ЖЫЛДЫЗДАР СҮЙҮҮ КҮНҮНДӨ КАНДАЙ БЕЛЕК АЛЫШТЫ?

Айгерим Расул кызы: «ЖОЛДОШУМ ӨЗҮНӨ ЖАККАН АТЫР БЕЛЕК КЫЛЫП, ШААР КЫДЫРТЫП КЕЛДИ»
– Негизи 14-февралды сүйүшкөндөрдүн күнү деп бойдок кезде башкача бир толкундануу менен тосот эмеспизби. Ал эми үй-бүлөлүү болгондон кийин бул күндү мурункудай белгилебей калат экенсиң. Балким, баалуулуктар деле жыл өткөн сайын өзгөрөт окшойт. Мурун 300 роза берсе, азыр 1 даана гүлгө деле ыраазымын. 14-февраль күнү жолдошум атыр белек кылды. Анан бул майрам гүлсүз өтпөсө керек. Жолдошум берген гүлдү кучактап алып шаар кыдырып сейилдеп келдик. Ал эми өзүм ага кеңсесине керектүү буюмдар топтомун берип куттуктадым.

Асема: «АЛТЫН ШАКЕК БЕЛЕККЕ АЛДЫМ»
– 14-февраль расмий түрдө майрам болуп эсептелбейт экен да. Ал күнү жолдошум жумушта болуп түшкү тамактанууда жолугуп бири-бирибизге камдап койгон белектерибизди бердик. Жолдошум мага негизи майрамдарда көбүнчө алтын асем буюмдарын белекке бергенди жакшы көрөт. Алтын жакшы экен да, сатсаң акча, мураска калтырсаң да болот, эскирбейт, айтор, баалуулугу жоголбойт. Өзүм да алтынга жакынмын. Майрамга деп шакекти өзүм барып тандап алдым. Ал эми өзүм жолдошума сонун «интимный» белек бердим, аны айтканга болбойт (күлүп).

Бактыгүл Бадыева: «МАЙРАМГА ЖОЛДОШУМ ЧУРКООЧУ СПОРТТУК ШАЙМАН БЕЛЕК КЫЛДЫ»
– 14-февраль – Сүйүшкөндөр күнүн биз да өзгөчө өткөргөнгө аракет кылдык. Жолдошумдун ата-энеси бизге жакын жашагандыктан, кыздарыбызды чоң ата, чоң энесиникине жиберип, өзүбүз шам жагып романтикалык кеч уюштурганбыз. Жолдошум мага үй шартында чуркап, машыкканга чуркоочу спорттук шайман белек кылды. Мурун деле мындай шайманым бар болчу, бирок ал бир аз эскирип калган эле. Жаңысы бир топ заманбап экен. Өзүм болсо жолдошум китеп жакшы көргөндүктөн, жакшы китеп белек кылдым.

Назбек Кенчинбаев: «НУРАЙЫМГА КОМУЗ БЕЛЕК КЫЛДЫМ»
– 14-февралда биз чакан концерт бергенбиз. Нурайым экөөбүз ошол концертте майрамды эл менен чогуу тостук. Чоң атама атайын комуз чаптырган элем, ошол комузду белекке бердим. Ал эми Нурайым мага унаама керектүү буюмдарды алып берди.





star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (33)
vikidiki
2018-02-20 13:04:08
Асема озгочо, элден башкача таанымал инсан болойун деген максаты бар окшойт. Бирде ачык сцена аткарам, бирде мындай белегинен бери ачык айтып. Жакында ошол жаатта куйоону кантип до конца жизни кармап калыш керек деген ааачыык маек бербесе болду.
+6
zhyldyz1998
2018-02-20 13:48:16
соонун
+1
zhyldyz1998
2018-02-20 13:50:05
жакшы оздору билетда эми
+3
Gulnaz.GS
2018-02-20 13:51:35
бадыевага намёк катуу болгонго куйоосу тараптан
+24
Shahrizaada
2018-02-20 14:51:29
Асема интим подарканы биротоло кантип колдонорун көргөзүп да чыгарып койгула. А то билесиңер азыркы заманда ишениш кыйын, чын эле ошондой подарка бердиби, бербедиби?))Что бы, куйормандарын ишенсинда, -аа!-деп))
+15
Janylai2012
2018-02-20 15:28:18
Албетте аял куйоонун ортосундагы туболук очбогон экооно гана тийешелуу ыссык мамиле.бул кунду да ошол мамилени даны бир ирет кобойтуп ортодо суйуу бар деп эстеп туруу учун гана болушу керек.а Асеманын ошол нерсесин айтуусу шарт деле эмес болуш керек.ал сыр болсун деп койсо деле болмок.ушул да болсо этика да.эл алдында жургондон кийин
+11
UmsunaiTem
2018-02-20 15:45:35
Сонун ^интимный^ белек эмне болду экен а ?
+7
kanu
2018-02-20 23:10:32
Асеманыкы оргинальдуу болуптур жакты мага
0
amirrus
2018-02-21 09:54:32
ошондо Асема куйоосуно ХХХХХХХХХХХХ бергенби мойнуна тагып ал деп.Негизи уят элге айта турган нерсе бар,айтбай турган нерсе бар.Менимче ХХХХХХХ белек калган го...
+8
Munar92
2018-02-21 12:43:29
Асема аны айтып болбойт депсин да айтып болуп,негизи аны сыр тутсан болмок баарыле берет аны
+6
jumka0505
2018-02-21 15:17:25
Асеманыкы белек эмес ал кундо болуучу нерсе майрам куну и так болот. Куйоосу да жоош немекен кундогудой белекке алданган. Мен дагы упакованный белекмин сага деп койсо болмок?!
+4
aika_sv
2018-02-21 23:07:06
Saza 20 molodes
+3
ayva
2018-02-22 05:51:11
Жакында жаны сериал асема башталат.
Анжелика эжебизди уктаттык
+8
Deniza88
2018-02-25 03:58:13
ayva,х а хаааа Сен жарыпсын
0
Azura
2018-02-22 09:10:24
Интимный-значит личный, носки берсе деле личный болот. Айткысы келген жок
0
Dastanwanted
2018-02-26 19:07:04
Асема кишини дуулуктурду го))))
0
№ 798, 16-22-февраль 2018-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан