Бир кездери «Жол карап өттү күндөр, коюнумда сагыныч бар» деген ыры менен «бум» болгон, азыркы тапта «Ошко, Ошко» аттуу ыры менен ыр сүйүүчүлөрдүн купулуна толгон «Таалай элеси» тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошев кандай үйдө жашаары сизге кызык болсо керек. Анда ырчынын борбор калаанын четиндеги Ак-Ордо конушундагы ак өргөөсүнө саякаттайбыз.
– Мен үчүн бул гитара ыйык. Кыргыздын залкар обончусу, өзүмдүн агайым, маркум Таалайбек Бектургановдун «Назира», «Таарынба» сыяктуу ырларын жараткан гитарасын Айым аттуу эжеси «жолун улантып, ысымын өчүрбөй жүрөсүң» деп мага белек кылган.
КОРИДОР
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Уктоочу бөөлмөдө 2 кишилик керебет менен жүк жайгашкан. Сахна адамы дайыма өзүн каранып жүрүүгө туура келет. Ошондуктан күзгүгө да орун бар.
КОНОК ТОСУУЧУ БӨЛМӨ
– Конок тосуучу бөлмөбүзгө 25ке жакын киши батат. Бөлмөнүн ичинде чоң диван, бир капталында стенка жайгашкан. Стенкада менин сыйлыктарым, эстелик катары түшкөн сүрөттөрүм, сахнага кийчү кийимдерим турат. Костюмдарды 10 миң сомдон 25 миң сомго чейинки баада тиктиргем.
Өткөн жылы кыргыз ырчыларынын ичинен менин «Ошко, Ошко» деген чыгармамдын клиби интернетте эң көп каралыптыр. 2 миллиондон ашуун каралган клибиме 800 доллар эмгек акы алдым.
АШКАНА
– Бул биздин ашкана. Келинчегим Мээрим ар дайым түрлөп тамактарды жасап, бизди ушул жерден багат.
БАЛДАР БӨЛМӨСҮ
– Бул бөлмөдө балдарым уктайт. Үйдөгү эмеректерди көбүнчө келинчегим тандайт, баары ошонун табитине ылайык жасалат.
ВРЕМЯНКА
– Үйдүн жанында 3 бөлмөлүү времянка бар. 1 бөлмөсү жайкысын менин ырларым жаралган бөлмө.Мага көбүнчө эргүү түндө келет. Ошондо времянкага кирип «Ямахам» менен обон чыгарам.
Чай маек
«ҮЙҮМДҮ ОЙЛОНБОЙ САЛЫП, ӨКҮНҮП КАЛДЫМ»
– Тотомидин мырза, сиз дагы батир издемейди башыңыздан өткөрсөңүз керек?
– Бишкек шаарына «ырчы болом, баары жакшы болот» деп 1998-жылы келгем. Бирок келгенден кийин жашоо шарт мен ойлогондой болгон жок. Келинчегим менен 2003-жылы баш кошуп, 2 уул, 2 кыздуу болдук. 2012-жылга чейин, тагыраагы, бул үйдү салганга чейин батирлеп жүрдүк.
– Кыздар көбүнчө үйү, унаасы бар жигиттерди жактырат эмеспи. Жеңемдин жүрөгүн кантип багындыргансыз?
– Жеңең мени сүйүп калып, аркамдан кууп жүрүп араң жеткен (күлүп). «Кеңеш» тобунун жетекчиси Мүзүр Мамбетов экөөбүз 1 кафеде 5 жылдай чогуу ырдадык. Ошол жерге келишкен кыздар менен таанышып, мен Мээримге, Мүзүр Гүлмирага баш кошконбуз.
– Ак эмгегиңиз менен жеткен ак өргөөңүздүн тарыхына токтоло кетсеңиз.
– 2010-жылы Ак-Ордо жаңы конушунан 4 миң долларга 5 сотых жер тилкесин сатып алгам. 2012-жылдан 2015-жылга чейин үй курдум. Жалпы 20 миң доллардай каражат кетти. Үйүм толук бүтө элек. Буюрса, ушул жылы толук бүтүрүп, үй той берүүгө камынып жатам. Чынын айтсам, үйдү куруп баштаганда эч кандай дизайнына, архитектурасына карабаптырмын. Өзүм айылдык болгондуктан кыргызча эле салып койгом (күлүп). «Саларда жакшылап ойлонуп салсам болмок» деп өкүнүп калам. «Үңкүр да болсо үйүм бар» дегендей, бул деле жакшы. Ак-Ордо конушунан башка 8 сотых жер алгам. Кудай буюрса, ошол жерге заманбап үй курсам, бул үйгө уулум жашайт.
– Каражатты чыгармачылык аркылуу эле табасызбы же башка каражат табуучу булактарыңыз барбы?
– Каражатты чыгармачылык менен эле табам. 2005-жылдан баштап кыргызда той-топур мода болуп, артисттерсиз өтпөйт. Тойлордун арты менен көптөгөн досторум, кесиптештериме кошулуп биз дагы үйлүү-жайлуу, унаалуу болуп отурабыз.
– Үйүңүздөргө кут толсун!
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg