9-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндары элдешкис Түштүк жана Түндүк Кореяны бириктирди. Эки өлкөнүн өкүлдөрү Олимпиада оюндарынын ачылуу аземинде бир желек астында чыгышты. Спортто саясат жок. Спорт согушту да токтотот.
СПОРТ ЫНТЫМАККА ЧАКЫРАТ Түштүк жана Түндүк Корея Олимпиада оюндары учурунда араздашуусун токтотушарын бир канча жыл мурун сүйлөшүп башташкан. Бул түндүктүктөрдүн ажосу Ким Чен Ындын кайрылуусунан улам болуп, атүгүл аталган өлкөнүн хоккей боюнча кыз-келиндер курама командасы Олимпиада оюндарына катышты. Алардын өкүлчүлүгү 500дөн ашуун адамды түзүп, арасынан күйөрман кыздары дүйнө жүзүн таң калтырды. Окшош кийинип, стадиондо бирдей кыймыл жасап колдоп, патриоттук ырларды ырдап турушканы Пйоңчаң оюндарына өзгөчөлүк кошту.
Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиле курч экендиги маалым, бирок спортто эмес. Лыжа фристайлында алтын медалды украиналык Александр Абраменко жеңсе, коло байгени орус Илья Буров утту. Жеңүүчүлөргө медаль тапшыруу аземинде эки спортчу бири-бирин жылуу куттукташып, эки өлкө кандай достукта болуу керектигин көрсөтүштү.
ДОПИНГГЕ КАРШЫ КҮРӨШПҮ ЖЕ ОРУСИЯГАБЫ?
Бул жолку Олимпиада Орусия менен Эл аралык Олимпиада комитетинин ортосундагы тиреши менен эсте калды. Башкы себеп “Сочи-2014” Олимпиадасында Орусия спортчуларынын көпчүлүгү тыюу салынган каражатты колдонгон деген айыптоо болду. Мунун залалы 4 жылдан кийин тийип, орус спортчуларынын көпчүлүгү бул оюндарга катыша албай калышты. Мындан тышкары Пйоңчаңда орус спортчулары мелдешке өз желеги астында чыгуусуна мүмкүнчүлүк берилген жок. Катаал жаза допингге каршы күрөш эмес эле Орусияга жасалган күрөш сыяктуу элес калтырды. КЫРГЫЗДЫ КАЛПАК ТААНЫТАТ
Пйоңчаңга эки кыргыз спортчусу катышты. Тариэл Жаркымбаев лыжа жарышта 78-орунду алса, Евгений Тимофеев гигант слаломдо 63-орунду камсыздады. Жыйынтыктар менен болбосо да биздин спортчулар сөзгө алынды. Олимпиада оюндарынын ачылуу аземинде кыргыз спортчулары кийип чыккан кийимдер жана өзгөчө калпактар көпчүлүккө жакты. "Баш кийимдер боюнча Кыргызстан бардыгынан ашып түшөт экен”, “Олимпиададан эмнени билдим? Кыргыздардын баш кийими кызыктуу экендигин” деген сыяктуу сөздөр айтылды, жазылды. Спортчуларыбыз медалдар үчүн ат салыша албаса, эмне үчүн барышат деген сөзгө бул анык жооп болду. Кыргызды калпак дүйнөгө таанытат. Бул азырынча байгесиз калган өлкөнү сооротууга жарайт.
“АР БИР СПОРТЧУГА САМСУНГ. БИРОК СИЛЕРГЕ ЖОК...”
Олимпиада баштала электе кореялык “Самсунг” компаниясы оюндардын ар бир катышуучусуна Note 8 телефону белекке берилерин жар салган. Спортчулар алышты, бирок баары эмес. Иран менен Түндүк Кореянын спортчуларына берилген жок. Буга аталган өлкөлөргө БУУ тарабынан коюлган санкция себеп болду. Бул окуя Иран өкүлдөрүнө катуу тийип, аталган өлкөдө “Самсунг” катуу сынга кабылды. Чыр Эл аралык Олимпиада комитетинин кийлигишүүсүнөн кийин гана басылып, смартфондор бардык катышуучуларга берилди. Кыргыз спортчулары медалга жетишпесе дагы бирден смартфон алышканына сүйүнүп туралы.БИАТЛОНДОГУ БААТЫРЛАР
Оюндун баатырлары биатлондо чогулушту. Олимпиаданын бүйүр кызыткан мелдеши көзгө атар лыжачылардын ортосунда өттү. Мында эркектер арасында Арнд Пфайфер, Йоханес Бё бирден алтын медаль тагынышса, француз Мартен Фуркад үч жарышты жеңип алды. Ал экинчи жарышында фотофиништин жыйынтыгы менен гана атаандашы Симон Шемпти ашып кетти. Кыз-келиндер арасында көзгө атар мергендигин Лаура Дальмайер эки жолу катары менен далилдей алса, словакиялык Анастасия Кузьмина 3-Олимпиада катары менен алтын медалга жеткен жалгыз спортчу аталды.
ТОНГА, КЕНИЯ, ГАНА...
Олимпиада кызыктуу каармандарсыз болбой койгон жок. Алардын бири Тонга өлкөсүнөн келген спортчу Пита Тауфатофуа болду. Ал “Рио-2016” оюндарында таэквондо боюнча катышкан, эки жыл ичинде лыжа тепкенди үйрөнүп, Кореяда жарышка түшүп, 114-орунда келди. Эми бул универсалдуу спортчу “Токио-2020” оюндарына суучул катары барам деп билдирди.
Ошондой эле Олимпиадада кыш көрбөгөн Кения, Гана, Нигерия сыяктуу өлкөлөрдүн спортчулары катышты.
КЫЗЫГУУ КАЙДА ЖОГОЛДУ?
Спортчуларды смартфон менен шыктандырган Түштүк Корея күйөрмандарды эмне менен кызыктырарын билбей калышкандай. Себеби кайсы мелдеш болбосун стадиондор бош. Олимпиаданын күнү бүтүп бара жаткандыгынын белгисиби же тосуп алган өлкө туура эмес тандалып калганбы, айтор, оюндар көрүүчүлөргө анчейин кызыгуу жараткан эмес өңдөнөт. Төрт жылда бир өтө турган негизги кышкы спорт саамалыгына дүйнөнүн мен-мен деген спортчулары катышууну самап келишет. Бирок хоккейчилер эмес. Улуттук Лигада кызуу оюндар жүрүп жаткандыктан, бул Олимпиаданын хоккей боюнча мелдеши эч кызыгуу жарата алган жок. Хоккей сүйүүчүлөр Сидни Кросби, Александр Овечкин сыяктуу хоккей жылдыздарынын ордуна жаш жана атагы чыга элек спортчулар келгенине күбө болушту.
АЛДЫДА НОРВЕГИЯ, ГЕРМАНИЯ...
Учурда оюндардын бүтөрүнө саналуу гана күндөр калды. Лыжа боюнча алыскы аралыкка марафон, хоккей боюнча финалдык оюндарда Олимпиаданын акыркы байгелери ойнотулат. Медалдар боюнча 21-февралга карата Норвегия (11 алтын, 11 күмүш,
8 коло), Германия (11 алтын, 7 күмүш, 3 коло), Канада (8 алтын, 5 күмүш, 6 коло) алдыда бара жатат.
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg