Сапар Исаков – КМШдагы прогрессивдүү, эң жаш премьер-министр. Анын кызматка дайындалышы коомчулукта бир кылка кабыл алынган жок. Өлкөдөгү жалпы жаштар жана ушул курактагы прогрессивдүү улан-кыздар жаңылыкты толкундануу менен кабыл алып, муундардын алмашуусу мүмкүн экендигин сезишти.
«ЭСКИ» САЯСАТЧЫЛАРДЫН УЧУРУ КЕТТИ
Сапар Исаковдун келүүсү менен жаштар талапка ээ боло баштады. Министрлер кабинетинде эски кадрлар сакталып калса да, «Таза коомду» жаңы премьер-министрдин алдында чогулган жаш команда ишке ашыра баштады.
Дал ушул жаштыгы үчүн сынга алынып жаткан премьер-министр көз караштары эскирип, коомчулук тарабынан кабылданбай жаткан улуу муундагы кесиптештери жана депутаттар арасындагы тоскоолдуктарга каршы турууга мажбур болууда. Өлкөнүн премьер-министри болуп кайрадан Темир Сариев же Феликс Куловдун дайындаларын элестетүүгө мүмкүнбү? Балким... Бирок алар үчүн кыйыныраак болушу мүмкүн, анткени советтик ой жүгүртүү, эски коммунисттик иш-аракеттер кыжырдантып гана тим болбостон, сын-пикир үчүн чоң объект болуп берет.
Бизнес жашарган, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана орто звенодогу менеджерлери, мамлекеттик кызматкерлер жашарган, демографиялык процесстерден улам калктын көпчүлүк бөлүгү – жаштар эсептелген учурда жаш жетекчи үчүн тил табышуу оңойго турат. Улуу муун өкүлдөрү өз курбалдаштарынан реформаларды жана акыйкаттыкты күтүп отурбастан, жаш командага бата берүүгө даяр мамлекетте артка карай кайтпастыктын биринчи чекити коюлду.
КЫЗМАТ ОРУНДАРЫ САТЫЛБАЙТ ЖАНА САТЫП АЛЫНБАЙТ
Премьер-министр Сапар Исаковдун дайындалышынан соң өлкөдө орун алган бардык кадрдык дайындоолор төмөнкү фактыны далилдейт – министрлер кабинетиндеги орундар сатылбайт жана сатып алынбайт. Премьер-министрди туруксуз кадрдык саясатка байланыштуу сынга алышты. Ал орун үчүн акы төлөнгөндө гана туруктуу саналат, андан соң кесиптик жетишкендиктер жана кемчиликтерге карабастан, адамды ал орундан жылдыра албайсың. Акча алган соң чыда, тийиштүү мөөнөт өткүчө күт. Ал эми мында корпоративдик принцип көрүнүп турат: иштесең иште, иштей албасаң кет.
Белгилүү чөйрөдө сынга кабылган премьер-министрдин кеңешчилери – бул Сапар Исаковдун өкмөттүн ишине чынчыл жана калыптанган кесипкөйлөрдү тартуудагы чоң аракети катары айтсак болот. Кеңешчилердин дээрлик бардыгы премьер-министрге акысыз көмөк беришет. Алар өз убактысын жана ресурстарын өзүлөрүнүн өлкө жана эл алдындагы моралдык милдеттенмелерине ылайык жумшашат.
Эреже катары күчтүү адамдар эгерде лидерге ишеним артса гана анын тегерегинде чогулушат, анткени алардын башка кызыкчылыгы жок. Алар коррупциялык иштерге аралашкан эмес. Ар дайым жогорку айлык акы алып келишкен, дүйнөнүн жарымын кыдырып, эл аралык деңгээлдеги кесипкөй катары калыптанган, чоң компанияларды башкарган.
