БИР БҮРКҮМ. ӨТКӨН ЖЫЛЫ РАКТАН 18 БАЛА КӨЗ ЖУМДУ...
Быйыл Кыргыз өлкөсүнүн жарандарын АЖЫЛЫК САПАРГА Сауд Арабиянын «Flynas» авиакомпаниясы ташыйт. Авиабилеттин баасы 1550 долларды түздү. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
2017-жылы өлкөдө РАК ИЛДЕТИНЕН жабыркаган 18 бала көз жумган.
Жогорку Кеңештин V чакырылышында «Республика» фракциясынан депутат КУРМАНБЕК ДЫЙКАНБАЕВ президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Молдакун Абдылдаев аркалап келген.
2017-жылдагы эсептөөлөргө караганда, өлкөдө 34 443 ТОО ТЕКЕ, 1207 КАМАН, 3832 ЭЛИК, 26 728 УЛАР жана 20 МАДЫЛ жашайт.
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты ЧОЛПОН ЖАКУПОВАны экс-президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВге соттон утулган 3 миллион сомду өндүрүү үчүн Ысык-Көл облусундагы коттеджин сатыкка коюуга милдеттендирди.
Кыргыз өлкөсүндө жаныбарларга АҢЧЫЛЫК КЫЛУУГА байланыштуу 359 эреже бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги кабарлады.
2018-жылдын январь айында өлкө боюнча 6 миллиард 70,5 миллион сом САЛЫК ЧОГУЛДУ. Аталган маалыматты Мамлекеттик салык кызматынан таратышты.
2017-жылы Баткен жана Чүй облустарында КУРГАК УЧУК менен ооругандардын саны өскөн. Бирок жалпы өлкө боюнча аталган илдетке кабылгандардын саны 3,1 пайызга азайган.
2017-жылы бюджеттен ЖӨЛӨК ПУЛ үчүн 6 миллиард сом бөлүнсө, 2018-жылы 7 миллиард 8 миллион сом бөлүү пландалган. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди.
Мектеп бүтүрүүчүлөрүн ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ каттоо 15-февралдан 5-апрелге чейин өтөт. Тестирлөө боло турган күн 14-19-майга пландалууда. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинде 5280 ЖУМУШЧУ ИШТЕЙТ. Аталган маалыматты премьер-министр Сапар Исаков парламент жыйынында айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.