КОЙ (21.03-20.04)
Бул аптада өз алдыңызча аткарган иштериңиз түрдүү өңүттө өтөт. Кээде кубанып, кээде кыжырданасыз. Жашыруун аракеттер менен да алектенесиз. Көзөмөл органдары, башка жактык (шаар, айыл) адамдар менен көп алака жасайсыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Акча маселесин чечүүдө, достор жана кесиптештер менен мамиле жасоодо кыраакы болуңуз. Негизи аптада аракеттер бирде жакшы, бирде жаман болуп турмакчы. Баары ийгиликтүү бүтүшү үчүн аптанын алгачкы күндөрү ылайыктуу. Андыктан шашылыңыз.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Негизги максаттарыңызды ойдогудай орундатуу үчүн аптанын биринчи жарымы ыңгайлуу. Өз ара мамилелер да жакшырат. Бейшембиден тарта айрым көйгөйлөргө дуушар болосуз. Ачууга алдырбасаңыз эле баары жакшы болот.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жумуш, ден соолук жаатындагы маселелерди шаршембиге чейин чечип үлгүрүңүз. Ылайыктуу мезгил. Апта ичи сапарга чыгасыз. Сапар учурунда романтикалык таанышуулардан оолак болуңуз. Ишемби, жекшембиде өзүңүздү токтоо кармаңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Балдар жана каржы маселеси бейшембиге чейин сиз ойлогондой чечилет. Андан соң кырдаал өзгөрүлө баштайт. Ишемби, жекшембиде кумардуу сүйүүнү баштан кечиресиз. Интимдик зомбулукка дуушар болуудан сак болуңуз. Түнү жалгыз жүрүүдөн абайлаңыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бейшембиге чейин мамилелер, чарба иштери жакшырат, таанышуулар болот. Каржы маселеси жакшы чечилет. Дем алыш күндөрү үй-бүлөдө чыр чыгышы күтүлөт. Таарынычтар чыгат. Андыктан жан шеригиңизге аяр мамиле жасаңыз.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул күндөрү жумушуңузга көп көңүл бурууга аргасыз болосуз. Шаршембиге чейин туугандарыңыз менен жакшы сүйлөшүүлөр жүрөт, кыска мөөнөттүү сапарга да чыгып үлгүрөсүз. Жакшы кабар угасыз. Дем алыш күндөрү көйгөй жаралышы мүмкүн.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада балдар темасына, романтикага, ошондой эле чыгармачылыкка көп көңүл бурасыз. Шаршембиге чейин колуңузга акча тиет. Бейшембиден тарта чыгым тартасыз. Бул чыгым балдарыңыздын же сүйгөнүңүздүн керектөөсүнө байланыштуу болмокчу.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Апта ичи үй чарба иштерине көп алагды болосуз. Шаршембиге чейин жеке иштериңиз сиз ойлогондой орундалат. Көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Дем алыш күндөрү түшүнбөстүктөр жаралышы мүмкүн. Үй-бүлөгө аяр мамиле жасаңыз.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Бул аптада туугандар, жумуштагылар менен көп баарлашасыз жана көп кыймыл-аракетте болосуз. Кыска мөөнөттүү сапарларга да чыгасыз. Өз алдыңызча жасаган жана жабык типтүү ишканаларга байланыштуу иштер оң жыйынтыгын берет. Дем алышта эмоцияңызды ооздуктаңыз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул аптада сизди акча, жеке жашооңузга байланыштуу көйгөйлөр көп түйшөлтөт. Көйгөйлөрдүн жакшы же жаман жакка чечилиши сиздин тактикаңыздан көз каранды. Аптанын биринчи жарымында тилектериңиз орундалат. Жума күндөн баштап чыгымдар күтүлөт.
БАЛЫК (20.02-20.03)
Аптада негизги жумуштар убактыңызды алып, убара кылат. Элдин көңүл борборунда болосуз. Аптанын алгачкы күндөрү жетекчилик менен жакшы тил табышсаңыз, жума күндөн тартып түшүнбөстүктөр жаралат. Сак болуңуз.