Жумушка жарамдуу жаштардын басымдуу бөлүгү өлкөдө эмгектин баасы арзан экенин айтып келет. Мындай абалдан улам чет мамлекеттерге иш издеп кеткен жарандардын саны миллиондон ашат. Өткөн сандарда Түштүк Кореядагы мекендештер тууралуу даярдалган макаладан улам окурмандардан көптөгөн суроолор келип түштү. Буга байланыштуу аталган өлкөгө барып иштеп келүүнү каалагандар үчүн тиешелүү мекемелерден эң негизги суроолорго жооп алдык.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын алдындагы Маалыматтык-консультациялык борбору иш алып барат. Аталган борбордун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев окурмандардын суроолоруна жооп берди.
Анын айтымында, Кореяга кетүүнү каалагандар үчүн жылына бир жолу Мамлекеттик миграция кызматында экзамендер өткөрүлөт. Анын өтө турган датасы белгиленгенден кийин кызматтын расмий сайтына жана массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
«Кореяга биздин жарандарды жумушка орноштуруу эки өлкөнүн ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде жүргүзүлөт. Ал 2007-жылдан бери ишке ашырылып келет»,- деди ал.
КОРЕЯДА ИШТӨӨ ҮЧҮН БАРА ТУРГАН ЖАРАНДАРДАН ЭМНЕ ТАЛАП КЫЛЫНАТ:
1. Жаш курагы 18 жаштан 39 жашка чейинки жарандар;
2. Корей тилин билгендиги боюнча тестти ийгиликтүү тапшыруу;
3. Медициналык кароодон өтүү;
4. Жаран Корея Республикасынан депортацияланбаган жана соттолбогон болуусу шарт.
ЧЕТ ЭЛДИК ЖАРАНДЫН КОРЕЯГА ЖУМУШКА ОРНОШУУ ТАРТИБИ:
1. Корей тили боюнча тест тапшыруу;
2. Кошумча билимдери жана жөндөмдүүлүгү боюнча экзамен тапшыруу;
3. Медициналык кароодон өтүү;
4. Документтерин Маалыматтык-консультациялык борборго каттоо үчүн алып келүү;
5. Жалпы жарандык паспорт жана анын түстүү көчүрмөсү;
6. Медициналык кароодон өткөндүгү тууралуу маалым кат;
7. Тест тапшыргандыгы боюнча баллдар коюлган сертификат;
8. 3,5x4,5 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
9. Эмгек келишимин күтүү;
10. Эмгек келишимин алгандан кийин башка өлкөгө жөнөтүү алдындагы окутуу жана даярдоо жүргүзүлөт. Андан кийин ишканаларга бөлүнүп өлкөлөргө жөнөтүлөт.
Бул документтердин баары Бишкек шаарындагы Токтогул көчөсүндөгү №237-дарегинде жайгашкан Маалыматтык-консультациялык борбордо кабыл алынат. Кызмат тууралуу толук маалыматтар http://oec.kg/ сайтында көрсөтүлгөн.
Байланыш номер: (0312) 64-17-14
Эгерде талаптарда өзгөрүүлөр болсо жогорудагы сайтка жарыяланат. Бул жылдагы экзамендин убактысын Корея Республикасы азырынча беките элек.
"Бул документтерди тапшырган жаран сөзсүз түрдө эле чет элге кетет экенмин деп ойлобош керек. Бул жаранга мүмкүнчүлүк түзүп берүү гана кызматы, ошол өлкөгө кызматка орноштурууга кепилдик жок. Андыктан документтерин базага каттаткан жаранга "мынча убакыт күт" деп айта албайбыз. Анткени Кореяга кетүүнү каалаган жарандар базага катталгандан кийин алардын анкетасын Корея тарап өзү карап чыгат. Анкетада жарандын сүрөтү коюлуп, физикалык мүмкүнчүлүктөрү, жөндөмдүүлүгү белгиленет. Ылайыктуу талапкерлерди өздөрү тандап чакырат. Кайсы бир ишке орноштурууда биз же Кыргыздын Корея Республикасындагы элчилиги таасир эте албайт»,- дейт Алыбаев.
ОКУРМАНДАРДАН ЭҢ КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР
1. Экзамен баасы канча турат?
– Экзамен тапшыруу үчүн жарандар 24 доллар төлөйт. 2. Мектепти эле аяктагандыгым тууралуу күбөлүгүм бар. Жогорку же башка билим алгандыгым тууралуу дипломдор керекпи? Ал Кореяда жарактуубу, иш табууга жардам береби? Ъ
– Кореяга Кыргыз жарандары негизинен өндүрүш тармагында иштөө үчүн кетишет. Корея Республикасынын квалификациялуу күчтөргө муктаждыгы жок. Мисалы, сиз экономист, бухгалтер же юрист, айтор, ушундай дипломдор менен тиешелүү жумуштарды таба албайсыз. Ал жакка өндүрүш: завод, фабрикага, чарбага жумушчу күчтөр керек. Жарандын бул багытта диплому же сертификаттары бар болсо, анда жумуш берүүчүлөр тарабынан же жумуш табууда артыкчылыктар болушу мүмкүн. Бирок экзамен алууда биз жарандардын диплому болушу керек деген талапты койбойбуз. 3. Кыргыз айдоочулук күбөлүктөрү Кореяда жарактуубу? Же ал жакта башынан окуу керекпи?
– Кыргыз өлкөсүнүн айдоочулук күбөлүктөрү менен Кореяда айдоочу болуп иштей аласыз. Өкмөттүн токтому менен 2 жактын тең айдоочулук күбөлүктөрү бири-бирине жарайт. Эгер ал жакта айдоочу болууну көздөгөндөр болсо, Кореядан кайрадан окуудан өткөрүлөт. Бирок биз жарандарга айдоочу болуп иштебөөгө кеңеш беребиз. Анткени Кореяда жол эрежелери абдан тыкыр сакталат, эрежелерди бузгандарга айып пулдун суммасы аябай чоң. Аны төлөөгө, балким, жарандын айлыгы да жетпей калышы мүмкүн.
4. Медициналык кароодон өтпөй калууда башкы себептер кайсылар?
– Медициналык кароонун жыйынтыгында жаранда сифилис, гепатит, кургак учук, СПИД илдеттери аныкталса, алар Кореяга иштөө үчүн кабыл алынбайт. Корей тараптан мындай илдеттерди алып жүргөндөрдүн баруусуна бөгөт коюлган.
5. Айлыктын минималдык көлөмү канча?
– Жарандар атайын келишимдин негизинде кетет. Бул учурда алардын минималдык айлыгы 1000-1500 долларды түзөт.
6. Кореяда ишке орношууга уруксат алууда баш-аягы канча акча, убакыт кетет?
– Негизги талаптардын бири – корей тилин билгендиги боюнча тест тапшырылат. Андан кийин дагы бир тест бар – ал «скилл тест», башкача айтканда, жарандын жөндөмдүүлүгүн аныктайт. Андан кийин ал өтсө, аты-жөнү базага киргизилет. Эгер биздин кызматтын бардык пункттарынан өтүп, келишим түзүлсө, анда виза менен эле авиабилетке акча даярдап коюш керек. Авиабилеттер ар кандай баада болуп калат, ал эми виза ачуу 60 доллардын тегерегинде жүргүзүлөт. Убакыт боюнча айта турган болсок, экзамен жылына бир жолу жүргүзүлгөндүктөн жаран кетүүнү пландагандан кийин дароо эле кете калбайт. Экзамен тапшырып, келишимди түзүү көп убакытты талап кылбайт. Ал жакта жумуштун чыкканына жараша жөнөтүлө берет.
7. Виза алынган соң үй-бүлөнү да алып кетүү үчүн кандай шарттарды аткаруу керек?
– Кыргыз-Корей өлкөлөрүнүн ортосунда жарандарды жумушка орноштуруу боюнча түзүлгөн меморандумда үй-бүлөнү алып кетүү деген маселе каралган эмес. Ошон үчүн виза алынгандан кийин деле үй-бүлөсүн алып кетүүгө шарттар жок. Анткени аларга жумушчу күч эле керек.
8. Жарандарды Кореяга жумушка жөнөтүп, орноштурабыз деген жеке адамдарга, агенттиктерге ишенүүгө болобу?
– Жеке агенттиктер же адамдар Кореяга жөнөтүп, жумуш таап берем десе жарандар мыйзамдуу түрдө кетет экенмин деп түшүнбөшү керек. Анткени Кореяга жумушка орноштуруу үчүн жарандарды мыйзамдуу түрдө Мамлекеттик миграция кызматы гана кетире алат. Элди ошондой агенттиктерге, жеке адамдарга ишенбөөгө чакырабыз.
Кореяга окуу, дарылануу же бизнес максатында бара тургандар үчүн маалыматтар гезиттин кийинки сандарында берилет.
Кызжибек Раимова
koom@super.kg