Сапар Исаков бардыгын мамлекеттик кызматка тарта алган жок, анткени анда айлык акы төмөн, бирок алар өз кезегинде мамлекетке билими, күч-аракети, байланыштары аркылуу көмөк көрсөтүүсү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн өлкө масштабында ишке ашыруусу үчүн аларды өз тегерегине коомдук кеңешчи иретинде чогулта алды.
Кызмат орундары сатылбайт жана сатып алынбайт. Мамлекетте менталдык жарака орун алып, эми өлкө «сергек акылдарга» аңчылык кыла баштады жана алардын потенциалын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт.
Жарака мындан ары карай кете берет, мындан соң «портфелдерди таркатууга» жана кесипкөй эмес жетекчилерге чыдап отурууга мүмкүн болбой калат, бул артка карай кайтпастыктын экинчи чекити.
«ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮ – ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ ЖАЛГЫЗ ЖОЛ»
Акырында эң негизгиси тууралуу. Бир жыл мурун эле «Таза коом» деген эмне экенин жана бизге санариптештирүүнүн эмне кереги бар экендигин билгендер аз эле. Бирок бүгүнкү күнү өлкөнүн алыскы аймактарында да өлкө өнүгүүсүн санариптештирүү менен байланыштырышат. Сапар Исаков коррупция менен чырмалышкан, эски, натыйжасыз мамлекеттик башкаруу тутумун бузуу программасын ишке киргизди. Аны ийкемдүү түрдө ишке ашырды. Күндөрдүн биринде уйкудан туруп, коррупция үчүн мүмкүндүктөр кыскаргандыгын түшүнөбүз.
Сизди МАИ кызматкери токтотту, сиз пара берем дейсиз, бирок аны берүү мүмкүн эмес: видеокамера сиздин аракетти көзөмөлдөп турат, МАИ кызматкеринин планшетинде сиздин унаа, айдоочулук күбөлүк тууралуу маалыматтар ачылып, ал эреже бузуу тууралуу маалыматты киргизмейинче жабылбайт, аны өчүрүп салууга жана башка кылууга да мүмкүн эмес.
Бизнесмен салыкты жашырам дейт, ал эми МСК автоматташтырылган тутуму товар сатылып алынгандан тарта кайра сатылуусуна дейре көзөмөлгө алат. Жашыруу, МСК кызматкерине пара берүү да маанисин жоготот. Тутумду автоматташтыруудан соң текшерүүлөрдүн да кереги жок болуп калат.
ИИМге арыз берүү, ишти ачуу үчүн пара берүү, алуунун кереги жок болот, онлайн арыз жазылып, кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китепчесине маалымат киргизилет, аны өчүрүү же өзгөртүү мыйзам аркылуу гана жүргүзүлөт.
Бардык мамлекеттик тейлөөлөр жөнөкөйлөштүрүлөт, жарандын мамлекет менен байланышы кыскарып, аны менен катар коррупция да азаят.
Санариптештирүү – бул артка кайтпастыктын үчүнчү чекити, кайрадан кагаз жүгүртүүгө өтүп, жол эрежелеринин бузулушун жана коомдук тартиптин көзөмөлдөнбөшү үчүн шаарлардагы видеокамераларды чечип жаткан, Бажы жана Салык кызматтарындагы автоматташтырылган тутумду жоготуп, ал жакка «Мыйзамсыз чогултууларды» камсыздаган кадрларды кайтарып жаткан, Калкты тейлөө борборлорун жана «Таза коомдун» маалымат киоскилерин сындырып, аэропорттогу электрондук дарбазаларды алдырып, мектеп жана бала бакчалардагы электрондук кезектерди жоюп жаткан келерки премьер-министрди элестетип көрсөңүздөр. Муну элестетүү кыйын. Эски системге кайтууга жарандар өздөрү да жол бербейт.
Ошентип Сапар Исаковдун артка кайтпас үч чекити көп чекиттер катары бааланышы ыктымал...
Ибрагим Жусуев