СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ: «БӨТӨН ЭЛДЕ МИГРАНТ БОЛГОНЧО, ӨЗ МЕКЕНИҢДЕ ДЫЙКАНЧЫЛЫК КЫЛГАН ЖАКШЫ»

"Аймактар өнүкмөйүнчө күчтүү өлкө курулбайт. Аймактарды өнүктүрүү менин ишимдин артыкчылыктуу багыты". Бул пикирди президент Сооронбай Жээнбеков 20-февралда Баткенде 2 күндүк иш сапарынын алкагында тургундар менен жолугушууда айтты. Өлкө башчысы 20-февралда Исфана, Сүлүктү шаарларынын жана Лейлек районунун тургундары менен жолугушту.
«Аймактардын негизги маселеси – бул социалдык объекттерди куруу, инфраструктураны, ирригацияны өнүктүрүү, калкты таза суу менен камсыз кылуу, жумушчу орун түзүү жана айыл чарба продукциясын сатуу. Аймактарды өнүктүрүү менин ишимдеги артыкчылыктуу багыт. Ал бир жыл менен чектелбейт»,- деди өлкө башчы. Андан сырткары Жээнбеков өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчөтүлөрүн, бул иште ал элге таянарын айтты. Ошондой эле чек ара маселеси боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келип, Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жанданганын кошумчалады.
Ажо 21-февралда Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушту. Анда баткендик ишкерлер үчүн жакшы шарт түзүп, миграция агымын азайтууну пландап жатканын билдирди. «Мамлекет жер-жерлердеги ишкерлерди колдоо максатында банктардан, фонддордон жеңилдетилген насыяларды алууга жардам берет. Каражат адилеттүүлүк менен региондорго бөлүштүрүлөт. Бөтөн өлкөдө мигрант болгончо, өз мекениңде дыйканчылык кылып, мал баккан жакшы. Андыктан биз аймактарга иштөөгө ыңгайлуу шарт түзүшүбүз керек»,- деди Жээнбеков.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 799, 23-февраль -1-март, 2018-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан