«МЕНИН КЫЯЛЫМ» (Түркиядагы мигрант кыргыз кыздын тагдыры баяндалган сериал)
(Башталышы өткөн сандарда)
– Керем, мен сени билем.
– Канчалык деңгээлде билесиң мени, эне?
– Сен аны сүйбөйсүң. Эгерде ал өз эрки менен сени менен болгондо аны бир көргөн түштөй унутмаксың. Ал сенин эркиң менен болгон жок, ошон үчүн артынан түшүп алдың. Сен кичинекейиңден ушундай болчусуң. Бул сүйүү эмес. Бул жөн гана сенин өзүмчүлдүгүң.
Керем башын чайкады. Эгерде өз энеси ишенбесе ким ишенмек?
– Сен мени билбейсиң, эне. Эгерде менин бул сезимимди жалган десең, анда сен өз уулуңдун ким экенин билбейсиң. Мени ким өзүмчүл кылды? Силер! Атам экөөңөр күнөөлүүсүңөр. Мени дайым жек көрдүңөр, туурабы? Эмнеге? Мен силердин балаңар эмесминби?
Эсма үн каткан жок. Карыган көздөрү чарчаңкы тиктеп тура берди. Керемдин жалт-жулт эткен көздөрүн тиктеп турду.
– Балким, убактысы келгендир...- деп койду үшкүрүнө. Анан дилин өйүгөн сырды айтмакка бел бууду.
– Атаң сени өтө жакшы көрчү. Аталар энелерге окшоп өөп-жыттап, мээримин төгүп сүйө алышпайт. Унчукпай сүйөт. Атаң сен төрөлгөндөн баштап бактылуу болду. Өтө эрке кылып чоңойтту. Ахмед төрөлгөндө сен беш жашта болчусуң. Өтө эрке, кежир, айтканын бербеген бала болуп чоңойдуң. Биз эркелигиңден зыян болот деп эч ойлободук. Ахмед дени-карды соо, таптатынакай бала болуп төрөлгөн. Сен аны көрөрүң менен жактырбадың. Кызганыч бардык балдарда болот, көнүп кетет деп ойлодук. Бир ирет Ахмеддин бөлмөсүнө кирип анын жүзү жаздык менен басылып калганын көрдүм. Аттиң, ошондо эле жакшы көңүл бурсам эмне? Бир-эки урушуп тим болдук. Бирок сен токтободуң. Ахмедге эки ай болуп калган. Жай толуп турган учур болчу. Бала баккан аялдын ачуу чаңырганын угуп чуркап жетип бардык. Терезенин жанында сен туруптурсуң. Көрсө, иниңди алып терезеден ыргытып жиберген экенсиң. Ахмед бийиктиктен жерге катуу урунуптур. 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Айыккан соң деле дарыгерлер анын толук кандуу адам болуп кете албашын айтышты. Атаң экөөбүз эч кимге айтпадык. Ал тургай бул тууралуу бири-бирибиз менен да сүйлөшө алчу эмеспиз. Атаң сени кечире албады. Сени менен сүйлөшпөгөнү да ошол эле. Сен иниңдин тагдырын талкаладың. Кийин да өз билгениңдей анын тагдыры менен ойнодуң. Эми анын арбагын сыйлабай анын аялына көзүң түшүп жатат. Мен бул сырды сага айтпайт болчумун. Атаңа да айтпай турганымды айтып сөз бергем. Бирок сени токтотуш үчүн айтып жатам. Токто эми! Сен өзгөрүлбөдүң, уулум. Дал беш жашыңда кандай болсоң, азыр да ошондойсуң. Сен сүйгөн адамдар сенден башканы сүйүшүнө чыдай албайсың. Ушунчалык өзүмчүлсүң, бүтүн дүйнө сенин айланаңда тегеренишин каалайсың. Көңүл тышында кала албайсың. Сенин ооруң ушул.
Керем үн ката албады. Бир нерсе десе эле көзүндөгү жаштар атып кетчүдөй. Эсма ханым көпкө тиктеп турду да, башын чайкай басып кетти. Керем бакчага барды, көк шиберге жата кетти. Асмандагы жылдыздарга көпкө тиктеди. Ооба, эми эстеди! Кичине бөбөктүн жүзү көз алдына келди. Аны алып терезеден ыргытып жаткан беш жашындагы бала да көз алдына тартылды. Көрсө, атасынын көзүндөгү жек көрүү ушундан тура. Балам деп башынан сылап мээрим төгө албаганы да ушундан экен да.
– Аа-аа!..- деп бакырып алды. Көзүндөгү каканак жаштар ыргып кетти. Жерди муштап ыйлап жатты. Кайра-кайра эле көз алдына кичинекей бөбөктүн жүзү келе берди. «Мен акмакмын! Мен эч нерсеге акым жок. Сүйүктүү болууга, ата болууга да акым жок. Мен бир акмакмын» деди өзүнө-өзү. Ал тургай ушул ойлорунан ырахат ала түшкөнүн сезди. Биринчи жолу өзү менен өзү бетме-бет келгендей болду. Өмүр бою «ата-энем мени эмнеге сүйбөдү?» деп ойлоп келген, андан кийин «Жамиля мени эмнеге сүйбөдү?» деп ойлогон. Ал тургай «тиги чөнтөгүндө беш тыйыны жок кыргызынан менин эмнем кем, бул сокурбу эмне?» деп ойлончу. Азыр гана өзүнө эсеп бере баштады. Жамиляны издеп таап алыш ага эң оңой нерсе болчу. Же болбосо Эмре аркылуу өзүнө кайра байлап алыш да кыйын эмес эле. Бирок ал бул жол менен барбай турганын түшүндү.
ххх
Жамиля мекенине кайтты. Баарынан Кыргызстандын жытын сагынган экен. Чымчыктардын сайрашын, Стамбулдукундай баш айланткан ылдамдыгы жок, жай, ары карапайым турмушту сагынган экен. Бишкекте батирге чыгышты. Энеси, сиңдиси, уулу менен чогуу жашап калышты. Атасынын жаңы аялы менен таанышты. Өтө жакшы адам экени, Муратты берилип сүйөрү билинип турат. Жамиля биринчи жолу ушул аялдын аягына жыгылып рахмат айткысы келди. Жанындай көргөн атасын, баары үмүт үзүп коюшкан адамды кайра жашатып, экинчи жашоо бергенине ыраазы болду.
«Мен Муратты өмүр бою күткөм, бирок 50 жашымда кайра келет деп ойлогон эмесмин. Сен дагы көп күтөсүң менимче» деп койду муңая.
Жаңы жашоо башташы керек эле. Эмнеден баштаарын билбей жатты. Эмре үчүн ай сайын көп суммадагы акча түшүп турат. Бирок уулуна арналган нерсени үнөмдөп, өзү бир нерсеге жетишүүнү каалап жатты.
– Сен шашпа, эс ал. Мен баш-аягымды жыйнагандан кийин мындан ары эмне кыларыңды сүйлөшөлү,- деди Алибек.
– Биз эки күндүн ичинде бул маселелерди чече албайбыз. Билип турам, баары биз ойлогондон да татаал. Бирок эч кимге зыян келбегендей чечилиши керек. Мен сени шаштырбайм. Бардыгын ойлонуп чеч. Мен өз турмушумду бир нукка салайын. Жел кайда учурса ошол жакка уча турган Жамиля болгум келбейт мындан ары. Өз бутума турган, эртеңки күнүмө ишенимдүү караган Жамиля болгум келет.
Салмактуу, өз жашына туура келбегендей бир даанышмандык бар эле анда. Бирөөнү өз чечимине ынандыра да алчу. Алибек ого бетер күйүп-жанып сүйүп турду.
– Мен эртең келем, ээ?- деди ал дагы деле жанынан кеткиси келбей.
– Макул, күтөм.
Алибек өз дарбазасына чейин барып киргенден айбыккандай бир топко туруп калды. Антип буйдалып тургуча эшик ачылып Диана так маңдайында туруп калды. Бакырайган көзү ого бетер чоңоюп, арыктап кеткен экен. Курсагы чоңоюп калыптыр. Селдейип эле тиктеп калды.
– Кандайсың?- деди Алибек көзүн ала кача.
– Жакшыбыз,- деди ал негедир көптүк түрдө.
– Апам үйдөбү?
– Үйдө.
Тегерек столдо үчөө үңкүйүп отурушту. Бир күндүк командировкага кетсе айланып, тегеренип өөп-жыттап калчу апасы бул жолу нестейип унчукпайт. Диана дасторкондун четин мыжыгып өз ою менен алышып отурат. Апасы козголо түшүп онтоп алды.
– Ооруп жатасызбы, апа?- деди Алибек үйрүлө түшүп.
– Ооруп жатам, соо адамды оорулуу кылдың сен,- деп колун кагып жиберди апасы.
– Апа!
– Эмне апа? Эмне апа, ыя? Ал шуркуянын айынан атаң мезгилсиз өтүп кетти. Ал үчүн журтубузду которуп өмүрү келбеген шаарга келдим. Минтип ичи дардайып турган аялын таштап кайдагы бир шуркуя үчүн Стамбулга кетет имиш. Стамбулуң өрттөнүп кеткир десе...
Апасынын эч качан мындай катуу айтканын көрбөгөн жаны аңкайып эле тиктеп калды Алибек. Колуна түшсө Жамиляны тим эле тытып сала тургандай жаалдуу...
(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
охоооо....проблемы эми башталыптырго...
Бул жагы Трагедия боло турган болду, эми канттик...
Даагы бир жума кутмөй (((бирок чыныгы сериял десем болот
ушу экоо бирге болбойт окшойт проблемалары коп болот окшойт жамаиляга эле кыйын болдуго
Диана Жамилянын атасынын аялынвн кызы болсо керек. Ал кайрабаласынвн атасына кайтат. Алибеке чала. Боюнда бар аялын таштап
Жимиля экинчи аялы болуп тийип алса деле болмок.
Жамилянын атасынын аялы омур бою турмушка чыкпаганын жаздывыле мурункусунда
Ошондо андай болбойтго дейм
Жамиля кара керемге тит окшойт башка жол менен бармак бооду дейтко
Di9na mn ele kalsyn baikuwka boorum a4yp jatat uwunun baaryna 4ydaganyna Alibektin meesi bar bolso suiusun emes uibulosun tandait meesi jok bolso atasyna bergen ubadasyna erkektik sozuno turbasa anda suiusun tandait suiuu degen ne bir kun kelet oz maksatyna jetkenden kiiin tawtap ketet Jamil9nynda meesi jok akmak kyz eken ozum4ul ozunun bawyna kelgenderin dele oilop Di9nany da oilop koiso bolmok eken owon4oluk ersyrap jatsa Kerem dele bar go taza oldunor go Suiuu Suiuu dep ele alda ochot bir kun
Алибек уйлонбой турса болмок эми артка жол жок аялын таштабоо кк
Алибек Диана мн Жамила Керем менен калат балдарын таштабоо учун
Керем беш жашта ыргытып жибердиби
Беш жашта ак караны ажыратып калат го
Келесоо ушу Жамиля деген, отура бербейби уулун атасынан ажыратпай, эми дагы бир баланы атасыз калтырганы жатат
bekush,вай калса Шерифе ханым өлтүрүп салсынбы
Эмне эле талашып жатасынар бул жон эле чыгарма го, суйбогон адам менен омур бою моюнунан байлаган иттей болуп жашаганча, суйгон адамын менен омур бою бактылуу жашаган жакшы эмеспи, анын устуно Диана озу жабышып журуп тийди го суйбогонго эч убакта суйконбош керек, А десек да Б десек да мандайыбызга эмнени жазса ошону коробузда, туурабы???
AidarbekovaJaina,Kyzdyn balanyn ubalyna kalyp jatat makul Di9na jabywyp tiiptir ali jaryk duinogo kele elek naristede ne kuno Alibek akmak ozumchulduk kylbai Kelinchegin ichindegi balasyn oilow kerek bolchu Suiuu Suiuu deisiner Suiuu da bir kun ochot suiunun barky jok kim ele suiuwup uilonup alyp obwup jyttawyp omur boiyou baktyluu bolup jawawyp jatyptyr