Туулган жылы – 1985-жыл, 16-июль
Туулган жери – Ош облусу, Чоң-Алай району, Жайылма айылы
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы
Билими – Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетин, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телерадио жана режиссура бөлүмүн аяктаган
Репертуарындагы ырлары – «Чоң-Алай», «Дилбарым», «Жылкычы кыз», «Аллах», «Сардал кыз», «Жийде жыты» жана башкалар
Учурда – «Пирамида» телеканалынын продюсери
– Салам, Лутфилла. Ысымың өзгөчө. Ошол себептенби, айтор, сени көпчүлүк «кытайлык кыргыз» деп жүрүшөт...
– Ысымым араб тилинен которгондо «бүт аалам Аллахты сүйөт» дегенди билдирет. Бир нече жыл мурун концерт коюп Кытайга барып, ал жактагы кыргыздардын арасынан атамдын туугандарын таап келгем. Ошондон улам мени кытайлык кыргыз деп ойлогондор көп. Бирок мен Чоң-Алайда эле туулуп-өскөм.
– Чыгармачылыгың, иштериң жакшы болуп жатабы?
– Баары жакшы. Өнөр дүйнөсүндөгү чоң казанга аралашып, маданият тармагында өзүмдүн алгылыктуу иштерим менен аздыр-көптүр элиме таанылып келе жатам. Алган билимдеримдин үзүрүн көрүп, бир эле ырчы катары эмес, продюсер, концерт уюштуруучу, тамада, ошону менен катар клиптерди тартып келем. Соңку ирет Султан Садыралиев менен Марсианын «Махабат дастаны» аттуу ырына клип тарттым. Мындан тышкары телевидение тармагында да көп жылдан бери эмгектенип жүрөм. Ырчылардын жеке концерттеринен тышкары буга чейин 42 кайрымдуулук концерт өткөрүп, жардамга муктаждарга кол сунуп келем. Үй-бүлөдө мыкты кожоюн, камкор атамын. Мунун баарына убакыт бөлсө, жетишсе болот.
– Жаш таланттарга да жардам көрсөтүп жүргөнүңдү билебиз.
– «Булак көрсөң көзүн ач» деген жакшы сөз бар. Кээ бир таланттар устат тандоодон, чыгармачылык чөйрөгө аралашуудан көп адашат. Мен дагы башында көп кагылдым-согулдум, алдандым. Ошондо «эгер мен өнөр дүйнөсүнөн өз ордумду тапсам, сөзсүз жаштарга жардам кылам» деп өзүмө сөз бергем. Ошол себептен көптөгөн жаңыдан сахнага аттанып жаткан таланттарга керек учурда жардам берип, өзүмдүн салымымды кошуп келем. Эң алгач Улан Осмон уулуна продюсер болуп, ал менин үйүмдө жашап, өз баламдай кам көрдүм. 5 айдай иштешип, Уланды көптөгөн жерлерге таанытканга аракет кылдым. Андан кийин Кудайберди Айтбосунов, Жоодарбешим деген ырчы жигиттер менен иштешип жакшы ийгиликтерге жеттик. Азыркы күндө Марсиана, Мурадил Данияров деген жаш ырчыларга продюсер, андан тышкары ырчылар Гүлжигит Сатыбеков, Айжамал Кабылова жана «Кыз-Бурак» тобуна менеджерлик кылып жүрөм.
– Жардамыңды билбей, «боорго тепкендер» да болобу?
– Жардамыңды баалабай, «өйдө карап түкүрүп» кеткендер да бар. Өйдө карап түкүргөн түкүрүгү кайра келип өзүнүн бетине түшөрүн билишпейт. Атам мага «Бир ирет туз таткан жериңе миң мертебе салам айт» деп көп айтчу. Андай адамдарды «сен жаман адам болгон үчүн Кудай мени сенден ажыратты» деп туура түшүнүү менен кабыл алам. Эгер сен жакшы адам болгонуңда дагы иштешип, көп ийгиликтерди багындырат элек деп изги тилектеримди ичимден айтып коём. Менден кетип эле жыргап кеткендерин көргөн жокмун. Кайрадан кечирим сурап келгендери бар. Кечиримдүү боло билүү да керек. Кээ бирөө мен аркылуу менин тааныштарым менен таанышуу максатында келишет.
– Үй-бүлөң, ата-энең тууралуу да айта кетсең.
– Атам Чоң-Алайда жайлоолорго жол салган, ак эмгеги менен акча тапкан, айыл эли урматтаган аксакал. Апам да саанчы болуп адал эмгек кылган адам. Мага талант ата-энемден өткөн. Атам комузду жогорку деңгээлде чертет. «Сен канча жыл окусаң да комузду үйрөнбөй койдуң» деп мени дайыма урушат. Апам жакшы ырдайт. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжесимин. 2 эжем, 1 агам бар. Өзүм классташ кызыма үйлөнгөм, Кутман, Темурлан деген 2 уулум бар. Экөө тең чыгармачыл болот деп ишенем. Анткени азыртадан эле улуу балам камераларды кармалап, тартуу иштерине кызыкса, кичүү уулум бийчи Атай Өмүрзаковду туурап бийлегенди жактырат. Келинчегим чыгармачылыгымды колдоп, кеңештерин айтат, тапкан-ташыганымды ыгы менен колдонуп, баарына жеткирип келет.
– Ишиңе ийгилик.
Асхат Субанбеков
star@super.kg