Ушул жылдын 9-февраль күнү Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73 орто мектепке 28 жаштагы жаран кирип, дааратканага кирген 4-класстын окуучусун зордуктоого аракет кылган. Бактыга жараша, дааратканага дагы бир окуучу кыз кирип калып, зордукчу арам оюн ишке ашыра албай калган.
“ОКУУЧУЛАР МЕНЕН ДААРАТКАНАГА ДА ЧОГУУ БАРЫП ЖАТАБЫЗ”№73 мектептин директору Раушан Ниязбеков ошол окуядан кийин ата-энелерди да мектептин ичине киргизбей калышкандыгын айтат:
– Күзөтчүнүн шалаакылыгынан ушундай жагымсыз окуяга туш болдук. Мектепте орнотулган видеобайкоодогу кадрлардан карасак, ал киши имаратка кирип оң тарапка басканда күзөтчү аны чакырган экен. Күзөт кызматкерине “3-класстагы балама келдим. Кирип чыгайын” деп суранганда күзөтчү жолду көрсөтүп берген. Бирок ал адам башталгыч класстагы кыздардын дааратканасына кирип 4-класстын окуучусуна тийишкен. Бул учурда мугалим кечигип жаткан кызды карап келүү үчүн башка окуучу кызды дааратканага жибериптир. Экинчи окуучу даараткананын эшигин такылдатканда классташы ыйлап чуркап чыккан. Ал адам болсо качканга аракет кылган. Окуучуларга рахмат, 9-10-11-класстын 4-5 окуучусу күзөтчүлөргө жардам берип кармап келишти. Кармалган адамды милиция кызматкерлерине тапшырып бердик. Ал киши “менин күнөөм жок, эч нерсе кылган жокмун” деп актанып жатты. Аны мен биринчи жолу көрүп жатам, тааныбайм.
Ата-энелер 1-класста окуган балдарын сабак бүткөнчө 1,5-2 саат күтүп турушат. Баягыдай суукта бул ата-энелерди эшикке чыгарып коё албайбыз да. Бирок азыр ата-энелерди да мектептин ичине киргизбей калдык. Мындан ары окуучулар дааратканага барганда да мугалим көзөмөлдөп барсын деп көрсөтмө бердик. Ал эми күзөт кызматы менен ата-энелер келишим түзөт, мектептин өзүндө ал үчүн каражат жок. Окуядан кийин башка күзөт агенттиги менен келишим түздүк.
“БИЗДИН КЫЗМАТКЕР КАТА КЕТИРДИ, БИРОК ШЕКТҮҮНҮ ӨЗҮ КАРМАП КЕЛДИ”
Мектептин коопсуздугуна жооп берген “Скат” күзөт агенттигинин директору Марат Кожеков ошол күнү күзөттө турган 2 кызматкерди жумуштан кетиргенин айтты:
– Ал мектеп менен келишим түзүп иштеп жатканбыз. Анда биздин кызматкерлер мектеп администрациясына баш иет деп жазылган. Башында күзөтчүлөр эч кимди өткөрүшчү эмес. Ата-энелерди дагы мектептин ичине киргизбей койгондо ата-энелер биздин кызматкерлерди уруп койгон учурлар да болгон. Ал тургай ата-энелер Билим берүү жана илим министрлигине чейин арызданышкан. Министрликтен “ата-энелер мектептин ичине киргизилсин” деген буйрук болгон. Ал мектепте 2 жарым миңдей окуучу окуйт. Анын баарын, ата-энелерин күзөтчү таанып кала албайт да. Кирип кеткен киши аксап баскан киши экен. Күзөт кызматкерине “3-класстагы балама барам” деп айтыптыр. Өзү бир бутунан аксап жүргөн адам болсо, балам окуйт деп жатса күзөтчү жолду көрсөтүп коюптур. Күзөтчү мага “аксап жүрсө боорум ооруду. Анан ал соо көрүндү. Ичимдик жыттанган болсо коё бербейт элек да” деп айтып берди. Биздин кызматкер, ооба, ката кетирген. Бирок ал кишини биздин кызматкерлер кармап, милицияга өткөрүп беришкен.
Кайгылуу тажрыйба болду десек болот. Ата-энелер да жулунуп мектепке кире берүү туура эмес экенин түшүнүп калышты окшойт. Ал күнү күзөттө турган 2 кызматкерди жумуштан кетирдик. Анын бирөөсү мурун ӨКМда иштеген, экинчиси күрөш боюнча спорт чебери болчу.
“ЖАНЫНДА БЫЧАК, МЫЛТЫК БАР БОЛСОЧУ ДЕП КОРКТУК”
Күзөтчүлөргө качып бараткан адамды кармоого жардам берген ошол эле мектептин окуучулары окуяны мындайча айтып беришти:Азамат Сагындыков:
– Биз ошол убакта балдар менен мектептин кире беришинде турганбыз. Күзөтчү байке качып бараткан кишини кармаганга жардам берип коюшубузду суранды. Башында эмне болгонун түшүнбөй эле ал кишини кубаладык. Күзөтчү байкелердин бири аны кармагандан кийин биз артынан барып калдык. Бирок жанында бычак же мылтык болсочу деп жакын баргандан корктук. Эч нерсеси жок экенин көргөндөн кийин кармашып, мектепке чейин алып келдик. 5 окуучу болчубуз, аны мектепке алып келгенден кийин өз класстарыбызга тарап кеттик. Эмне болгонун кийин уктук. Эдилбек Сулайманов:
– Ошол убакта биздин класс баарыбыз чогуу сүрөткө түшөлү деп жатканбыз. Фотографка аппараттарын көтөрүшүп жардам берип коёлу деп тышка чыксак күзөтчү байке “балдар, чуркагыла, маньяк канал жакта качып баратат” деди. Жакшы түшүнбөй эле тиги кишинин артынан чуркадык. Биз чуркап барсак күзөтчү байке аны кармап алган экен. Экинчисинин бою кичинекей киши эле, ал каналдан ары өтө албай койду. Качкан киши жыгылып отуруп каналдын аркы бетине өтүп кетиптир. Чогуу кармап мектепке алып келатсак “кесилдим” деп кайталай берди. Анысы түрмөгө отуруп калам деп корккондогусу окшойт. Мектепке жетип калганда “Мени коё берип койгулачы, чоң эле балдар экенсиңер. Кел, байке, качып кетиңиз деп коё берип койбойсуңарбы?” деди. Биз болсо “байке, сиз ушундай жаман иш кылсаңыз кантип коё бермек элек?” дедик. Ал кишинин мас экени алыстан байкалбайт, жанына жакын барганда гана билинди. Анан “мен акталам, эч нерсе кылган эмесмин” деди. “Эч нерсе кылбасаңыз эмнеге качтыңыз?” деп сурасам, жооп бере албай койду. Селсаякка деле окшошпогон, аксап баскан киши экен. Сырттан караганда бул киши андай кадамга барат деп ойлобойсуң. Мектептин директору кийин бизди чакырып, грамота тапшырды жана 500 сомдон акчалай сыйлык берди.
“МЕКТЕПКЕ КИРГЕН ЖАРАН МАС БОЛГОН”
Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Адыл Оморов бул иш боюнча тергөө жүрүп жатат дейт:
– 9-февраль күнү саат 10дор чамасында №73 орто мектептин ичине белгисиз жаран кирип, 4-класстын окуучусуна карата ыплас иш-аракеттерди жасаган. Милиция кызматкерлери окуя болгон мектепке барганда күзөтчү менен окуучулар ал адамды кармап, күтүп турушкан. Кылмышка шектүү Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну, 1990-жылы туулган М. уулу М. соттун чечими менен 2 айга камакка алынды. Ошол учурда анын мас абалында болгону аныкталды. Ал өз сөзүндө буга чейин соттолбогонун билдирди. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg