп алуу талап кылынат.
Бул аракетти элчи ачык айтып чыккандан кийин ТИМ кырдаалды элге башкача жеткирүүгө аракет кылды. Тагыраагы, министрлик элчиликке Кышкы Олимпиада оюндарына барган спортчуларды тосуп алуу тапшырмасы берилгенин билдирди. Мындан улам Кылычбек Султан министрликтен кимдир бирөө дезинформация кылып жатканын, Олимпиадага барган спортчуларды элчилик өз демилгеси менен тосуп алганын жар салды.
«Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга келген спортчуларыбызды жеке өзүм жана диаспоранын активисттери менен чогуу сый көрсөтүп тосуп алганбыз. ТИМ элчиликке спортчулардын багыты тууралуу эч кандай тапшырма да, маалымат да берген эмес. Мен өзүм спортчулардын байланыштарын таап, качан келерин билип, Кореяда биздин баатырларды тосуп алууну демилгеледим. Ушундан улам менин Малайзиядагы элчилик кызматынан кеткеним эске түштү. Ошондо да ушул эле "дезинформатор" элчиликтин жабылып жаткандыгы жана менин отставкам ошого байланыштуу экендиги тууралуу маалымат тараткан. Малайзиядагы элчилик азыр деле иштеп жатат... Арадан 2 жыл өттү! Урматтуу Сапар Жумакадырович, урматтуу Эрлан Бекешович, сиздер бул "дезинформаторлорго" карата, ошондой эле ТИМде мыйзамсыз тапшырма бергендерге чара көрөсүздөр деп ниет кылам",- деп кайрылуу жасады элчи.
ТИМ: «ЭЛЧИ КАТА КЕТИРДИ»
Тышкы иштер министрлиги элчи көтөрүп чыккан маселенин бар экенин моюнга алган жок. Министрликтин Маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиевдин айтымында, ТИМдин тапшырмасы мыйзамдарга каршы келбейт. «Мен бул билдирүүгө таң калып отурам. Элчилик Кореядагы биздин жогорку деңгээлдеги кесиптештерибиз. Биз мунун баарын текшерип, тактап чыгабыз. Бул жерде көрсөтүлгөн офицерлер Кореянын чакыруусу менен бара жаткан. Биздин мыйзамдар боюнча, элчиликтер, консулдук мекемелер чет өлкөгө барган бардык жарандарга расмийби же расмий эмеспи, колунан келишинче жардам көрсөтүүгө укуктуу жана милдеттүү. Бул жерде эч кандай маселе жок»,- деп билдирди Азымбакиев. Ал элчини "ТИМдин расмий катын элге жарыялап жиберди" деп сындады. «Биздин департаменттин директору «Кыргыз өлкөсүнөн ушундай адамдар баратат, колдон келсе, көмөк көрсөткүлө» деп кат жазган. Элчи ката кетирип койду. Эмне үчүн ал биздин департаменттин директору кол койгон ички документти ачыкка чыгарат?»- дейт Азымбакиев.
ТИМдин өкүлү "колдон келсе, көмөк көрсөткүлө" деп сурандык" дейт. Бирок элчиликке жиберилген катта "тезинен аткарылсын" деп жазылып турат. Эгер ТИМ айткандай, элчилик өлкөнүн бардык жарандарына колдон келген жардамын бериши керек болсо, анда эмнеге ар бир барган мекендешибиз үчүн аэропорттон тосуп алуу үчүн расмий кат жиберилбейт? Эмне үчүн министрлик Олимпиадага жөнөгөн спортчуларды "срочно тосуп алгыла" деп расмий кат жолдогон эмес?
МЫЙЗАМ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Кыргыз Республикасынын «Дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамында элчиликтин негизги милдеттери жазылуу. Ага ылайык, элчиликтин башкы милдеттери – эки өлкөнүн мамилесин өркүндөтүү, өлкөнүн экономикалык, социалдык, миграциялык саясатын ишке ашыруу, өлкөгө инвестиция жана турист тартуу өңдүү иштер. Андан сырткары президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер-министрдин жана ыйгарым укуктуу орган жетекчилеринин чет мамлекетке иш сапарын жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүүгө тийиш. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары элчиликтер өздөрүнүн негизги милдеттерин аткарбай, конок тосуп, кайра узатуу менен алек болуп калганын сындап чыгышкан.
КООМДУК ИШМЕР, МУРУНКУ ДИПЛОМАТ АДИЛ ТУРДУКУЛОВ ФЕЙСБУКТАГЫ БАРАКЧАСЫНА ОКУЯ ТУУРАЛУУ ПИКИР ЖАЗДЫ.
«Ар бир дипломаттын маселесин көтөргөнү үчүн ыраазычылык билдирем»
-Тышкы иштер министрлигинин бюджети Кыргыз кызыкчылыктарын алдыңкы флангда коргоп жаткан дипломаттардын айлыгын араң жабат. Башка өлкөнүн дипломаттарына салыштырмалуу бизде командировкаларга каражат, өкүлчүлүк чыгашалары каралган эмес, керек болсо, Эгемендүүлүк күнү сыяктуу майрамды өткөрүүгө да акча жок. Айлык да Өзбекстан, казакстандык кесиптештердикинен аз, бирок буга карабай Кыргыз өлкөсүн иш жүргүзүп жаткан мамлекетте татыктуу көрсөтүү үчүн талыкпай иштеп жаткандар көп. Ар бири өз тармагы менен иш алып бара алган башка мамлекеттердин, мисалы, Орусиянын дипломаттарына салыштырмалуу биздин элчиликтерде, консулдуктарда кызматкерлер жетишсиз болгондуктан, ар бир дипломат бир нече тармак боюнча ишти жалгыз аткарат. А биздин ТИМ болсо бир жагынан инвестиция тартуу иштерин күчөтүүнү, ошондой эле ыгы жок салтанаттуу тапшырмаларды аткарууну талап кылат, дагы бир жагынан жогорку жана орто звенодогу мамлекеттик кызматкерлерди – депутаттарды, губернаторлорду жана алардын орун басарларын коштоп жүрүүнү талап кылган «токтоосуз аткарылсын (срочно)» деген белгиси бар каттарды жаадырып турат. Коштоп жүрүү деген сөз бул жерде биздин «байдын» барган өлкөдөгү мамлекеттик жолугушуусуна коштоп баруу дегенди эмес, туристтик аймактарга, ресторандарга жана ошондой эле негизги максат – арзандатуусу бар «шопингге» алып баруу дегенди түшүндүрөт.
Айрым учурда таптакыр көпкөн депутаттар өздөрүнө «эскорт» чакыртууну, дегеле башка уятсыз жерлерди көрсөтүүнү талап кылган учурлар да болгон. Бул деген жөн эле убакытты жана энергияны эле албайт, бул көптөгөн жылдарын окууга, борбордук аппараттагы жумушка арнап, дипломаттарда «элиталуу эсептелген» чет жердеги дипмиссияга барам деп эмгек кылгандарды басынтуу болуп саналат.
Ошондуктан мен Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанга чет жерде иштеп келген же иштеп жаткан ар бир дипломаттын көкөйүнө тийген маселени көтөрүп чыкканы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Башка элчилер бул тууралуу ачык айтышпайт, анткени министрлик менен, же болбосо өз оюн бетке айткан адамга бут тосууга шылтоо таба калган аппарат менен урушкулары келбейт.
Эгер парламент, коомчулук, керек болсо, президент да саясий эрктүүлүгүн көрсөтүп мындай мамлекеттик зомбулукту токтотпосо, Султанов жалгыз өзү бул кемчиликти жоё албайт.
АТАЛГАН ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН «АЗАТТЫКТЫН» СУРООЛОРУНА ЖООП БЕРДИ.
– Кылычбек мырза, сиздин билдирүүңүзгө эмне себеп болду?
– Мындай нерселер болуп эле турат, оозеки түрүндө, өтүнүч катары айтышат. Ошондо бул биздин милдетибиз эмес экенин түшүндүрүп, аларды жасаганга шартыбыз жана убактыбыз туура келбей турганын айтып коёбуз. Бирок бул жолу мени таң калтырганы – кагаз тапшырма, буйрук катары келди. Бул бир жагынан таң калычтуу, экинчи жагынан кенебестик болду. Мен бул нерсени коомчулукка ачык айтып чыгууну туура көрдүм.
– Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү «Кыргыз мамлекетинин элчиликтери жана консулдуктары бардык Кыргыз жарандарына көмөк көрсөтүүгө багытталган, андыктан муктаж жарандарды тосуп алышы да керек» деп жооп кайтарды. Аэропорт шаардан алыспы? Кызматкерлердин саны жетишпейби же каражатыңар жокпу?
– Келгендерди тосуп алуу элчиликтин милдети эмес. Эгерде муну элчиликтин милдети катары карай турган болсок, бул жакта биздин беш миңге жакын жараныбыз жашайт. Анда баарына тең караш керек да. Экинчиден, тапшырмалар да жүйөлүү болуш керек. Эгерде адам майып же дагы кандайдыр бир олуттуу себептери болсо тосуп алыш керек. Ошондой эле расмий делегация келсе, биз алардын ишин көзөмөлдөп турушубуз керек болсо, биз муну өз милдетибиз катары кабыл алабыз. Бул жерде сөз болуп жаткан адам окууга келе жаткан экен, ошону тосуп алыш керек дегенди мен мыйзамсыздык деп эсептейм. Эгерде буйрук берген адам муну мыйзамдуу деп эсептесе, чара көрүүгө укугу бар, сотко же жетекчиликке кайрылсын. Мен буга даярмын.
– Силердин эрежеңер кандай? Канча кызматкер иштейт? Каражат жагыңар кандай?
– Албетте, аэропортко чейинки аралык 100 чакырымдай болот, болжолум боюнча 1,5 сааттык жол. Учуп келген адамды тосуп алууга алдын ала барыш керек. Ошентип жарым күн бир-эки кызматкер ошол жакта жүрүш керек болот. Элчиликтин, мамлекеттин акчасы ашып-ташып жатса, эгерде ушул үчүн гана элчиликти кармап отурса, анда ошол акчаны аз камсыз болгондорго берсин. Элчиликтин жумушу жетиштүү, бул жерде иштегендер тынымсыз өзүнүн багыты боюнча жолугушууларды уюштурат, чогулуштарга катышат. Санап отурса, элчиликтин милдетине ондогон пункттар кирет. Мени кошкондо беш адам иштейбиз.
– Ушундай көрүнүш башка элчиликтерде канчалык кеңири жайылган?
– Кызматка канчалык көз каранды болсо, ошончолук кеңири жайылса керек. Мисалы, Малайзияда элчи катары иштеп жатканда бизге расмий кат келген. «Конституциялык палатанын төрагасы түндө Индонезиядагы расмий жолугушуудан кайтып келет. Ошого жардам берип койсоңор» деген. Жогорку бутактагы адамдын аэропортто калып калышы туура эмес. Ошон үчүн ага жардам берүү үчүн, экинчиден, ага урмат көрсөтүү үчүн айдоочу менен өзүм бардым. Түнкү саат бирде тосуп алганбыз. Бирок ал жалгыз эмес экен, жанында эки адам жана тил билген бирөө бар экен. Ошол жерде бул ашыкча болуп калды. Себеби ал Малайзияга эмес, Индонезияга бараткан адам болчу, аэропорттон транзит менен өтүп бараткан. Барып, учурашкандан кийин ушул аэропорттун мейманканасы бар экенин айттым. Бирок таң калычтуусу, «биз Куала-Лумпурга барып, Эгиз мунараны көрүшүбүз керек эле» деген эркелөө болгон. Айдоочубуздун түн ичинде алыска жол тартып, аларды ары-бери ташып жүргөнү канчалык туура? Ал да бирөөнүн баласы да. Уктап кетиши же кырсыкка кабылышы мүмкүн. Ошол нерсеге көңүл бурулбаганы мен үчүн таң калычтуу болду.
– Сиз ушул маселелерге көңүл бурууну өтүнүп тышкы иштер министрине, премьер-министрге кайрылдыңыз. Кандай жооп күтүп жатасыз?
– Биринчиден, тартипке чакырыш керек деп ойлойм. Экинчиден, мындай көрүнүштөргө чекит коюш керек. Мен мындай нерсеге жол бербейм. Жакында эле депутаттар да «элчиликтер инвестиция тарткандын ордуна конок тосуп алып, аны узатып, туристтик агенттиктин функциясын аткарып калышты» деп айтып чыгышкан. Убакыт – бул чоң ресурс, ошону эркелеген чиновниктерди алып жүрүүгө эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуш керек. Муну дипломаттар ачык айтышыбыз керек.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg