Ырчы Кызсайкал Бөрүбаева учурда кош бойлуу. Эне болоруна аз калган Кызсайкал учурда сулуулук салонунда иштеп жатат. Кубанычтуу кабары тууралуу "Буюрса, эки айдан кийин наристебиз жарыкка келет. Ал күндү жолдошум Эрнист экөөбүз чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. УЗИден кыз деп айтышты" дейт ырчы. Эске салсак, Кызсайкал өткөн жылдын жай айларында турмушка чыгып, сентябрь айында үлпөт тоюн өткөрүшкөн.