МАМКАТТОО КЫЗМАТЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИ АЛМАШТЫ

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев кызматтан бошотулду. Чиновник кызматтан кетүүгө арыз жазып, арызга 14-февралда премьер-министр Сапар Исаков кол койду. Догоев мындай чечим кабыл алууга үй-бүлөлүк шарты себеп болгонун айтып, бирок конкреттүү эмне түрткү болгонун ачыктаган жок. «Жооптуу кызматта мага ишеним көрсөткөнү үчүн өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Сапар Исаковго жана Жогорку Кеңешке ыраазычылык билдирем. Жаңы башталган долбоорлор ишке ашарына ишенем. Алдыда дагы өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн кызмат кылууга шарт түзүлөт деп ойлойм»,- деди Догоев.
Догоевдин ордуна Алина Шаикова дайындалды. Шаикова Мамлекеттик каттоо кызматын 2014-жылы да жетектеген. Ал эми бүгүнкү күнгө чейин Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментин жетектеп келген.
31 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган. Буга чейин өкмөттүк түзүмдө жаш кадрларга басым жасалып келсе, акырындык менен алардын ордун «эскилер же тажрыйбалуулар» алмаштырууда.


Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан