Бул жолку каармандарыбыз Ысык-Көл районунун Садыр аке айылында жашаган 10 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү. Оор турмушту башынан кечирип жаткан 38 жаштагы Зарина Асанова оорукчан жолдошун, 8 баланы багып келет.
«БИРИНЧИ ЖОЛДОШУМ КӨП ИЧЧҮ, КЫЙНАЛЫП ЖАШАДЫК»– Мен 8 айга толгонумда ата-энем ажырашып кетишиптир. Таене, таятамдын колунда тарбиялангам. Атам менен апам ар кимиси өздөрүнчө үй-бүлө куруп кетишкен. Мектепти 9-класска чейин окуп, кесиптик окуу жайда билим алып жатканымда 17 жашымда биринчи жолдошум ала качып кетти. Ал көп иччү, кыйналып жашадык.
Бир ирет кайнежемдин малын багып иштейбиз деп Кочкорго барганбыз. Кайнежем бизге ишибиз үчүн акы төлөп бермек тургай нанды эсептеп берчү. Кийимдерибиз калбай, эски байпактарыбызды жамап кийип жүрүп, аягында бут кийимибиз жок калдык. Чыдабай калганда ошол жактагы бирөөнүн картошкасын отоп, тапкан акчамды жол кире кылып 3 баламды ээрчитип Ысык-Көлгө келе бердим.
Ошол бойдон күйөөм экөөбүз ажырашып кеттик. Андан жыл айланбай жолдошум каза тапты. 2 жылдан соң азыркы жолдошум Жекшенге турмушка чыгып, дагы 5 балалуу болдум. Азыр 4 кыз, 4 уулум бар. Эң улуу кызым 21 жашта, турмушка чыккан, кичүүсү 2 жашта. 3 балам мектеп курагында. Экөөнү өзүм, бирөөнү туугандарыбыз окутуп жатат. 2017-жылы октябрь айында тогузунчу баламды төрөгөм, бирок бир айлыгында ал уулум чарчап калды.
«ЖОЛДОШУМДУН ООРУСУНАН УЛАМ ҮЙДҮН ИЧИ САСЫП КЕТЕТ»
– Жолдошум мурда ашказаны ооруп баш-аягы ага 9 жолу операция жасалган. Мунусунда болсо өпкөсү ооруп 3 жылдан бери төшөккө жатып калды. 2002-жылы өпкөсүнө суук тийгизип алып, кургак учукка өтүп кетип ооруканада жатып дарыланган. Бирок жыл сайын ооруй берди, аягында кан, ириң кусуп баштады. Плеврит деген оору жармашыптыр. Азыр ар 15 күн сайын Чолпон-Атадагы ооруканага алып барып өпкөсүнө толгон ириңди сордуруп жатабыз. 1-1,5 литр, аз дегенде 600 грамм ириң чыгат. Ага 1000 сомдон кетет. Бир айдан бери каражат жоктугунан улам Чолпон-Атага да бара албай жатабыз. Жолдошум жөтөлүп оозунан ириң чыккан сайын үйдүн ичи сасып, жанына киши тура алгыс болуп калат. 2016-жылы Бишкектеги ооруканага алып барып көрсөткөнүбүздө, врачтар «Бир өпкөсүн алыш керек. Бирок жолдошуңуз алсыз болгондуктан, аны көтөрө албай калышы мүмкүн» дешкен. Каражат болгондо, балким, операция жасатканга аракет кылат белек...
«ЭКИ КҮНДӨП АЧКА КАЛГАН УЧУРЛАР БОЛДУ»– Кышында үйүбүз суук болду, 2 күндөп эч нерсе жебей калган учурлар болуп жатты. Андайда кошуналар жардам берип жатышты.
Балдарым сентябрь, октябрь айларында кийими, бут кийими, окуу куралдары жоктугунан улам мектепке барбай калышты. Кийин 1-2 дептер алып берип эптеп барып тургула деп жиберип жаттым. Азыр эски кийимдери менен сабакка барып жатышат. Бирок өтө суукта буттарына суук өтөт деп жибербейм.
Балдарымды классташтары «силер кедейсиңер» деп шылдыңдашат экен. Балдарым «бут кийимимден уялам» деп кээде мектепке барбай да коюшат. Жалгыз калганда булардын тагдырын ойлоп ыйлап алам, эч кимисине көрсөтпөй.
Балдарым иштейин десе айылда жумуш жок. Бир балам спортко кызыгат, күрөш менен машыккысы келет. 7 жаштагы кызым атасын жакшы көрөт. Жанынан чыкпай колун кармап отура берет. Ал «чоңойгондо доктур болом» деп калат.
20 жаштагы экинчи баламдын тили кеч чыккандыктан 1-классты гана аяктады. Сабатсыздыгынан пайдаланып милиция кызматкерлери өткөн жылдын жай айларында уулумду мал уурулукка айыптап, жалган жалаа жабышты. Менин өкүл атам менен чогуу мал уурдады деп кармалды. Өкүл атам жоголду делген малдарды төлөп берди, биз да 1 уйду төлөп берип, 3 айдан кийин гана алар бошонуп чыгышты.
«АБАЛЫБЫЗДЫ УККАНДАР ЖАРДАМ БЕРИШҮҮДӨ»
– Жакыр үй-бүлө катары 4800 сом жөлөк пул алам. Ал акча дары-дармектен артпайт. Балдарым баланча сатып бер, түкүнчө жейм деп деле айтышпайт. Жок экенин түшүнүшөт.
Өзүбүз буга чейин бирөөнүн сарайында мал багып жашап жатканбыз. Ал киши малынын баарын сатып жиберген, биз жашап жаткан үйүнөн чыкпай туралы деп суранганбыз. Макул болгон, бекер жашап жатабыз. Өзүбүздүн болсо үйүбүз жок.
Аябай кыйналып тамак-ашка да жетпей калганыбызда айыл өкмөттөн отун сурагам. Бирок беребиз деп жүрүп бербей коюшту. Абалыбызды уккан Балыкчы, Караколдун тургундары жардам катары бир тонна көмүр, азык-түлүк, кийим алып келип беришкен. Айыл өкмөт башчысы Эркебек Арунов «Көмүрдү биз алып бердик, 8 миң сом, 2 баштык кийим бердик» деп жергиликтүү телеканалга маек бериптир. 8 миң сомду Эркебекке чейин иштеген айыл өкмөт башчысы берген. Кийим-кечек беришкен эмес. Гуманитардык жардам келди деп чакырышкан, бирок ал кийимдер менин балдарыма туура келбегендиктен алган эмесмин.
Декабрь айында Ысык-Көл райондук администрациясынын кызматкерлери келип абалыбыз менен таанышып кеткен. Алар айыл өкмөт башчысына «Буларга жакын арада отун түшүрүп бергиле. Жолдошун ооруканага көрсөткүлө» деп айтышкан. Бирок отун берише элек. Ал эми облустук оорукананын врачтары жолдошумду «Бишкекке алып барып көрсөткүлө. Биз кабыл албайбыз» деп коюшканынан Ананьеводогу ооруканага көрүнүп келген. Ошондо айыл өкмөт тараптан бизге 1500 сом акча жардам берилген.
«КОЛДОН КЕЛИШИНЧЕ ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨБҮЗ»
Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Эркебек Аруновго байланышканыбызда, ал Зарина Асанованы өзү аракет кылбайт деп күнөөлөдү.
– Айыл өкмөттүн карамагында отун жок. Кожоюндары менен сүйлөшүп, талаадагы чириген, карыган бактарды кыркып, бул үй-бүлөгө отун кылып берели дегенбиз. «Отунду кайсы жактан аларыңарды көрсөтүп берели. Келип алып кеткиле» десек өздөрү алып кетпей жатышат. Чоңоюп калган ишке жарамдуу балдары бар. Анан эле элге айыл өкмөтүн жамандай берет экен. Биз жасабаган ишибизди кантип жасадык деп айтмак элек? Гуманитардык жардам катары келген кийимдерден бергенбиз. Аны «алган эмесмин» деп жатат. Айыл өкмөттүн атынан күзүндө 1350 сом бергенбиз. Колдон келишинче жардам берип жатабыз. 8 миң сомду мага чейин иштегендер беришиптир. Ошону гана айткам.
Райондук администрациядан комиссия келгенден кийин Жекшенди (ред.: Заринанын күйөөсү)Караколдогу ооруканага алып барып жаткыралы десек дарыгерлер кабыл албай турганын айтышкан. Социалдык коргоо үчүн бөлүнгөн акчадан калган 2 миң сомду жардам катары бермекпиз. Бирок мен Караколго алып барам деп унаага бензин куйдуруп койгом. Калган 1500 сомду Заринанын колуна карматкам. Операция жасатканга жардам бере албайбыз. Өзүбүз дотациядабыз. Айыл өкмөт баарына кам көрүүгө алы жетпейт. Колубуздан келсе чоң эле жардам бермекпиз.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg