Окумуштуулардын изилдөөсүндө адамдын хронологиялык курагы биологиялык курагына көпчүлүк учурда дал келбейт. Паспорттогу хронологиялык курагыңыз 50 болсо, организмдин ички системинин иштөөсүнө ылайык биологиялык курагыңыз 30 жашта болушу мүмкүн же тескерисинче. Биологиялык курак – бул организмдин абалы, органдардын ар биринин саламаттыгы. Төмөндө тест сунуштайбыз, аларды аткаруу менен биокурагыңызды биле аласыз.
НЕРВ СИСТЕМИНИН БИОКУРАГЫ
Муну аныктоо үчүн сизге жардамчы керек. Жардамчыңыз 50 сантиметрлик сызгычты тигинен кармайт, 0 цифрасы төмөн карашы керек. Сиздин колуңуз сызгычтан 10 сантиметр ылдый жайгашат да, сызгычты коё бергенде сөөмөй жана бармак менен кармап калышыңыз зарыл.
а) 20 сантиметрге чейин кармасаңыз – 20 жаш;
б) 30 сантиметрге чейин – 30 жаш;
в) 35 сантиметрге чейин – 40 жаш;
г) 40 сантиметрге чейин – 50 жаш;
д) 45 сантиметрге чейин – 60 жаш;
е) Кармай албай калсаңыз – 70 жаштан жогору.
ЖҮРӨК-КАН ТАМЫРДЫН БИОКУРАГЫЖай отуруп билегиңизди кармап 1 мүнөт тамырыңыздын кагышын эсептеп, жыйынтыкты жазып коюңуз. Андан кийин 10 жолу бат-бат отуруп-турган соң кайра 1 мүнөт тамырыңыздын кагышын эсептеңиз. Биринчи жыйынтык менен кийинки көрсөткүчтү салыштырабыз.
1) Эгер тамырыңыздын кагышы 10го чейинки көрсөткүчтө айырмаланса, сиздин жүрөк-кан тамырыңыздын биокурагы – 20 жашта;
2) 10-20га айырмаланса – 30 жаш;
3) 20-30га айырмаланса – 40 жаш;
4) 30-40ка айырмаланса – 50 жаш;
5) 40тан жогору же сиз 10 жолу отуруп-тура албасаңыз – 60 жаштан жогору.
БАЙЛАМТА-ТАРАМЫШТАРДЫН БИОКУРАГЫАкырындык менен эңкейип, тизеңизди бүкпөй туруп эки алаканыңыз менен жерге жеткенге аракет кылыңыз.
1) Эки алаканыңыз толугу менен жерге тийсе – байламталарыңыз 20 жашта;
2) Алаканыңыз жетпей, колдоруңуздун учу гана тийсе – 30 жашта;
3) Колуңуз кызыл ашыктын томугуна чейин жетсе – 40 жашта;
4) Колдоруңуз тизеңизден ылдый түшсө – 50 жашта;
5) Тизеңизге чейин жетсе – 60 жаштан жогору.
МУУНДАРДЫН БИОКУРАГЫЭки колуңузду бирин белиңиз тараптан, экинчисин далы тараптан артка алып, эки колуңузду бириктиресиз.
1) Колдоруңуз оңой эле «бекип” калса – муундарыңыз 20 жашта;
2) Манжаларыңыз бири-бирине кичине тийишип, бирок бекибесе – 30 жаш;
3) Колдоруңуз жакындап, бирок тийишпесе – 40 жаш;
4) Колдоруңуз артка алынып, бирок бири-биринен алыс болсо – 50 жаш;
5) Колуңузду артка кылганда ооруп же такыр эле артка кайрылбаса – 60 жаштан жогору.
ОРГАНДАРДЫН ШАЙКЕШТИГИ ЖЕ КООРДИНАЦИЯЛЫК БИОКУРАККоординация – организмде органдардын бири-бирине ылайык өсүшү, иштеши. Көзүңүздү жумасыз. Бир бутуңузду жерден 10 сантиметр жогору көтөрөсүз. Ушул абалда канча убакыт кармаларыңызды эсептеңиз.
1) 30 секунд же андан көп турсаңыз – 20 жаш;
2) 21-25 секунд – 30 жаш;
3) 16-20 секунд – 40 жаш;
4) 10-15 секунд – 50 жаш;
5) 10 секунддан азыраак кармалсаңыз – 60 жаштан жогору.
БУЛЧУҢДАРДЫН БИОКУРАГЫ
Тесттеги көнүгүүлөр ошол учурдагы эмоционалдык абалыңызга жараша жыйынтык көрсөтүшү мүмкүн. Жыйынтыгына канааттанбай калсаңыз, спорт менен машыгып, организм менен гармонияда болуңуз. Андан кийин өзүңүз каалаган жыйынтыкка жете аласыз.
«ТУУРА ТАМАКТАНГАН АДАМ ЖАШ БОЛОТ»Тамак-аш технологу, сапаттуу тамак-аш боюнча адис Айгүл Имерова биокуракка туура тамактануунун тийгизген таасири тууралуу буларга токтолду:
– Биз жеген тамак адамга күч-кубат берүүчү кызматты аткарышы керек. Бирок азыркы учурда химиялык жол менен өндүрүлгөн азыктардын көбөйүшү ден соолукка терс таасир тийгизүүдө. Андай азыкты организм сиңирүү үчүн кошумча күч кетет, уйкубуз келип, ныксырап, шалдырап калабыз. Жаратылышы, таза аба, суусу бар Кыргызстанда нукура азыктарды өндүрүүгө бардык шарттар бар. Табигый нукура азык жеген адам өзүн сергек сезип, күч, акыл жөндөмдүүлүгү күчөйт, ар кандай оорулардан алыс болот, демек, биологиялык курагы жаш болот.
«БИОЛОГИЯЛЫК КУРАГЫҢЫЗДЫ ЖАШАРТКЫҢЫЗ КЕЛСЕ, СПОРТ МЕНЕН МАШЫГЫҢЫЗ»Мирбек Буларкиев, машыктыруучу:
– Жогорудагы көнүгүүлөр спортто ички көнүгүүлөр деп аталат. Ички көнүгүүлөрдө алгач жан дүйнөнү тазалаш керек, организм менен гармонияда болууну үйрөнүү зарыл. Ички көнүгүүлөрдө организмди жашартуучу гормондор бөлүнүп чыгат. Адам хронологиялык курагына карабай тың, сергек жүрөт. Спорт менен машыгуу эч качан зыян алып келбейт. Андыктан биологиялык курагыңызды жашарткыңыз келсе, спорт менен машыгыңыз.
Асыл Орозбекова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg