КАЗАКСТАНДА КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛИП КЫРГЫЗ ДЕПУТАТЫ КАРМАЛДЫ. ДЕПУТАТ КОНТРАБАНДА МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕНБИ?

Ушул жылдын 15-16-февраль күндөрү Казакстанда контрабандага каршы атайын операция өтүп, 35 адам кылмышка шектелип кармалган. Арасында 3 кыргыз жараны, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты да бар.


АТАЙЫН ОПЕРАЦИЯ
Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматка караганда, 2018-жылдын 15-16-февраль күндөрү Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети менен Коррупцияга каршы күрөшүү улуттук бюросу тарабынан Алматы, Жамбыл, Түштүк Казакстан облустарында жана Алматы шаарында бир убакта ири масштабдагы атайын операция өткөрүлгөн. Анда атайын кызматтардын кызматкерлери контрабанда менен алектенген деп шектелген 35 адамды колго түшүрүшкөн. Кармалгандар бажы жана чек ара кызматкерлери, брокерлер, ортомчулар, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү. Ошондой эле кармалгандардын арасында 3 кыргыз жараны, анын бири Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу да бар. Кармалгандардын 33ү соттун чечими менен 2 айга тергөө камагына алынды. Маалыматтарга караганда, жалпысы 8 кылмыштуу топ кармалган, алар контрабанда менен алектенип келишкен.

КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КАЙСЫ КЫЛМЫШКА АЙЫПТАЛЫП ЖАТАТ?
Депутат Дамирбек Асылбек уулу менен кошо Чыңгыз Абакиров жана Уланбек Мурадилов аттуу кыргыз жарандары кармалган. Бул үчөөнө Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу мамлекеттик функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу адам тарабынан ири өлчөмдө товарларды же башка буюмдардын алынып өтүшү) жана 264-беренеси (Трансулуттук уюшкан кылмыш тобуна же трансулуттук кылмыш уюмуна катышуу) менен айып тагылган. 17-февралда Алматы шаарынын Алмалы райондук соту бул 3 жарандын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫ КОРГОМОК БОЛДУ
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүү таратып, анда парламент жана спикер Дамирбек Асылбек уулу боюнча тергөөгө аралашпайт деп билдирген. Ал эми «Республика-Ата Журт» фракциясынан депутат Максат Сабиров кармалган депутат боюнча маселе комитеттерде, фракцияларда каралып жатканын билдирди. Ошондон кийин гана спикер Дастан Жумабеков Казакстандын мажилисинин төрагасына кат жөнөткөн. Анда бул иш эл аралык стандарттын алкагында иликтенүүсүн, кыргыз депутаттарына кармалган депутат менен жолугушуу уюштуруп берүүсүн суранган.

ДАМИРБЕК АСЫЛБЕК УУЛУ ТУУРАЛУУ
Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы “Кыргызстан” фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулу 1981-жылы Каракол шаарында туулган. 1993-1998-жылдары Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайынан билим алган. 2003-жылы Жалал-Абад коммерциялык институтун, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык академиясын аяктаган. 2000-жылдан баштап “АРМS” ЖЧКсынын башкаруучу директору, “Sky-Mobile” ЖЧКсынын (ред.: “Билайн” уюлдук компаниясы) атайын кат-кабарларды кайра иштеп чыгуу кызматы бөлүмүнүн башкаруучусу, “БиМоКом” ЖЧКсынын башкы директорунун кеңешчиси, “Альфа-Телеком” ЖАКсында компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана мамлекеттик органдар менен байланыш боюнча координатор болуп иштеген.
Дамирбек Асылбек уулу 2009-жылы «Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңеште депутат болгон жана ошол партиянын жаштар канатынын төрагасынын орун басары болуп иштеген. Апрель революциясынан кийин “Республика” партиясынан шайлоого аттанган. Бирок шайлоодо “Республика” партиясы 23 мандатка гана ээ болгондуктан депутаттык орун буюрган эмес. Ал эми 2015-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясынын курамында депутат болуп шайланган.
Учурда парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Ал 2016-жылга карата декларациясында киреше булагы катары бир жылда 655 миң сом айлыгын гана көрсөткөн. Декларацияга ылайык, унаасы, бизнеси, үйү жок. Бирок жакын туугандарына таандык 2 батири бар. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

ДЕПУТАТ 2 ӨЛКӨНҮН ЖАРАНЫ ЭКЕНДИГИ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ
Дамирбек Асылбек уулу спортто бир топ ийгиликтерге жетишкен. 1997-жылы Словениянын Марибор шаарындагы Дүйнөлүк чемпионатта коло медалга, 1999-жылы Ирандын Тегеран шаарында өткөн Азия чемпионатында утуп чыгып, Азия чемпиону болгон. 2004-жылы Казакстандын Алматы шаарында Азия Кубогу мелдешинде биринчи орунга татыган. 2006-жылы “Голден Гран-при” турниринин серияларында чемпион болгон жана байге жеңип алган. 1997-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын мыкты спортчусу болуп таанылган. 2012-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти жана 2013-жылдан бери “AAWC” спорттук күрөшү боюнча Азия Кеңешинин вице-президенти.
Депутат кармалгандан көп өтпөй ал тууралуу дагы жаңы жагдайлар чыга баштады. Интернет колдонуучулары анын аты-жөнү Дамирбек Асылбек уулу эмес, Динарбек Супатаев деп айтып чыгышты. Ошондой эле ал 1981-жылы эмес, 1979-жылы туулганы айтылды. Ал кадеттер арасындагы дүйнөлүк мелдешке катышуу үчүн аты-жөнүн, туулган жылын өзгөрткөн. 1997-жылы ал аты-жөнүн алмаштырып, жашын кичирейтип 16 жашка чейинки спортчулар арасында мелдешке катышып, дүйнөлүк чемпиондуктун коло медалын утуп алганы айтылды.
2001-2004-жылдары эл аралык мелдештерге Казакстандын атынан чыгып жүргөн. 2001-жылы Азия чемпиондугуна катышып, Казакстанга күмүш медаль алып келген.
Ошондой эле депутаттын кош жарандыгы бар экендиги да белгилүү болду. Ал Казакстандын жарандыгын алганын Казакстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мыйзам боюнча кош жарандыгы бар адамдар мамлекеттик кызматта иштебеши керек. Дамирбек Асылбек уулу кош жарандыгы бар туруп бир эмес, эки жолу депутаттыкка шайланып отурат.

ДЕПУТАТ МЕНЕН КОШО КАРМАЛГАН КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КИМДЕР?
Маалыматтарга караганда, Уланбек Мурадилов 1979-жылы Нарын облусунда туулган. Буга чейин Нарын шаардык кеңешинде депутат, вице-мэр болуп иштеген. Ошондой эле ал «Ак жол» партиясынын Нарын шаары боюнча координатору да болгон. 2010-жылдан кийин ал «Альфа Телеком» ЖАКсынын (“Мегаком” компаниясы) Ош жана Нарын облусундагы бөлүмдөрүндө жогорку кызматтарды аркалаган. Уланбек Мурадилов депутат Дамирбек Асылбек уулу менен чогуу 15-февраль күнү кечки 8 жарымда Бишкектен Алматыга учак менен учуп кеткен.
Ал эми 1985-жылы туулган Нарын облусунун тургуну Чыңгыз Абакиров тууралуу маалымат дээрлик жокко эсе. Анын 2012-2013-жылы “Мегаком” компаниясында иштеп кеткени гана айтылууда. Чыңгыз Абакиров акыркы жолу «Ак жол» чек ара көзөмөл өткөрмө жайы аркылуу 16-февралда саат 06:42 чамасында Казакстанга өткөн. Маалыматтарга караганда, депутат Дамирбек Асылбек уулуна эч кандай фирма катталган эмес. Ал эми Уланбек Мурадиловдун наамына бир нече компания, коомдук фонд жана күзөт агенттиги катталган. Чыңгыз Абакировдун наамына болсо «Сертификат и Ко» ЖЧКсы катталган. Ошондой эле бул экөөнө тиешелүү фирмалар бюджетке салык төлөгөн эместиги айтылууда.

«ЭМНЕГЕ КАРМАГАНЫН МЕН ДЕЛЕ ТҮШҮНБӨЙ ЖАТАМ»
Күрөш федерациясынын эркин күрөш боюнча вице-президенти Мелис Турганбаев депутат Дамирбек Асылбек уулу криминалга аралашкан эмес дейт:
-Мен Дамирбекти окуучу кезинен бери тааныйм. Жакшы күрөшчү, спортто чоң ийгиликтерге жеткен. Анын бизнеси бар болгонбу же жокпу аны билбейт экем. Милицияда иштеп жүрүп деле анын криминалга аралашканын байкаган эмесмин. Казак тарап аны эмнеге кармаганына мен деле түшүнбөй жатам.

«ДАМИРБЕК КАЗАКСТАНГА ИШ САПАР МЕНЕН КЕТКЕН БОЛЧУ»
Кыргызстандын күрөш боюнча курама командаларынын координатору Нурлан Исмаилов Дамирбек Асылбек уулунун контрабандага тиешеси болушу мүмкүн эмес дейт:
-Дамирбек Асылбек уулунун контрабандага эч кандай тиешеси жок болчу, эмнеге кармалганын билбейм. Дамирбек өзү бизнес менен алектенбейт. Биз жакында күрөш боюнча Азия чемпиондугун өткөргөнү жатканбыз. Дамирбек ошол мелдешти өткөрүүдөгү уюштуруу иштерин сүйлөшүү үчүн Алматы шаарына иш сапар менен кеткен болчу. Ал жакта Казакстандын күрөш федерациясынын вице-президенти Даулет Турлыхановго жолукмак. Ооба, негизи спорттук федерацияларга ишкерлер, меценаттар президент же вице-президент болуп жүрүшөт. Бирок Дамирбек күрөшкө кошкон салымы үчүн биздин федерациянын вице-президенти болуп шайланган. Негизинен ал уюштуруу маселелерин чеччү. Ал эми аны менен кошо кармалгандарды мен тааныбайм.


Депутат туура эмес убакта, туура эмес жерде болуп калып кокусунан кармалдыбы же ал чын эле контрабандага аралашканы үчүн кармалдыбы азырынча табышмак. Бирок кантсе да ансыз деле бийлик бутактарына, парламентке бизнесмендер, кримчөйрөгө байланышы барлар келип алды деп айтылып жатканда ушинтип эл өкүлү коңшу өлкөдө кылмыштарга шектелип кармалышы мамлекетибиздин, бийликтин аброюна көлөкө түшүрдү. Ансыз деле казак тарап кыргыз тарапты контрабандага күнөөлөп келет, ал тургай ошого шылтап өткөн жылы чек араны жаап койгону элдин эсинде.



Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан