Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион долларды Кыргыз өлкөсү үстөгү менен 480 миллион доллар кылып кайтарат. Маалыматты ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында «Электр станциялары» ишканасынын директору Узак Кыдырбаев айтты. Аталган каражат 20 жылдын ичинде Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөнүп бүтүшү керек.
Учурда депутаттык комиссия ЖЭБди модернизациялоого кеткен 386 миллион доллардын кандай иштерге, кандай суммада иштетилгенин иликтөөдө. ЖЭБди жаңылоо келишими түзүлүп жатканда Энергетика министрлигин Осмонбек Артыкбаев, «Электр станциялары» ишканасын Салайдин Авазов жетектеп турган. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү жоопкерчиликти аталган чиновниктерден суроо керектигин айтышты. Учурда Осмонбек Артыкбаев Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат, ал эми Авазов шаардык кеңештеги КСДП фракциясынан Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланган. 2013-жылы ЖЭБди модернизациялоо долбооруна жооптуу болгон мекемелер аралык комиссияга Артыкбаев төрагалык кылгандыгы айтылды. Аталган комиссия 2013-жылы ЖЭБди жаңылоого талапкер ТВЕА компаниясынын чакыруусу жана каржылоосу менен «сүйлөшүү жүргүзөбүз» деп Кытайга барып келишкен. Комиссияга мүчө болгондордун бешөөсү учурда парламент депутаты. ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсык боюнча депутаттык комиссия жыйынына Осмонбек Артыкбаев менен Салайдин Авазовду чакырышып, бирок алар келишкен жок. Депутаттык комиссиянын иши 1-апрелге чейин узартылды.
Ал эми 19-февралда өкмөттүн мекемелер аралык комиссиясы ЖЭБдеги авария боюнча өз корутундусун жарыялады. Биринчи вице-премьер-министр, өкмөттүк комиссиянын төрагасы Аскарбек Шадиевдин айтымында, авария ЖЭБдин кышка даяр эместигинен жана кызматкерлердин баш аламан аракетинен улам келип чыккан. Жыйынтыгында өкмөткө ЖЭБдин бир нече кызматкерин иштен алуу жана «Улуттук энергохолдинг» менен «Электр станциялары» мекемесинин жетекчилерине катуу сөгүш берүү чечими кабыл алынды. Ошентип коомчулукта буга чейин айтылып келе жаткандай эле негизги жоопкерчилик катардагы кызматкерлерге тийип, тармакты мындай абалга алып келген чиновниктер жазасыз калышты.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg