МЫШЫК ЭМНЕГЕ ӨЗҮН ТАЗАЛАГАНДЫ СҮЙӨТ?

Силер билесиңерби?
Балакай, мышык тууралуу сен эмнени билесиң? Балким, ал сенин сүйүктүү досуңдур, үйдө чогуу жашайсыңар. Анда досуң тууралуу көбүрөөк маалымат алуу мезгили келди.

МЫШЫК ЭМНЕГЕ ӨЗҮН ТАЗАЛАГАНДЫ СҮЙӨТ?
Мышык көп убактысын өзүнүн жүнүн жалап тазалаганга кетирет. Чындыгында ал тазалыкты сүйөт. Бирок анын жүнүндө В витамини көп. Үчүнчү себеби – өзүн-өзү тынчтандыруу үчүн да жүнүн тазалашат. Бул «ритуалды» жасабай койсо алар стресс болуп калышы мүмкүн. Демек, адамдар баарлашканга кандай муктаж болсо, мышыктар да жүнүн тазалаганга ошондой муктаж.
Мышыктын алтынчы туюму аябай өөрчүгөн. Табигый кырсыктарда, жер титиреп, сел жүрө турганын алдын ала билип, балдарын алып ошол жерден качканга аракет кылышат. Аларды «барометр» деп да аташат. Мисалы, мышык кулагын кечке ушалап жатканын көрсөң, демек, аба ырайы суукташы мүмкүн.
Мышыктын тумшугундагы саймалуу терисин байкадың беле? Бул сызыкчалар ар бир мышыкта ар башкача болот. Мисалы, адамдардын бармак издери ар башкача болгондой эле.
Мышык тар жерден деле суурулуп өтүп кете алат. Карасаң сөөк жок деп ойлойсуң. Бирок анын скелетинде 230 сөөк бар. Болгону сөөктөрү ийилчээк болот.
Мышык – таланттуу акробат.Кандай бийиктиктен түшсө да жерге буттары менен түшөт. Ошондой эле канча алыстыкка алып барып салса да, жылдыздарды карап отуруп көнгөн үйүн таап келет.
Мышыктар эң оюнкарак болушат. Өзгөчө жип же чүпүрөктү чапчып, тытып, тоголотуп ойногонду жакшы көрүшөт.

Нуржамал Жийдебаева
balakai@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
ulua
2018-02-22 04:07:46
Соонун, мен абдан жакшы кором мышыктарды!
+2
star....
2018-02-27 07:03:42
Мышыгымды сагындым...
0
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан