Айбек Карымов, ырчы: «6 ЖОЛКУ ТОНООДОН 1 МИЛЛИОН СОМДУК ЧЫГАШАГА УЧУРАДЫМ»

Ырчы, обончу Айбек Карымовдун үйүнө 6 ирет ууру кирип, бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Жыйынтыгында ырчы кылмыштардын бети ачылбай жатканына байланыштуу укук коргоо кызматкерлерине нааразы болуп, ИИМге кат жолдогон.


“МЕНИН МИЛИЦИЯМ МЕНИ КОРГОЙБУ ЖЕ КОРДОЙБУ?”
Окуянын чоо-жайы түшүнүктүү болуш үчүн Айбек Карымовдун ички иштер министрине жолдогон нааразычылык катынан кыскача берели:
“Сиздерге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: Мен бир жылдары Ички иштер министрлигинин ансамблин жетектеп, милиция кызматкерлеринин маданий иштерин тейлеп, аз да болсо мекен, эл, жер үчүн ак кызмат өтөп, милиция кызматкерлери менен эриш-аркак иштеп жүрүп жарым-жартылай милиция болуп калган окшойм. Азыркыга чейин милиция кызматкерлерине жан тартып, алардын түйшүгүн сезип турам. Өз учурунда кыргыз милициясынын маршын да жазгам. Бирок акыркы эки жылда негедир милиция кызматкерлери менин ишеничимди, менин эле эмес, элдин ишеничин актай албай калды көрүнөт. Менин милициям мени коргойбу же кордойбу деген эки анжы ойдо турам.
Милиция кызматкерлери чындап эле издеп жатышабы же бул ишке өздөрүнүн дагы тиешеси барбы деген бүдөмүк ойлор келүүдө. Болбосо эмнеге бир кичинекей айылдан ал кылмышкерди табууга мүмкүн эмес? Биздин акыркы үмүтүбүз, ишеничибиз укук коргоо кызматкерлеринде эле. Бул кылмыштын бети ачылабы же түңүлүп кала беребизби?..”


“ИЗДЕП ЖАТАБЫЗ ДЕГЕН ЭЛЕ ЖООПТУ АЙТЫШАТ”
Бул окуя тууралуу билүү үчүн ырчы мырзага байланышып, төмөнкүдөй жообун уктук:
– Былтыр Сокулук районунун Ак-Жол айылындагы үйүбүзгө 5 жолу, быйыл 5-январда алтынчы ирет ууру киргенинен ушундай кайрылуу жасоого туура келди. 2017-жылы жайында үйдөн телефон уурдаган жигитти өзүм кармап бергем, ал жоопко тартылдыбы, жокпу билбейм. Калган беш кылмышкер азыркыга чейин кармалып жазасын ала элек. Ар бир тоноо болгон сайын айылдын аймактык тескөөчүсү келип, протокол түзүп кетет. Бирок “издеп жатабыз, табылбай жатат” деген эле жоопту беришет. Жыйынтык болбогондуктан ички иштер министри Улан Исраиловдун атына кат жазып, бул маселеге көңүл буруп коюусун өтүндүм. Азыр бул иш министрдин жеке көзөмөлүндө турат. Кылмышкерлер табылып, өз жазасын алышса, келтирилген чыгымдарды төлөтүп, жоопко тартсак жакшы болмок.

“УУРУЛАР АЙЫЛДАГЫ 20 ЧАКТЫ ҮЙГӨ КИРГЕН”
– Былтыр жайында уурулар дагы бир жолу киргенден кийин коопсуздук чараларын көрүш керек экен деп, үйдүн ичи-сыртына видеокөзөмөл орнотуп, атайын уруксат менен травматикалык тапанча сатып алгам. Ага да карабай баалуу буюмдарды жана ошол тапанча салынган сейфти кошо уурдап кетишкен. Видеобайкоочу камерага жүзү так жана даана түшүп калган жигиттин сүрөтүн милицияга басып чыгарып бергем. Бирок милиция тарабынан натыйжа болгон жок. Ал ууру учурда эмне кылып жүрөт, дагы кандай кылмыш жасаганын ким билет? Башка кылмыштарга тиешеси жок деп ким кепилдик берет? 6 жолку тоноодон кеминде 1 миллион сомдук чыгашага учурадым. Уурулар биздин эле эмес, айылдагы 20 чакты үйгө кирген. Уурулардын жортуулу улана бергендиктен, коопсуздук үчүн январь айында үй-бүлөмдү Бишкек шаарындагы үйүбүзгө алып келип алгам.


"ТЕРИШТИРҮҮ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ"
ИИМдин маалымат кызматы бул иш боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
– Ушул жылдын 20-февралында Айбек Карымовдон анын үйүнө бир канча ирет ууру киргендиги, жергиликтүү милициядан натыйжа болбой жаткандыгы тууралуу даттануу каты түшкөн. Убагында Карымовдун арыздарынын негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү деңгээлде териштирүү иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул боюнча ИИМдин криминалдык милициясына, Сокулук райондук ИИБинин жетекчисине ишти тыкыр кароо тапшырмасы берилди.


Алтынай Тынышова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
vikidiki
2018-02-27 11:17:29
тиги уруулар да тоо журок го, видеонаблюдения га карабай кирип атышканына караганда.Табылшса экен эми.
+8
Elnuram090
2018-02-27 11:41:25
Чепуха ерунда какая деп атышкандырда милициялар конул болбой озуно сак бол кошунанды ууру тутпа деп койгондур дагы адамдын кыжырына тийип таап беришсин ар ким оз бешенеси менен нан таап жесин
+6
kanu
2018-02-27 22:45:36
Elnuram090,байланышы бар да милициялардын болбосо колунун изинен 2 кундо таап чыгып атышпайбы
+5
Pandora
2018-03-01 12:45:03
kanu,Колунда перчатки туратго
0
Nanei
2018-02-27 12:21:02
Колдорундагы туктору кантет???
+9
sumaika
2018-02-27 17:21:32
Nanei,мен да ошону айтайын дегем
+2
Guli.89
2018-02-27 12:30:04
Уурунун фотосунан бери бар экен..кантип эле кармай албай жатышат тушунуксуз..ар бир адамга ыйман берсин
+10
Suluu4a
2018-02-27 18:07:45
Бизде да ушу тема...
+1
alisha00
2018-02-28 07:28:08
Ууру красавчикко
+3
Aruujanshaxi
2018-03-01 00:23:59
alisha00,Карымовдун кирип отурсаң сени да уурдап кетсин красавчик
+5
Zainidin96
2018-03-01 00:50:33
Кылмыш кырк жылда да билинет дейт бир куну колго тушот бул жактан кутулганы менен тиги дуйнодо кутула албайт
+2
kechirmeni
2018-03-05 08:43:06
Уурулар коркпой бир нече ирет киргенине жана табылбай жатканына караганда милиция менен байланышы бар го дейм.
0
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан