Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев интернеттеги социалдык түйүндөрдөгү билдирүүлөр, маалымат каражаттарындагы кадыр-баркка шек келтирген материалдар үчүн жарандарды жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. «Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин тийиштүү комитети 1-окууда жактырды. Ага ылайык, интернетте, гезит жана журналдарда, телерадиодо жарыяланган адамдын кадыр-баркына шек келтирген материалдарды кайра төгүндөө милдети күчөтүлөт. Маалыматты жарыялаган булактан тышкары аны тараткан, бөлүшкөн бардык маалымат каражаттарына жана башка булактарга да төгүндөө милдети жүктөлөт.
Депутат кадыр-баркка шек келтиргени үчүн моралдык чыгымдардын минималдуу көлөмүн 20 миң сомдон кем эмес деп белгилөөнү сунуш кылды.
Комитет талкуусунда «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Тазабек Икрамов айып пулду 20 миң эмес, 50 миң сомдон баштоону сунуштады. Бекешевдин бир топ кесиптештери бул демилгеге каршы чыгып, долбоорду сөз эркиндигин чектөө аракети деп баалап жатышат. Жанар Акаев: «Сунушталып жаткан мыйзам долбоору аркылуу коомчулукту өз пикирин айтууда ооздуктап салбашыбыз керек»,- деди. Комитетте депутаттар Аида Касымалиева, Наталья Никитенко каршы добуш берип, бирок мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg