Айбек Калиев, Улуттук энергохолдингдин төрагасы: «ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫНЫН БААСЫ 5 ПАЙЫЗГА КӨТӨРҮЛҮШҮ МҮМКҮН»

Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев парламент жыйынында электр энергиясынын кымбатташы мүмкүндүгүн айткан. Андан көп өтпөй Бишкектеги жылуулук электр борборунда авария болуп, Калиевге берилчү суроолор көбөйдү. Коомчулуктун көңүлүн бурган жогорудагы окуялар тууралуу жооптуу кызматкер эмне дейт, окуп көрүңүз.

– Саламатсызбы? Энергетикалык кризистен чыгуу үчүн тарифти көтөрүүдөн башка жол жокпу? Башка жол жок десеңиз, анда Апрель революциясынын чыгышы катачылык болдубу?
– Учурдагы энергетикадагы мындай абалды кризис деп атоого болбойт. Бул системди ашыкча саясатташтырбашыбыз керек. Кудайга шүгүр, электр энергиябыз бар, элге үзгүлтүксүз берилип жатат. Бирок өнүгүүбүз жок. Бир калыпта эле күнүмдүк жашообуз менен жашап жүрөбүз. Биз өнүкпөсөк экономиканын өсүшүнө чоң зыяныбыз тиет. Электр энергиясынын тариф саясатын кайрадан сөзсүз караш керек. Биз бүгүнкү ооруну эртеңкиге, эртеңкини бүрсүгүнкүгө калтырып жатабыз. Тариф маселесин болсо ашыкча эле саясатташтырып жатышат.

– Энергетика тармагына эгемендүүлүк жылдары кайсы каржы уюмдары насыя, грант берген? Кандай шартта? Бул жардамдардын негизинде эмне иштер бүтүшү керек эле? Кредиттер качан төлөнүп бүтүшү керек?
«Кредитти алып жеп койду» деп айтып жатышат. Бирок электр тармагында жасалып жаткан алгылыктуу иштерди азыр сокур киши гана көрбөйт. Эгемендүүлүккө ээ болгондон берки ушул тармакта алган карыздарыбыз 101 миллиард сомду түздү. 2021-2022-жылдан баштап карыздарды төлөө мөөнөтү келе баштайт. Алар 20-30 жылга берилген. Былтыр карыздарды төлөөгө Каржы министрлигине 2 миллиард сом бердик, быйыл да ошончо төгүүнү пландадык. Министрлик график боюнча карыз берген тараптарга которот. Дүйнөлүк банктан, «Азия өнүктүрүү банкынан», «Ислам өнүктүрүү банкынан», Кытайдын банкынан жыл сайын эле карыз алып келгенбиз. Эң чоң карыз Кытайдын Экспорт-импорт банкынан алынган. 2011-2014-жылдары ушул банктан 1 миллиард доллар алынган. Ал Датка, Кемин подстанцияларын модернизациялоого жана Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ТЭЦ) оңдоп-түзөөгө сарпталды. ГЭСтердеги оңдоп-түзөө иштери да ошол каражаттын негизинде жүрүүдө. Насыялар алыныш керек, алынат дагы. Таш-Көмүр ГЭСи 1986-жылы, Токтогул ГЭСи 1974-жылы, Бишкектеги ЖЭБ 1961-жылы курулган. Мындай объекттер 30-40-жылга эле ылайыкташкан. Токтогул ГЭСин жаңыртуу иштерине 450 миллион доллар бөлөлү деп жатабыз. Ошол сыяктуу чыгашалуу иштер көп болууда. Каражат сарптабасаң пайда алганга болбойт экен.

– Өлкөдө электр энергиясын алып-сатуучу канча компания бар? Алар кандай шарттар менен иштейт?
– Өлкөдө 16-17 ортомчу компания бар. Ортомчу компаниялар боюнча толук маалымат билбейм, бирок алардын айрымдары бир тоголок зымы, таянычы жок деле иштеп жатышат. Өзү каражат тартыш болуп жатса, бирөөнү байытып жатабыз. Эгер алар иштегиси келсе биз менен жумушту, жоопкерчиликти тең бөлүшсүн. Эч нерсе жасабай эле, бир таяныч, эки жагында эки зымы болсо эле байый бере турган заман бүткөн.

– Электр жарыгы үчүн карызын төлөбөгөн жарандар да болсо керек. Алардын зыяны тарифке канчалык тийүүдө?
– Бүгүнкү күнү калктан электр жарыгынын акчасын 100 пайыз алып жатабыз. Ал эми мурда төлөнбөй калып кеткен карыздар эми кайрадан чогулуп жатат. Азыркы тапта эски карыздардын эсебинен 293 миллион сом жыйылды. Дагы 700 миллион сомдун тегерегинде бар. Учурда элдин бизге дээрлик карызы жок. Ай сайын кутулуп жатышат. Айрым карыз болгон бюджеттик мекемелер бар. Алар менен иштешебиз.

– Калктын канча пайызы жеңилдетилген лимиттен пайдаланып 77 тыйындан төлөйт?
– Айына коюлган 700 киловаттык лимиттен калк кыйналып жатат дешет. Бирок чыныгы абал башкача. 2017-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча, Бишкек шаарындагы 235 миң абоненттин 82 пайызы 700 киловаттан аз пайдаланып, 77 тыйындан төлөгөн. Ош шаарында болсо калктын 92,8 пайызы 77 тыйындан төлөйт. Ош облусунда калктын 96,6 пайызы, Чүйдө 78 пайызы, Таласта 82,1 пайызы, Ысык-Көлдө 86,9 пайызы, Нарында 91,5 пайызы, Баткенде 93,3 пайызы, Жалал-Абадда 89 пайызы 77 тыйындан төлөйт. Жалпы республика боюнча калктын 87 пайызы 77 тыйындан электр энергиясын пайдаланган. Тагыраагы, 1 миллион 202 миң абоненттин 1 миллион 46 миңи электр жарыгын айына белгиленген лимитке чейин эле пайдаланып, 77 тыйындан төлөгөн. Биздин өлкөдө бир киши айына 460 киловатт-саат электр жарыгын колдонсо, Грузияда 280 киловатт-саат, Германияда 257 киловатт-саат туура келет. Мындан биз электр жарыгын көп пайдаланып жатканыбызды билсек болот.

– Электр энергиясын сыртка сатууда (экспорт) эмне үчүн ички баадан арзан баа коюлган?
– Электр энергиясын саясатташтыргым келбейт, бирок ар бир өлкөнүн ишенген тармагы бар. Ар мамлекетте электр энергиясын өндүрүүнүн жолдору бар. Кыргыз өлкөсүнөн болбосо, башкалардан сатып алышат. Биз чет өлкөгө кымбат сатышыбыз керек дегенибиз туура эмес. Электр энергиясынын 1 киловатт-сааты ГЭСтерден орточо 27 тыйындан, ЖЭБде болсо 3 жарым сомдон чыгат. Өндүрүп, ташып барып, бөлүштүргөндөгү баасы 1 сом 69 тыйынды чапчууда. Биз болсо калкка, мамлекеттик ишканаларга, жеке ишканаларга орточо 1 сом 40 тыйындан баалап, 20 тыйын зыянына сатып жатабыз. Ал эми экспорттун баасы 87 тыйынга барабар. Бирок аны биз 1 сом 65 тыйындан сатып жатабыз. Ошондо экспорттон 2 эсе пайда таап жатабыз. Бишкектеги ЖЭБден жалпы электр энергиянын 7 пайызын эле өндүрөбүз, бирок жалпы акчанын 65 пайызы ошол борборго отун сатып алууга кетип жатат.

– Эгер азыркы баа көтөрүлсө, канча тыйын (сом) кошулушу мүмкүн?
– Электр энергиясына тариф саясатын башка мекеме иштеп чыгат. Алар баарын эсептешет. Так айта албайм, бирок тариф 5 пайыздын тегерегинде көтөрүлүшү мүмкүн. Электр тармагында, албетте, коррупция жок деп айтуу кыйын. Ушул сектордо 16 миң адам иштейт. Өзүбүздүн ичибизде свет уурдагандар бар, бирөөнүн электр энергиясындагы маселесин чечип беребиз деп ортомчу боло койгондор бар. Ушул сыяктуу коррупциялык иштерди жеке өзүм тактаган күндөр да болду. Бул багытта күрөш уланууда.

– Жакында эле Бишкектин Жылуулук электр борборунда авария болуп, шаар тургундары 1 аптадай суукта калышты. Өкмөт башчы Сапар Исаковдун айтымында, сиз жумуштан кетүү боюнча арыз жазып, бирок ал колдоо таппаптыр. Бул окуяда канчалык күнөөңүз бар деп ойлойсуз?
– Мен жылуулук борборунда авария болуп, калыбына келе баштаганда эле премьер-министрге жумуштан бошоо боюнча арыз жазып киргем. Бирок ал «комиссия териштирсин, жыйынтык чыксын» деп кол коюудан баш тартты. Мен бул кадамга жетекчиликтик жоопкерчиликти сезгеним үчүн бардым.

– Жогорку Кеңеште «айлыгым 39 миң сом» деп айттыңыз эле. Декларацияңызда болсо чоң сумма көрсөтүлгөн. Андагы жылдык кирешеңизди 12 айга бөлсө 80 миң сомдон ашып кетүүдө...
– Жалпыга маалымдоо каражаттарына кирешем тууралуу маалымат чыкты. Алар мурда иштеген жеримде толтурулган декларацияма таянып жазышыптыр (ред.: Калиев учурдагы кызматына 2016-жылдын январь айында дайындалган. Ага чейин энергетика жана өнөр жай министринин орун басары (2012-2015), кийин экономика министринин орун басары (2015-2016) болуп иштеп келген). 1 жылда тапкан кирешемди 12 айга бөлүп, мени «калп айтты» деп айыпташууда. Бирок ал жерде эмгек өргүү, сый акы, класстык наам, эмгек тажрыйбама берилчү акылар да кошулуп эсептелген. Ал эми Улуттук энергохолдингдин башчысы катары парламентте айтканымдай эле 39 миң сомдун тегерегинде айлык алам.

– ЖЭБдин модернизацияланган бөлүгүндөгү 2 блоктун бирөөсү гана иштеп жаткан экен. «Экинчисин ашыкча чыгым кылбоо үчүн иштетпегенбиз» деп түшүндүрүштү. Жергиликтүү көмүргө ылайыкташкан 2 блокту тең ишке киргизүү, тескерисинче, ыңгайлуу жана арзан эмеспи?
– ЖЭБдеги модернизацияланган 2 блок биригип 300 гигакалория иштеп чыгара алат. Ал эми Бишкекти жылытуу үчүн 500-550 гигакалория керек болот. Аба ырайына жараша ЖЭБдин башкы инженери кайсы блокту иштетүүнү эсептеп чыгып, өзү чечет. Андан сырткары ЖЭБди мага чейин мекеменин директору, анан кийин «Электр станциялары» ишканасынын башчысы карап, көзөмөлдөйт. Мен түздөн-түз эле аралашып, ЖЭБдин ар бир ишине кийлигише албайм. Башка жумуштарым да көп. Менимче, отунду экономдоо максатында жаңы блоктун экөөсүн тең иштеткен эмес.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан