Темир Бирназаров улуттук кыргыз киносунун казынасына абройлуу байге алып келди. Анын «Түнкү кырсык» тасмасы Эстониянын Таллин шаарында өткөн «А» классындагы престиждүү кинофестивалдын баш байгесин утуп алды. Эми болсо качкын президент жөнүндө тарткан тасмасын калың журтка тартуулоо алдында турганын айтат режиссёр.
– Темир агай, «Караңгы түндөр» эл аралык кинофестивалдан алган баш байгеңиздер кут болсун! «Түнкү кырсык» тасмаңыз менен кыргыз киносунун тарыхында калам деп ойлодуңуз беле?
-Буга чейин Төлөмүш Океевдин «Ак илбирстин тукуму» тасмасы ушул категориядагы Берлин эл аралык фестивалында «Күмүш аюу» сыйлыгына татыган. Бул, албетте, күтүлбөгөн ийгилик болду. Орус киносынчысы фестиваль башталгыча эле мыкты тасма жана мыкты кинорежиссёр сыйлыгын атактуу корей режиссёру Ким Ки Дуктун сценарийи менен тартылган тасма же кыргыздардын фильми алат деп жазып чыгыптыр. Баш байгени биз алдык, корей киносу мыкты режиссёрдун байгесин алды.
– Бөлөк кишинин сценарийи менен иштөө оңой болбосо керек?
-Ыраматылык драматург Талип Ибраимов бир аңгемесин мага сунуштап, «сен ушуну тарт» деди. Окусам кызыктуу, бирок темасы баналдуу экен. Өзгөртүү киргизели десем «макул» деп, кайра оюнан кайтты. Анткени буга чейин тарткан «Кумар» аттуу тасмам да кары адам менен жаш кыздын мамилеси тууралуу болчу. Ошентип тартпай турган болгом. Кийин кайра чалыптыр «каалагандай тарт» деп. Биз ишке киришип баштаганда кайра чалкасынан кетти, «сценарийдегидей тарт» деп. Мен макул болбой койгом. Көп өтпөй Талип байке каза болуп калды. Бир жарым айдан кийин ошол кездеги маданият, искусство жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Садык Шер-Нияз чакырып «тасманы өзүң бүтүрүп бер» деп суранышты. Картинага бөлүнгөн убакыт бүтүп бараткандыктан Талип байкенин китебин, 28 барак сценарийин, эки каарманды алып Көлгө кеттик. Кызыгы, түнү менен окуяны жазам, сүрөтчү менен операторго окуп берем, алар кошумчасын айтып, «раскадровкасын» жасашат. Эртеси барып тартабыз. Мындай ыкма мен үчүн чоң сыноо болду. Ошондуктан фильмге башкы каармандардан башка жергиликтүү тургундар, тасманын администратору, айдоочу, сүрөтчү, ассистенттер тартылышты.
– Эл аралык фестивалга барган автордук тасмаларда көбүнчө кыргыздын жетишпеген турмушу чагылдырылат. Эмнеге?
-Европадагыдай жашоо болсо биз деле ошону тартмакпыз. Кыргыздар өзүн-өзү жамандай берет деген бир аз жаңылыштык. Европада лесбиянка, гей дегендер бар. Квентин Тарантинонун тасмаларында баары эле кырылып калат. Аларды күнөөлөбөйбүз го. Биз болгону куру намыска алдырабыз. Качан кыргыз өзүнүн кыздарын зордуктачу эле? Эркектер 2-3 жашар балдарды зордуктап жатса кантип мактап тартабыз, айтчы? Менин киномду көргөндөн кийин эркектер ойлонсо дейм. Элге кинолорум аркылуу жагайын дебейм, кинолорум көрүүчүлөргө оң таасир берсе, кайрымдуулукка үндөсө дейм.
– Советтер Союзу учурунда классикалык тасмалар көп тартылчу. Азыр классикага айланчу тасмалар чыгып жатабы?
-Кыргыз киносунда чыгарма, анан товар бар. Көбүнчө жеке продюсерлер каржылаган, жеңил темадагы тасмалар – товар, «Саякбайды» айтпаганда. Мамлекеттин акчасына тартылган «Түнкү кырсык», «Курманжан датка», «Атанын керээзи» – булар чыгарма. Союз учурунда кино коммунисттик идеологиянын куралы эле. Чыгармачыл адамдар болсо ошол идеологияны туу кылып, коомчулукка тараткан жоокерлер болчу. Мамлекет ошол идеологияга жооп бере турган тасмаларга гана акча бөлчү. Союз кулагандан кийин бизде экинчи этап, улуттук кыргыз киносу башталды. Анын башында Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, мен үчөөбүз турабыз. Кой, ай деген да, колдогон да киши жок. Бир чети, биздей жаш режиссёрлорго жакшы шарт түзүлдү. Колдо бар нерсеге, жоктон бар кылып кыска фильмдерди тарттык. Темаларыбыз, тарткан ыкмаларыбыз мурунку режиссёрлордукунан айырмаланат. Ошондуктан бизди аябай сындашты, кыргыз киносу өлдү дешти. Өткөндө премьер-министр Сапар Исаков бизди кабыл алганда «Кыргыз киносун мурунку атак-даңкка алып келебиз» деди. А бирок кыргыз киносу мындай бийиктикке жете элек болчу. Былтыр «А» тайпасында үч кыргыз киносу сыйлык алды. Америкада, Лос-Анжелесте Садык Азия өлкөлөрүнүн кинофестивалын ачты. Кинотеатрларда кыргыз киносун көрүш үчүн эл келип жатат. Мындай ийгиликтер кино тарыхыбызда болгон эмес да.
– Улуттук кинонун башаты качан башталган?
-Мен 1994-жылы киностудияга келдим. Жамгыр жааганда тамчы биринчи кабатка чейин түшөт эле. Биз 2-3-кабатка чыгып коридорго табактарды коюп чыкчубуз. Кагаз 50 тыйындыктарды чогултуп, нан алып чай иччүбүз. Айлык жок, жөн эле келебиз. Үшүйбүз, отуруп алып карандаш менен сценарийлерди кагазга чиймелеп, талкуулайбыз. Бизде анда чоң үмүт, шыктануу бар болчу. Эл курсагын тойгуза албай жатса биз кино тартабыз деп жүрдүк. Азыр эстеп таң калам, фанат экенбиз да.
– Режиссёрдук кесипке жетүү үчүн да көп аракет жумшаган экенсиз...
-Мен эле чемпион экенмин деп бир жолу Актандан сурасам ал 6 жолу режиссёрлукка тапшырган экен. Эрнест жалгыз уюн сатып барып ВГИКке өтпөй калыптыр. Аларды уккандан кийин мен жөн эле коёюн деп калдым. Мен алгач ВГИКке барып кечигип калдым. Андан соң Киевге, Ташкентке, Ленинградга окууга кылган аракетимден майнап чыккан жок. Акыры Алматыдагы Мамлекеттик театр жана кино институтун бүтүрдүм.
– Сизди актёрлордун тилин жакшы табат деп айтышат. Сырыңыз эмнеде?
-Режиссёр психолог болушу керек, ар бир актёрдун мүнөзү бөлөк. Мен ар биринин аткаруу мүмкүнчүлүгүн ачканга аракет кылам. Кээ бир режиссёрлор түшүндүрө албай эле кыйкыра беришет. Ал актёрдун кудуретин, диапазонун сезе билиш керек. «Белгисиз маршрут» тасмасында Күмөндөр байкени (ред.: Абылов) өзүмө керектүү образга киргизиш үчүн башынан ылдый кыямды куюп, күттүрүп жүрдүм. «Качан тартасың?» деп улам келет. «Күтө туруңуз» деп коём. Ассистенттер кабар алып, акыбалын мага айтып турушат. Анан «даяр болду окшойт, ар ким менен урушуп баштады» дешти. Ошентип элди күлдүрсөм деген эмес, жыга чапсам деген абалга келип калган. Мына ушундай ыкма менен фильмге керектүү образдарды даярдап алам. Кээде каармандарды сырткы фактурасына карап көчөдөн деле алам. Аларды кыйнабайм, өзүн гана ойноп берсе жетиштүү.
– Киночулардын өмүрүнүн көбү талаада өтүп, үй-бүлөгө жетиштүү көңүл бурулбай калат. Үй-бүлөңүздө ушундай жагдайлар кантип чечилет?
-Башкалардын көз карашы боюнча мен такыр үй-бүлөгө ыңгайсыз адаммын. Үй-бүлөдө аял, эркектин ролу бар дегенге каршымын. Аял менен эркек тең укуктуу. Кызымды да «сен кир жууган машина же бала төрөй турган машина эмессиң. Сен адамсың, Кудай баарыбызды бирдей жараткан. Өзүңө жаккан жумушту аткар» деп тарбиялагам. Адамга бир эле өмүр берилет, аны каалагандай жашап өтүш керек. Үйлөнүп алып бири-бирин аңдып, мунуң жакпайт, тигиниң жакпайт деп урушкандарга таң калам. Андан көрө жалгыз жашаган жакшы эмеспи. Дүйнөдө эң чоң байлык – адамдын эркиндиги.
– Демек, келинчегиңиз да сиздей ой жүгүрткөн адам экен да?
-Мен башында эле келинчегим менен бул маселени чечишип алгам. Каякта, эмне кылып жүрөсүң деген сурак болбойт, бул өзүмдүн эрким. Мен да келинчегимдин ишине кийлигишпейм. Эң чоң чыккынчылык – адамдын ою башка бирөөдө болгону. Сүйгөн адам кайда, ким менен жүрбөсүн мейли, башка бирөө менен физикалык жактан байланышсын, жүрөгү менен түгөйүндө болсо, ошол маанилүү.
Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg