ЖЭЭНБЕКОВ ОРГАН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КИРЕШЕ-ЧЫГАШАСЫН КЫЛДАТ ТЕКШЕРИП ЧЫГУУ ТАПШЫРМАСЫН БЕРДИ

Президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. Ага ылайык, президент УКМК, Башкы прокуратура, ИИМ, Финпол жана Жогорку Соттун жетекчилерине жаңы милдеттерди жүктөдү. Мисалы, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевге жана Финполдун төрагасы Замирбек Осмоновго сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупциялык иштерди аныктоого багытталган аракеттерди күчөтүү тапшырмасы берилди. Ал эми сотторго оор жана өзгөчө оор кылмыштар, анын ичинде кызматтык кылмыштар, коррупция жана мамлекеттик, муниципалдык менчикти ири өлчөмдө уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталды.
Өлкө жетекчиси ушул эле күнү Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен жыйын өткөрүп, бардык күч түзүмдөрүнө коррупцияга каршы ишти жандантуу тапшырмасын берди. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүүчү сот, прокуратура, укук коргоо органдарынын жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү зарылдыгын кошумчалады.
«Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү зарыл. Жарандар коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүүдө»,- деди Жээнбеков. Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйындарында энергетика, тоо-кен, саламаттыкты сактоо, билим берүү сыяктуу маанилүү тармактардагы коррупцияны жоюу маселеси каралмакчы.
13-февралда президент Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, коррупцияга каршы күрөш боюнча жыйынтык талап кылды. «УКМКнын алдында олуттуу маселе турат – укук коргоо, сот органдарындагы жана башка мамлекеттик түзүмдөрдөгү коррупция менен күрөш жүргүзүү. Бардык кызматкерлер коррупция менен күрөшүүдө кызматтык милдетин жана ролун так түшүнүшү керек. Жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт»,- деди Жээнбеков. Ушул эле талапты президент 15-февралда Башкы прокурор Индира Жолдубаевага дагы койду.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан