«СУПЕР-ИНФО» - ИЙГИЛИКТИН ЖАҢЫ ФОРМУЛАСЫ!
Ийгилик сыры
Жума – мусулман дүйнөсү үчүн ыйык күн. Бул күн биздин жамаат үчүн да өзгөчө. Анткени ар жума сайын «Супер-Инфо» гезитинин жаңы саны чыгат. Бул күнү таң эрте гезит күркөлөрүнө чуркап, гезиттин жаңы санын алып, кайра шашыла бири окуусуна, бири жумушуна же үйүнө жөнөгөн окурмандарыбызды кубануу, урмат-ызаат менен карап узатабыз. Ошентип, жума күнүн күтүп жана кубануу менен узатып жүрүп, сегиз жылды өткөрүптүрбүз. Учурда «Супер-Инфо» сегиз жашта.
КЕП ПАЙДУБАЛДА
Учурда жалпы кыргыз журтчулугунун сүйүктүү гезитине айланган «Супер-Инфо» 2002-жылдын май айында негизделип, алгачкы саны ушул жылдын 31-майында жарык көргөн. Замандын талабына ылайык, гезит ал кезде баш катырмаларга, тактап айтканда, сканворд, кроссворддорго басым жасап, маалыматты өтө аз камтычу.
Заман менен кошо кадам шилтеген гезит улам жаңыланып, пайдалуу, кызыктуу, заманбап жаңылыктар менен толукталып отурду. Көңүл ачуучу, маанайшат багытка басым жасап, кыргыз шоу-бизнесинин жаңы тепкичке көтөрүлүшүнө салым кошту. Окурман журтчулугу «Супер-Инфо» гезити аркылуу сүйүктүү ырчы-бийчи, өнөр ээлеринин жашоосунан кеңири кабар алып, жаңылыктары менен тааныша башташты.
«Супер-Инфо» муну менен гана токтолуп калган жок. Гезит түстүү жана сапаттуу басылмага айланып, шоу-бизнестен тышкары коомдогу көйгөйлүү, актуалдуу маселелерге кеңири орун бере баштады. Ошентип, күн сайын изденүү артында жүрүп жүз миңдеген окурмандын сый-урматына татып, Кыргызстандагы номур биринчи гезит атагына ээ болду. Бирок жаңылануулар муну менен гана токтолбой, дагы улана бермекчи.
ЖАКШЫ БОЛУУ АСТА-АСТА…
-
2006-жылдын 28-мартынан тарта «Супер-Инфо» гезитинин расмий сайты ишке кирди. www.super.kg дареги аркылуу көп кызыктуу маалыматтарды алууга шарт түзүлдү.
-
2006-жыл, 12-майдан тарта «Супер-Инфо» 24 беттүү болуп чыга баштады.
-
2006-жыл, 4-август. «Супердин» кичинекей окурмандарынын сүймөнчүгүнө айланган «Алтын балалык» рубрикасы жарыялана баштады.
-
2006-жыл, 29-декабрь. Жаңы жыл босогодо турганда кубанычтуу кабар. Гезиттин расмий сайтында супер-форум иштей баштады. Эми окурмандар интернет мейкиндигинен биздин макалалар менен таанышып гана тим болбостон, ар кандай актуалдуу, кызыктуу маселелер боюнча өз ара талкуу уюштуруп, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк алышты.
-
2007-жыл, 1-август. «Супердин» сайты жаңыланды. Ал жаңы дизайн менен гана кооздолбостон, форумга чат аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүгү кошулду.
-
2007-жыл, 21-сентябрь. «Супер-Инфо» гезити чоңойду. Башкача айтканда, 32 бет болуп чыга баштады.
-
2008-жыл, 23-апрель. «Супердин» сайты медиа-портал менен толукталды. Эми интернет мейкиндигиндеги окурмандарыбыз жаңы ырлар, клиптерди өз убагында угуп, көрө алышат. Мындай кабар ар кайсы өлкөлөрдө жүрүп, «Супердин» сайты аркылуу көп маалымат алып турган чет жерлердеги мекендештерибизге айтып бүткүс кубаныч тартуулады.
-
2008-жыл, 16-сентябрь. «Супер-Инфонун» негиздөөчүсү Кылычбек Султанов ЭлТР телеканалынын баш директорунун орун басарынын милдетин аткаруучу болуп бекитилди.
-
2008-жыл, 27-октябрь. «Супердин» сайтындагы медиа-порталда популярдуу клиптердин СуперХит сынагы старт алды.
-
2009-жыл, 23-январь. «Супер-Инфо» эми 40 бет болуп чыга баштады.
-
2010-жыл, 30-апрель. «Супер-Инфо» 3-ирет Улуттук гезит сыйлыгынын «Жылдын нускасы» наамына татыды.

Шаиста Шатманова
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Куттуктайм. Гезитинердин омуру узун болсун!
Мен силерди сүйөм Супер-Инфо! Жана 8 жашка толушуңар менен жүрөгүмдөн куттуктайм!
ЖАКШЫ БОЛУУ АСТА-АСТА… dep ozungordu "jakshy" dep kattuu ketipsinger go? meili, jakshy, orustar aitkandai sam sebya ne pohvalish, nikto tebya ne phvalit. alga.
Урматтуу форумчу, бул жерде макала тууралуу гана (!) оз ой-пикиринизди калтырсаныз болот. Ал эми макаланы жазган журналистке муноздомо беруунун зарылчылыгы жок.
Super info chyndygynda super naamga tatyktuu gezit,ui buloobuz menen suiup okuibuz.....dagy da onugo bergile ishinerge alban iygilik...Alga!!!!!!!!